– Аа-ай аке, – деген Азимбек аргасыз агасынын аманатын аткарды, Жолдош малды айдап үйүнө келди.
– Кызымдын көзү болбогондон кийин бул малынын кимге кереги бар, алып барып бер, – деп Тоту ачууланды, бирок эл деген эл да Сагынбектин акыйкат чечимине ыраазы болуп аны тыйып койду. Тоту кичинекей наристени ичинен жек көрүп колуна албай жүрдү: “Туулбай жатып ата-энесин жуткан шүмшүк десе, кайдан да эрге тийе койду эле”, – деп жээрип туруп алды. Жамийла кайненесинин өзүнө каршы экенин, асылып жатканын ага айткан эмес. Убакыт деген билинбей өтөт эмеспи, ал бат эле өтүп билинбей Жаркынай сегизге чыгып чекилдеген татынакай кыз болуп өсүп бара жатты. Сагынбек болсо эки-үч ай төшөктө жатып көз жумган. Турдуканды сиңдиси ооруканага жаткырып койгон, ал катуу айнып калган, жакын-алысын деле тааныбай күлүп каткырып, өзүнчө сүйлөп жүрө берет. Кырк беш жашында өзүнүн ким экенин билбей адам катарынан чыкты, сиңдиси ыйлап-сыктап врачтарга кайрылып дарылатып жатып акырындап өзүнө келе баштады, кийин үйүнө алып келди эле ар бир бөлмөгө кирип, өзү кармаган буюмдарды көрүп эсине бир нерсе түшкөндөй отура калып эчкирип жиберди:
– Эже, бир нерсе эсиңе түштүбү? – деди кубанып кеткен Урматкан.
– Ооба, баарын эстедим, – деп бакырып ыйлап жатты.
– Капаланбачы эже, андан көрө небереңди көрөсүңбү?
– Эмне? – деп делдээ карады Турдукан.
– Тураттын кызын айтат, ал окуп калбадыбы.
– Ыя, ошончо убакыт өтүп кеттиби, а-а Сагынбек кайда кеткен?
– Эже-е! – Урматкан эжесин кучактап ыйлап жатты, – Жездемден дагы айрылып калганбыз!
– Эмне-е…
– Өзүңдү карма эже, тагдырдын жазганына арга барбы?
– Жамийла мага кызын көрсөтөбү анан?
– Эже, ал төрөгөн соң өткөн, ал дагы жок…
– Менин кесиримден болду баары, неге мен тирүү калдым, мен кудайга жакпаган иш кылдым, кантип ушунча күнөөнү жүктөнүп өмүр сүрөм? – деп ыйлап жатты Турдукан, баары кеч болуп калган эле, адам ката кетирбөө үчүн миң ирээт ойлонуп, кабыргасы менен кеңешип анан иш кылса пенделер күнөөдөн алыс болмок. Бирок учурунда эч кандай ойлонбостон ката кетирип алып кеч болуп калганда өкүнүп калышат, оңдогус кемчиликтин арты адамды өлөр-өлгүчө убайымга салып өтөт. Турдукан өзүнүн каталыгын кеч түшүндү, жалгызынан калган небересинин жүзүн кароодон уялды: “Эми мен сенин чоң энеңмин деп кантип бармак элем, Сагынбек байкуш туура чечим кылган экен, бул үйдө эми мен тура албайм, уулумдун арбагы мени кечирбейт”, – деп ичинен сыздап жатты.
– Эже, Самат азыр кой алып келет, мен камыр жууруюн, Турат менен жездеме куран окуталы, – деди Урматкан.
– Мейли садага, өзүңөр билгиле.
– Көп чөгө бербе эже, өзүң жакында эле сакайдың.
– Ошо эсиме келбей эле кете бергеним жакшы эмес беле?
– Кой антпе, сен үчүн Самат экөөбүз кандай гана убара тартып, врачтар менен сүйлөшпөдүк эже, балдарды дагы карабай сенин жаныңда болдум, – деп Урматкан чыйпылыктап ийди, – Сегиз жыл бою эже, жетимиш тогузунчу жылдан бери ойлосоң, мага сенин амандыгың каниет, энеден экөөбүз эле болдук, кантип кыям?
