Литмир - Электронная Библиотека

– Сен мындай эмес элең Туку.

– Ушундай болуп калдым.

– Мен дагы сени бир кезде кандай экениңе карабай үйлөнгөн элем, ата-энем каршы болгон жок, сенин мындай болооруңду кайдан билдим Туку, жалгызыбызды жабыркатып албайбызбы деги? – Сагынбек аялына ойлуу карады.

– Сен менин тегимди эми эсиңе келтирдиңби, ата-энем андай эле жаман эмес болчу, бирок ичкиликти оозуна алган эмес.

– Ооба, болгону жоро бозо кайнатамсыз өтчү эмес, керек болсо биз үйлөнгөндө дагы шеринени башкарып ичкиликтин тазасын ичип жүргөн эле…

– Ооба, алар өз мезгилинде болгон.

– Азыркынын дагы өз мезгили бар Туку.

– Ошондо дагы абайлашы керек, ал биздин жалгыз балабыз.

– Турат деле ойлонот да.

– Ойлонсо ал кызды эбак таштамак.

– Акыры баары ордуна келет.

– Билбейм, жүрөгүм бир нерсени сезип турат, балабыз тилибизди алат деп ойлобойм, – деп Турдукан аялдын адаты катары ыйлап басылды, – Тураттын тагдыры мени ойго салчу болду.

– Болбосо айтканын кылгандан башка чарабыз жок.

– Жок, андай болбойт, мен өлсөм дагы ага жол бербейм.

– Анда күтөбүз, акырындык менен унутуусун талап кылуу керек, – алар ошентип сүйлөшүп отурганда Турат кирди.

– Кайда жүрөсүң балам? – деди Турдукан ага ачуулу карап.

– Менин кайда жүргөнүм силерди кызыктырабы? – Турат ызалуу ата-энесин карады.

– Уулум, ошентпи апасына айтат бекен?

– Ошого өзүңөр жекирдиңер.

– Эмне кылайын деген оюң бар деги?

– Мен бир гана нерсени суранам, Жамийлага үйлөнүшүмө каршы болбогула, – деди Турат экөөнү алмак-салмак карап.

– Болбойт, андан көрө аны унут! – деди Турдукан мисирээ.

– Кое турчу, – деп Сагынбек аялын тыйды, – Баланын сөзүн угалыбы?

– Ата, мени сөзүнөн кайтат деп ойлобогула, мен сүйүүнү баалайм, кадырлайм ата, өз каалаганыма үйлөнөм же менден кутуласыңар.

– Токтой турчу, – деди Сагынбек ага көңүл бура карап, – Ал кызды ошончолук эле сүйөсүңбү?

– Ооба, ансыз мен бул дүйнөдө жашай албайм.

– Мм, – Сагынбек оор улутуна отуруп калды, араны саамга тынчтык өкүм сүрдү, ата-бала, эне өз-өздөрүнчө ойго батып тынчтыкты бузгусу келбе, сөз башталса дагы эмне деген сөздөр чыгат дегендей мелтирешет, – Демек сөзүмдөн кайтпайм дечи, – деп Сагынбек Туратты карады көптөн кийин.

– Ооба, мен айтканымдан кайтпайм, – деди Турат, анын оюнда ата-энеси акыры макул болот деген үмүт чоң эле, бирок ал жаңылышты, анын бул сүйүүсү акыры келип өлүмгө алып келээрин сезбеди, болгону ал ата-энесинен мээрим күттү, ал ойлогондой Турдукан көгөрө каршы болуп туруп алды. Аңгыча оңду-солду камчыланган мезгил өз кезеги менен өтүп убакыт күзгө таяды, Жамийланын боюна болуп калганда Турат экөө айласын таппай сүйлөшүп отурушту.

– Турат, мен эмне кылам эми, элге журтка уят болгонго өлгөнүм жакшы го, ата-энем менен эл биле электе мени алып кет.

– Атамдарга айтамын, көрөсүң го алар аябай кубанышат, күз келди эми экөөбүз бирге болобуз.

– Ошондой болсун, жүзүм карайбаса болду.

