– Ой ал жөн эле сыр көрсөтүп жаткан го? – деп Турдукан кенебей туруп калды.
– Ботом, сен дагы адамсың го, колдорун карачы, тырышып калыптыр.
– Тим кой, өзү эс алат, жөн эле коркуткусу келип жатса керек, – деп дагы деле ийибеди Турдукан.
– Ай Турдукан, өлүп калса сен жооптуу болосуң, тур молдо чакыр, – деп Салкын айтканда гана кетти, ал үйгө келген Салкындын көзүнчө атайын жасап жатат деп ойлогон эле, экөө сүйлөшүп отургуча түш болгонун байкабай калган эле.
– Эмне деп жатасың, эмнеге өлмөк эле? – деп келип, келининин түрүн көрүп чындап коркуп кетти, – Эмне доктур чакырайынбы?
– Доктур эмес молдо чакыр, арууркаган го, бол эрте, – деп колун ушалап жаакка ургулады, – Жамийла, тур-тура гой, көзүңдү аччы айланайын, – дегенде тишин кычыратып көзүн аңтара чиренип булдуруктаганда Турдукан шашыла туруп кетип жатып босогодон Сагынбек менен беттеше түштү.
– Каякка? – деди ал аялына.
– Сагын, тиги молдону чакырып келе калчы.
– Эмне болду?
– Тиги-и, тиги Жамийла жыгылып калды аруусу бар окшойт.
– Эмне? – деп чоочуп эшиктин алдында келинин кучактап отурган Салкынды көрүп чоочуп кетип жетип келди, – Эмне болду буга?
– Кир жууп отуруп эле жыгылып калды, – деди Турдукан күнөөлүүдөй жер карап, – Оорусу бар го?
– Болду, Мамат молдого барып келейин, – деди да шашыла чыгып кетип көп өтпөй эле молдону алып келди, Жамийла алиге чейин көзү аңтарылып, колдору тырышып жаткан, аны үйгө киргизип жаткырып коюшкан болчу. Мамат молдо ага дем салып отуруп:
– Келиниңер катуу коркуп калган, деди, анан колун кармап тамырын көрдү, – Кой бойлуу да болсо керек, этият кылгыла.
– Кой бойлуу, келгенине он беш күн зорго болду го? – Турдукан молдону ишене бербей карап калды, ал молдону жактырбаса дагы аргасыз көнгөн болчу, атеисттик заманда далайлар молдо-кожого ишенбей “каапыр” боло баштаган эмеспи, Турдукан дагы мугалим болгондуктан ишенчү эмес.
– Кош бойлуу экенин анык, жүрөгү катуу түшкөн, бирдемеден чоочуп калган го, үч күн дем салайын, жакшы болуп кетет, – деди Мамат.
– Өзүнүн оорусу болсо керек дейм: – деди Турдукан.
– Инш-шалла, оорусу билинбейт, жаңы гана корккон түрү бар.
– Эмнеден коркот? – деп мурдун чүйрүп отуруп калды, ошол кезде Турат келип калды, суналып жаткан келинчегин, аны тегеректеп отурган ата-энеси менен Салкынды көрүп делдээ туруп калды, бир аздан кийин гана:
– Жамийлага эмне болду? – деп сурады.
– Ооруп калды, – деди Турдукан өзүн күнөөлүү сезип.
– Эмнеси ооруйт, жакшынакай эле жүрчү эмес беле?
– Кайдан билебиз балам, отур дем салып жатат, – деди Сагынбек.
– Доктурга алып барбай эмне кылып жатасыңар анан, молдого болчу беле? – деди суроолуу карап.
– Кой балам, тынч отур, коркуп калыптыр, – деди Салкын, – Мындайда доктур жардам бере албайт.
– Кызык, азыр молдого ишенип болобу? – дегенде Сагынбек аны тим отур дегендей белги берди эле унчукпай калды, мунун сөздөрүн уккан молдо терикпеди, анткени азыр молдого ишенгендер чанда гана болчу, көпкө дем салып анан кетти, Жамийла ал кеткенден кийин көзүн ачты, башын көтөрүп кайнатасын көрө тура калды:
– Мага эмне болду?
– Жат, жата бер балам, бизди коркутуп ийдиң.
– Жо-ок турайын, – деп өйдө болмок болгондо Турат кармай калды, башы тегеренип көзү караңгылап кетти дагы, – Башым айланып жатат да.
– Жүрү бөлмөгө кеттик, бирдеме ичтиң беле?
– Жо-ок…
– Апа, али эчтеке ичкен эмес тура, – деп Турдуканды карады.
– Азыр, мен чай даярдай коеюн, – деп шыпылдай ашканага кирди: “Кудай уруп эчтеке иче элек тура, бирдеме болсо, мен күнөөлүү болом, кой ал деле адам баласы эмеспи, баса бул кайдан кош бойлуу болуп калат, тийип тийе электе эле кантип болсун, мында бир сыр бар боюна болуп калып эптеп Туратка тийип абийирин жапкысы келген го, аңкоо балам ошону да билбегенин кар, жаш неме кыз жубанын билди дейсиңби”, – деп ойлонуп чай алып кирди, – Жакшы сезип калдыңбы өзүңдү? – дегенде Жамийла ылдый карап жооп берди:
– Ооба жакшы элемин.