– Айланайыным ай, мендей акмак эжени кечип койбойт белең, өзүмдүн кылганым көз алдымдан кетпей бул үйдө тура албайм эми, ошол уулумдан калган бир чырпыкка буйрусун, Сагынбек туура чечим кылыптыр…
– Ооба, биз дагы ошентип ойлодук.
– Эртең Жаркынайды көрүп келелиби?
– Жок бара албайм.
– Эмнеге эже?
– Аты Жаркынайбы? – деди Турдукан кайра.
– Ооба, жездем өзү коюптур.
– Байкуш, көрүп кеткен экен да.
– Ооба, көрүп анан атып коюп кыз болуп калганына өкүнгөнүн Азимбек айтты мага.
– Оолда-а байкушум ай! – деп ийди Турдукан.
– Көп кейибе эже, ооруп каласың.
– Кудай сактасын, – деп үшкүрүп алды, аңгыча Урматкандын күйөөсү Самамт кой алып келип калды, арыдан бери боорсок жасап, койду союп кирди, Турдукандын келгенин билгендер кирип куран окутуп жатышты, анын жакшы болуп калганын көрүп тамшанып да, таңгалып да, ушактап да жатышты.
Сагынбек менен Туратка куран окутушту, ал күнү ошол жерде болуп эртеси Урматкан менен Турдукан ээрчише мектеп жакка бара жатты. Ала шалбырт болгондуктан жер ылай эле, Урматкан эки-үч жолу барып Жаркынайды көргөн, аны тааныгандыктан келээр жолун карап күтүп турганда тыкылдап сумкасын асынып, барпырата вантик таккан кызды көрсөттү:
– Эже карасаң, Тураттын эле өзү.
– Кана, кана көрөйүнчү, – деген Турдукан көздөрүнө толгон жаш тозуп сүйлөй албай мукактанып бүткөн боюн калтырак басып кетти.
– Жаркынай! – деди утурлап Урматкан, – Кел, келе гой.
– Таеже! – деп кыз келип кучактап калды, колундагы конфетти карматып эки бетинен өөп, – Жакшы окуп жатасыңбы? – деди.
– Ооба, жакшы окуйм, – деп Турдуканды жал-жал карады.
– Кел садага, чоң кыз болгон турбайсыңбы? – деп кызды эңкейип өпкөндө анын көз жашы кыздын бетине тамып кетти.
– Сиз кимсиз, эмнеге ыйлап жатасыз? – деди Жаркынай такылдап анын тамган жашын сүртө, Урматкан эжесин карады, ал “айтпа” дегендей оозун кымтый басып кетти.
– Ал менин эжем болот садага, эми окууңа кире гой, бул акчага керектүүңдү алып ал ээ? – деп жүз сом берди.
– Сиздин эжеңиз болсо менин таежем тура ээ?
– Ооба, эми дагы келем, жакшы окугун ээ? – деп Урматкан кызды кучактап дагы бетинен өөп жөнөттү, Турдукан бул кезде жүрөгү сыздап, өзүн-өзү жектеп жер карап көз жашы жүзүн жууп кетип жаткан.
– Эже, ыйлай бербечи, – деди Урматкан жете келип.
– Ушундан көрө алардын артынан эле өлбөй неге тирүү калдым, менин күнөөм жер көтөргүс Урмат, көз көрүнөө өлтүрбөдүмбү, неге балдарыма каршыгып туруп алганымды билбейм, жалгызымдын туягынын жүзүнө кантип чоң энеңмин демек элем, мен анын туулушун да каалабаганмын, мендей жексурду тирүү жазалагысы келген экен да кудай таала, – деп шолоктоп ыйлап жатты. Урматкан улуу кызын кошуп берип Турдукан үйүндө калды, ага колу-коңшусу эртели кеч кирип чыгып жатты, баягы курбусу Салкын келди бир күнү:
– Сени келди деп эле уктум да келе бердим, Бишкектеги уулумдун үйүндө жүргөнмүн, – деди учурашкан соң.
Конец ознакомительного фрагмента.
Текст предоставлен ООО «ЛитРес».
Прочитайте эту книгу целиком, купив полную легальную версию на ЛитРес.
Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне МТС или Связной, через PayPal, WebMoney, Яндекс.Деньги, QIWI Кошелек, бонусными картами или другим удобным Вам способом.