– Коркпо алтыным, сени жер каратпайм, – деп Жамийланы өз үйүнө узатып анан үйүнө келди, Турдукан кир жууп жаткан, Сагынбек жок болчу, өз бөлмөсүнө кирип атасы келгенче күтмөк болгон Туратты Турдукан токтотту:

– Ай бала кайда жүрөсүң ыя?

– Менин кайда жүргөнүм кимди кызыктырат?

– Мени менен акыйнек айтышпай жөн сүйлө.

– Атам келгиче жата турайын, – деп Турат кирип кетти, анын бул кылганы өзүн тоготпогондой сезген Турдукан артынан кирди:

– Бу сен качан адам болосуң ыя?

– Айбан болсом кечип таштагыла да.

– Оң сүйлөбөй калдың го, деги башыңды такыр айлантып койгон окшойт? – деп кыжыры келе жатып алган баласынын үстүндөгү одеалды сыйрып ыргытты, – Тур деп жатам, же мени угасың, же ошол аракечтин кызын угасың!

– Мама…

– Болду сүйлөбө, мен сенин энеңмин, мен айткандай болушу керек!

– Андан көрө бул үйдө сага орун жок дегениңиз оң болмок.

– Ооба, Жамийла дей берсең сага орун жок!

– Болуптур, – деп жиндене чыгып бара жатып атасы менен беттеше түштү, – Ата…

– Эмне болду уулум?

– Эчтеке, – Үйдөн чыгып эшиктин алдында басып жүрдү, ичтен ата-энесинин үндөрү угулуп турду:

– Туку, баланы тим койсоңчу.

– Болбойт, мен баламдын тагдырын кайдагы бирөөгө тапшыра албайм, андай эле үйлөнө турган болсо мен өзүм кыз таап алып берем, – Турдукан өз билгенин кое бербей жатты.

– Баланы кыйнап алган жокпузбу?

– Кыйналбайт, балалык кылып жатат, али бала эмеспи.

– Деги жакшылык менен бүтсө болду, – Сагынбек отуруп алып ойлонуп калды, Турат алардын сөзүн угуп ызалана дарбазадан чыгып кетти: “Мени бала дешет тура, көрсөтөм силерге, мен эми Жамийланы үйгө алып келем”, – деп жолугушчу жерине барса кыз келе элек экен, саамга күтүп турган соң келип калды.

– Көпкө күттүрүп койдумбу? – Кыз ажарлуу жылмайды.

– Эчтеке эмес, сени өмүр бою күтүүгө даярмын.

– Чынбы, ошончолук сүйөсүңбү? – Экөө кучакташып өбүшүп турду, айлананы караңгылык каптай баштаган, Турат дароо кызды кучактаган колдорун бошотуп жүзүнө тике карады.

– Менин кандай сүйгөнүмдү сен кайдан билесиң, жүрү азыр үйгө барабыз, – деп колдон алды:

– Турат, эмне деп жатасың?

– Мен айткан соң аный дебе, – Болбой колунан тартты.

– Турат, алар мени кабыл алышпасачы?

– Алат, эгерде кабыл алышпаса биз башка жакка кетебиз.

– Кайда барабыз?

– Сен мени сүйөсүңбү? – Турат ага кайра тигиле карап калды.

– Ооба, жанымдай сүйөм.

– Анда мендик болушуңду каалайм.

– Кеттик, кандай толкун сел болсо дагы кайылмын, – Жамийла Турат менен жетелешип жөнөдү.

– Мен сенсиз жашай албайм Жамийла, алар мени бала дешет, балалык кылып жатат, бул сүйүү эмес деп мени тоготушпайт, ошондуктан аларга сүйүү кандай күчтүү болоорун далилдейм, – деп кетип жатып сүйлөп бара жатты.

– Бекер кылып жаткан жокпузбу?

– Эч качан, акыры түшүнүшөт.

– Корком Турат, таптакыр терс айланышсачы?

– Андай болбойт, көрөсүң го, алардын менден башка алардын эч кимиси жок, баш ийбеске аргалары да калбайт, – Турат ишенимдүү сүйлөдү.

– Ата-энеңди оңтойсуз абалга калтырып коебуз го?

– Жок жаным, алар түшүнүшсүн, экөөбүздүн бири-бирибизсиз жашай албасыбызды, – Аңгыча алар көчө аралап үйүнө жакындап калышты.

