Литмир - Электронная Библиотека

Токол

Заман өзгөрүлгөнү адамдардын пейили, кулк мүнөзү башкача болуп эл дегендин арасында купуя сыр калбай эле баары ачыкка чыгып шардана болуп, жакшысы да жаманы да гезит бетине жарыяланып жатпайбы. Не деген калк элек? Кыргыз калкы илгертеден ар намысын бек тутуп, жаманын жашырып, жакшысын чыгарып, аш тойлорду оюн күлкү менен кыз оюн, ат чабыштардан моокумдары кана байге алып, балбанын атагы обого чыгара мактап, эли сыйлап турган эл эле…

Эми гезит бетинен эмнелерди гана окубайбыз, эл башындагы төбөлдөр эл менен иши жок эле так талашып саясаттын сасык оюндарын ойноп, үй-бүлөөсүн чет өлкөлөргө көчүрүп коюп калдайган кыргыз журтунун ырыскысына кол салып ичип жеп качып кетип жатышпайбы. Чиновниктер сойкуларды жок кылуу керек, эки аял алуу менен сойкулук жоюлат дегени менен сойкулар ошол бойдон калууда, ач көздүк, байлыкка манчыркагандыктан ошол эле чиновниктер жаш кыздардын тагдырын талкалап, аларды колундагы жансыз буюмдай колдонуп жатканы кимди гана болсо өкүндүрбөй койбойт. Неге адам, анан дагы улуу журттун жараны катары элибиздин улуу салтын ар намысын сактоонун ордуна өз жерибизде, өз мекенибизде туруп өз кыздарыбызды чулгоочо оронуп, ал шыбоо сыяктуу кайра ыргытылып калганы кандай өкүнүч. Мен бул чыгармамда ошол тагдыры гүлдөгөн кезинде уйпаланып калган бир гана кыздын тагдырын жазгым келет. Бул эгерде колдоруна тийип жок дегенде көз жүгүртүп калса намысын ойготоор, аз да болсо атуулдук сезими козголуп өз карындашындай, кыздарындай кээде небересиндей кыздарды тепселеп таштап кеткенин токтотоор, эл үчүн кызмат кылаар деген ойдомун. Эмесе сөз башынан болсун, бул бир төрөлгөндө эле тагдыр аны башынан сылап койбогон, ата-эненин жүзүн көрбөй калып таежесинин колунда кордук көрүп өскөн Жаркынай деген көз жөнүндө болмокчу…

Жамийла менен Турат, мектепте окуп жүрүп эле бири-бирин сүйүп сүйлөшүп жүрүшкөн. Тураттын атасы Сагынбек совхоздо белдүү кызматкер болуп иштечү, апасы Турдукан мугалим эле, Турат жалгыз баласы болчу. Алар жалгыз баласын окутуп-чокутуп адам кылууну ойлошчу, оо алардын тилеги абдан ыйык анан бийик болчу, уулуна эч нерсени теңечү эмес… Жамийланын атасы Жолдош ичип алып үй-бүлөөсү менен иши жок жүрө берчү, апасы Тоту мээнеткеч аял, контордо шыпыргыч болуп иштечү, үч баласын тооктун жөжөсүндөй кылып алтымыш сом айлыгы менен багып жаткан. Жамийла менен Тураттын ортодогу мамилеси онунчу классты бүтүп жатканда баарына белгилүү болуп калды, бул шыбыш Турдуканга угулуп калып адегенде Жамийланы чакырып алды:

– Кел кызым отур, – деди кызды жаман көргөнүн билгизбегенге аракет кылып, – Мен уккан ушак чынбы?

– Эже…

– Түз, чындыгын айт!

– Эже… мен…

– Турат экөөңдүн мамилеңер мындан ары өтпөшү керек, сенин дагы тагдырың бар өзүңчө, кыскасы Тураттын жанына жолобо! – деди Турдукан ага катуу эскертип, ал үндөбөй контордон чыгып кетти. Ал классына кирип ызасын зорго токтотуп партада отуруп сабак бүткөнчө эптеп чыдады.