– Жакшы болсоң угуп кой, боюңда бар экенин жашырып жапкың келип эле Туратка жармашыпсың, ал белгилүү болду оңолуп ал да акырын үйүңө кет! – дегенде келинчегине үйрүлүп жаткан Турат ыргып турду:
– Эмне деп жатасың апа?
– Ошо боюнда бар экен мунуңдун.
– Жамийла, ошондойбу мен билген эмесмин, – Турат келинчегин эки бетинен өөп, -ң Биз балалуу болот экенбиз да ээ? – деди кубана.
– Эй маң баш, кандай түшүнбөйсүң ыя, кеминде эки ай болуптур, мунун келгенине он беш эле күн болду го?
– Апа, бул менин балам, аны өзүм билем.
– – Калп, сени жөн гана куулук кылып алдап жатат! – деп заарын чача караганда бөлмөгө Сагынбек баш бакты:
– Эмне болуп жатасыңар?
– Ата, апам мындайын койбосо Жамишти алам да бул үйдөн чыгып кетем, – деди Турат.
– Жөн жүрсөң боло, балдардын тынчын албай, жүрү чай берчи, мен жумушка кетем, – деп Турдуканды бөлмөдөн алып чыгып кетти Сагынбек, – Тим кой, өздөрү билсин, жалгыз балаңа асылып эле калдың, – деди бөлмөдөн чыккандан кийин.
– Балаңды урушкандын ордуна мени тыясың да.
– Аларга мүмкүнчүлүк бер да, сени билимдүү мугалим деп ким айтат?
– Эми сен калдың эле, балаң тилимди албай жатканы аз келгенсип, – деп чай-тамагын булкулдай алып келди, түштөнүүгө келген Сагынбек кардын тойгузуп алып кайра кетти, Жамийла чай ичип алып жатып калды, анын жанында Турат үстүн кымтылап жатты:
– Эми түзүксүңбү жаным?
– Ооба, сен эч жакка кетпечи.
– Сени ээрчитип кел дегенинен сага келгенмин да.
– Ким?
– Сейит, келин ала качып келишти, улагын союп казанга салып коюп келгенмин да, – деди Турат.
– Анда дагы кетесиңби?
– Жо-ок, барбай эле коем го?
– Мен деле бара берейинчи.
– Өзүң дурус элесиңби?
– Азыр жакшымын, жыгылганымды өзүм билбей калыптырмын.
– Сен экөөбүз эми үчөө болобуз, уулубуз мага окшош болот ээ? – Турат эңкейип келинчегин өптү.
– Кыз эле болсунчу.
– Эмнеге?
– Мага кыз жагат, – Жамийла эркелей карады.
– Макул-макул, сен каалагандай эле болсун.
– Мен барайынбы?
– Өзүңдү жакшы сезсең кийин кеттик.
– Жакшы элемин, – Жамийла кайненеси менен бир үйдө калгысы келбей эртерээк кийинип, башына жоолук салынды да Туратты ээрчий кошо чыгып келе жатканда верандада отурган Турдукан:
– Эми эле өлө турган болуп жатпадың беле, кайда жөнөдүң? – деди.
– Апа, классташым үйлөндү, Жамийланы алып кел деген.
– Апей, кечээ келген келин айылчылайт деген эмнеси, деги бирдеме көргөн немесиңби ыя, келин көрө элек кайнагаларың көрүп калса уят эмеспи, кир үйгө, – деди ачуусу келе.
– Апа, эски салатты койгулачы, азыр эч ким андай дебейт, – Анан Жамийлага карады, – Жүрө бер кеттик, бизди күтүп калышты. Алар эшикке чыга бергенде Турдукан жулкуна жетип келди:
– Менин тилимди албасаңар кайрылып бул үйгө келбегиле!
– Чын айттыңбы апа? – деди Турат токтой калып.
– Турат унчукпа, мен кала берейин, – Жамийла эне баланы уруштургусу келбей колун бошотту, – Сен эле барып келчи.
– Болбойт, – деди Турат орой, – Эгерде айтканыңыз чын болсо артыман издебегиле, эми мендей балаңар жок! – деди да Жамийланы колунан ала ылдамдай басып кетти.
– Кайда барып баш калкалайсың* – деген Турдукандын сөзүн уккан дагы жок, абдан ызалуу: “Өз ата-энемдин жасаган мамилеси өттү деги, жер чукуп иштесем дагы үй-бүлөөмдү багам, эми мен жаш бала эмесмин, адамча жашоого кудуретим жетет”, – деп ойлонуп бара жатты. Ошол күнү классташтары менен бирге болуп ойноп-күлүп отуруп анан таңга маал тарашты, Турат Өмүрбек деген классташынан жыйырма беш сом сурап алды да Жамийла экөө шаарга кетип калышты.
– Байбиче, Тураттар көрүнбөйт да, – деди кечинде келген Сагынбек.
– Сейит үйлөнүптүр, ошонукуна кетишти.
– Аа-а мейли, жаштар эмеспи.
– Өздөрүн өздөрү билип калышты го?
– Кой тим кой, башкысы балам бактылуу болсо болду.
– Ким билет, жанагысы жакшылык кылбайт го?
– Анте бербе, ушул Туратты кандай гана тилек менен көрдүк эле, бактылуу болушсун, – деп Сагынбек жамбаштай кетти.