– Акырын басчы Турат, күйүгүп кеттим.

– Мына жетип калдык, – Турат ачык турган дарбазадан кирип барып үйдөгү бака-шаканы угуп токтой калды, ал жалаң гана Жамийланы ойлой берип атасынын туулган күнүн унутуп коюптур, жылда ушул күнү Сагынбек жакшы санаалаш эки-үч гана достору менен чогуу белгилемей адаты бар, Турат ичинен кым деп алды: “Эң сонун болду, дал ушулардын көзүнчө алып кирем, унчуга албай калышат”, – деп ойлонду да Жамийланын колунан бекем кармап алып бака-шака түшкөн бөлмөнүн эшигин ачты, баары босогону карап үн катпай тунжурап калышканда:

– Ата, туулган күнүңүз менен, ушул күнү сизге атайын келин алып келдим! – дегенде Сагынбек аялын карады, Турдукандын өңү бузула ордунан тура калды:

– Турат, бул эмне кылганың?!

– Келин алып келдим апа.

– Чыккыла эшикке! – дегенде Жамийла артка карай тартынды эле Турат кое бербей туруп алды:

– Турдукан, Сагынбек уулуңар азамат тура, андан көрө башына жоолук салгыла, – деди Шайлоонун аялы Ырыс тура калып, – Келин дагы жакшылык болот, жалгыз балаң үйлөнүп жатса мунуң туура эмес.

– Туура-туура Саке, жакшылыкты артка кайтарган болбойт, башыңарга баш кошулду, – деди Шайлоо, баары жаалап ийгенде Турдукан ичкери кирип жоолук алып чыкты, болгондо дагы жуулган эски алып чыкты, анткени отургандардан уялды:

– Даярдыгым жок эле, келе гой эми бул да болсо сала турайын, таң атса дүкөндөн ала коебуз, – деп Жамийлага салып жатып эч ким байкабагыдай кылып ууртунан чымчый, – Сени мен уулумдан алыс жүр дебедим беле?! – деди да артына кайрылды, – Эми жүгүнүп кой кызым, сен эми бизге келин болдуң, – деп күлгөн болду, анын жүзүнөн кубанбаганын сезип эле турушту, бирок кызып калган немелер сүрөп жиберишти:

– Бай бол, бар бол айланайын бактылуу болгула! – Андан кийин Турдукан төркү үйүнө төшөк салып аларды киргизди, достору сыртка чыгып кеңешип туруп аялдарын үйүнө жүгүртүп көйнөк жоолук алдырып арак-шарап толтуруп түнү бою эки жашка бакыт таалай каалап жатышты, эртеси дем алыш болгондуктан Сагынбек таң атпай короосундагы эчкисин алып келип уул келинине чаап эл чакырып ырым-жырымын жасап жатып калышты, Тураттын классташтары, Жамийланын курбу кыздары келишип оюн-күлкү менен бул эки жаш бактылуу болуп отурушту, андан соң Жолдоштун үйүнө киши жиберишти. Баары ойдогудай эле болуп жатканы менен Турдукан Жамийланы караган сайын көзү менен атып бечара кыздын оозундагысы тамагына тыгылып: “Бул мага жакшылык кылбайт го, бекер эле келипмин, Тураттын көңүлүн кантип кыям, анын үстүнө бузулуп да калдым, башка бирөө ала качып кетсе шерменде болмокмун”, – деп ойлонуп көңүлү сууп отурду. Мунусун достору менен улам кирип чыгып жүргөн Турат байкабады, ал чексиз бактылуу болчу, бирок ал бул бактысы көпкө узабасын сезген жок, болгону жүрөгү сүйгөн кыз жанында болуп, жаш жүрөгү толкунданып башка эч нерсени ойлогусу келбейт эле. Ошентип кечинде Жамийланын төркүндөрү кууп келишти, туугандары чогулуп тозуп алышты, Турдукан кудаларын анча жактыра бербей кийитти начар коюп жеңетайына бир кой менен беш жүз сом, кешикти эптеп салып берип узатып жиберди. Күн сайын келин көрүп келип кетип жаткан эл суюла баштаганда Сагынбек аялына карап мындай деди:

3
{"b":"665364","o":1}