Түш ченде сабактан тараары менен Жамийла шашылыш үйүн көздөй жөнөдү, онунчу а класста окуган Турат анын артынан жете келди.

– Жамийла, эмнеге менин кыйкырганымды укпайсың?

– Турат, мен ооруп турам, – деп Жамийла басыгын токтотподу.

– Эмнеге, ооруп калдыңбы?

– Ооба.

– Эмнеге мени менен сүйлөшкүң келбей калган, мени карачы, – деп Турат анын алдын тосту, – Ооруп турсаң мен деле кармабайм, бирок сен капалуусуң го, айтчы ачыгын, эмне болду?

– Турат, жолумду тозбо, мен сага эсеп бере албайм! – деп аны кыз көкүрөккө аста түртө жолуна түштү.

– Жамийла, экөөбүздүн кечээги эле сүйлөшкөн сөздөрүбүз кана?

– Ал эми жок!

– Эмнеге?

– Ошого!

– Турат! – деди аларды сыртынан акмалап келе жаткан Турдукан, – Ал кызды жайына кой!

– Ма…

– Уят эмеспи, орто жолдо кызды уялтканың, элге кеп кыласың, – дегенде Турат саал ойлоно калды: “Чын эле уялып калса керек, ансыз деле бизди бүт мектеп “Олжобой менен Кишимжан”, – деп жүрүшпөйбү, башка балдар кат менен сүйлөшсө мен күндө жанындамын, кой уят кылбайын”, – деп ойлонуп апасын көздөй басып барды, – Экинчи ал кыздын жанынан көрбөйүн, – деди Турдукан кетип бара жатып:

– Эмнеге мама? – Ал кезде кээ бир чоңдордун, жетекчилердин балдары “мама, папа” дешчү.

– Ал кыз сага тең эмес экенин билип жүр!

– Мама…

– Болду, калганын үйгө барганда сүйлөшөбүз, – деди Турдукан, ал чынында абдан катаал аял эле, жалгыз баласын канчалык жакшы көрсө ошончолук катуу кармачу. Көбү аны жеткен мерез аял дешчү, апасынын түрүн көргөн Турат унчукпай алдыга басып кетти, үйүнө келгенче ар кайсыны ойлонуп көңүлсүз кийимин алмаштырды: “Эмнеге Жамийла мага тең эмес, жакшынакай сулуу кыз, мен аны, ал мени сүйөт, эмнеси бар экен”, – деп ойлонуп өз бөлмөсүндө жатып алды.

Ошол бойдон уктап калган экен, Турдукан аны ойготпой тамак жасап андан кийин күйөөсү келген учурда гана кобур-собурдан ойгонуп кетти, туруп бөлмөсүнөн чыгып келе жатып токтоп калды.

– Балаңа акыл-насаат айтпайсыңбы, кайдагы бир ичкичтин кызы менен мектепте роман болуп кетти, – деген апасынын сөзүн угуп тыңшап калды.

– Ким экен ал? – деди Сагынбектин коңур үнү.

– Жолдош деген, аны ким тааныптыр.

– Бала да азыр, тоок сүйүүсүдүр, – Сагынбек кайдыгер үн катты.

– Баары ошол баладан башталаарын билбейсиң, сүйөм-күйөм деп ошол кызды алам деп туруп алса кантесиң?

– Андай болбойт, уулумду быйыл экономфакка киргизем, сүйлөшүп койдум, – деди Сагынбек камырабай.

– Сагынбек, сен кенебейсиң, кайдагы бир ичкичтин кызын биз кантип келин кылабыз айтчы? – Турдукан жиндене кый      кырды.

– Кыскасы кандай кыз экен өзү?

– Эмне аны көргүң келип жатабы?

– Бала деген бала да байбиче, аны дагы бирөө балам деп сен экөөбүз сыяктуу эле бапестеп багат, сүйөт эркелетет, кой байбиче, мынчалык зулум болуунун аягы жакшылык менен бүтпөйт.

– Мен эч качан аны келин катары кабыл албаймын, эгерде Турат менин тилимди албаса анда мен экөөңдү тең кечип коем! – деп Турдукан ашканага кирип кетти.

– Байбиче, азыр жаштарга эрегишүүгө болбойт, – деп Сагынбек отуруп калды. Буларды угуп турган Турат акырын келип атасынын жанына отурду:

– Ийи уулум, сабагың кандай?

– Жакшы, – деп жер карады Турат, эмелеги ата-энесинин сөздөрү анын кулагынан кетпей туруп алды: “Демек булар менин Жамийланы сүйгөнүмдү каалашпайт, анын атасынын ичкенине кандай тиешеси бар, ата-эненин күнөөсүн баласы тартышы мүмкүн эмес”, – деген ойду ойлоп отурганда:

– Турат, окууну бүтөөрүң менен Фрунзеге экономфакка тапшырасың, – деди Сагынбек уулун карап.

– Мен окубайм, аял алам.

– Эмне? – Сагынбек баласын каштарын жыйрып тикирээ, бүркүтчөсүнөн обдула карап калды, – Ой бала, эмне деп жатасың?

– Окубайм! – деп бурк этти Турат.

– Неге, апаң экөөбүздүн үмүт тилгебиз сенде экенин билесиң го?

– Мен окугум келбегенин айттым го, анын үстүнө окууну жакшы билбесем эле тапшыра бермек белем?

– Аны кой, киши бар, сүйлөшүп койдум.

– Кереги жок.

– Көрдүңбү? – деп Турдукан ашканасынан чыга келди, – Мунун башын алиги чарайнадан чыга элек ичкичтин кызы айлантып койгон.

– Мама, мен ал кызды өзүм сүйөм!

– Сүйүү-күйүү, мындайдын баары жомок, атаң экөөбүздү ата-энелерибиз эле үйлөндүрүп койгон, мына жакшынакай эле жашап жатабыз го?

– Сүйүп көрбөсөңөр айта бересиңер да, кардым ачты бирдеме ичиресиңерби деги? – Турат ордунан тура калды.

– Отур! – деди Сагынбек уулун жекире карап, – Сүйүү дейт тура, сен эмнени билипсиң, сүйүү деген жакшы иштеп мансаптуу болуу, кызматың болсо баары болот, апаңдын иши бар, менин кызматым бар, жашоо кудайга шүгүр, андан башка сүйүүнү көрө элекмин.

– Жүрөгүңөр жок, силер мени түшүнбөсөңөр бир күнү менден кутуласыңар! – деп Турат эчтеке ичпей туруп кетти, ата-эне унчукпай тиктешип отуруп калышты, бирок дал ошондогу Тураттын сөзүн электен өткөрүүгө алардын кудурети жетмек кайда, ички сезим, аздек туюмду алар сезбейт да болчу, себеби аларга бакыт деген кызмат менен гана жакшы жашоо чектелген эле. Ошол бойдон алар уулунун кандай абалда экенин байкашпады, Жамийла Туратка жолугуп сүйлөшкүсү келбей кача берди. Убакыт аккан суудай аркырап өтүп онунчу класстардын мектепти бүтчү убактысы дагы келди. Жамийла окууга бара турган чамасы жок болчу, аргасыз бир жыл совхоздо иштеп бир жылдык жолдомо менен барганга аракет кылып апасынын ордуна конторду жууп иштеп калды. Турат окууга ата-энеси канчалык сүрөп жакшы да жаман да айтып үндөсө дагы барбай койду. Бир күнү ал Жамийлага жолугуп:

1
{"b":"665364","o":1}