– Жамийла, үйлөнүп алалы, мен сенсиз жашай албайм, – деди.
– Сен бул сөздү өзүң айтып жатасың, ата-энеңдин кааларын же каалабасын билбейсиңби, – деди кыз.
– Мен жалгыз баламын, мени алар угушат.
– Анда ошолордон уруксат алып кел, мен макулмун, эгерде алар каршы болушса мага калп айтып келбе, ансыз дагы менин өз жашоомдогу маселелер өзүмө жетиштүү, – деп кыз басып кетти, Турат үйүнө келип:
– Ата, мен үйлөнөм, – деди капалуу.
– Макул, окубай деги койдуң, кайсы кыз экен ал?
– Жамийла.
– Кимдин кызы? – деп Сагынбек сурап отурганда Турдукан: “Ошол ичкич менен бет маңдайлашып кантип чай ичебиз?” – деп туурадан чыкты:
– Эмне, алар адам эмес бекен?
– Адам деген адамдай жүрөт, Жамийланын атасы ичкич, ал адамдын же малдын айрымасын билбейт, адам деген аты бар гана макулук, – деди Турдукан жиндене.
– Мама, сиз энесиз, анан мугалимсиз, сизди билимдүү деп ким айтат, адамды кордоп жатпайсызбы, – деди Турат.
– Ооба, мен биринчиден энемин, сенин энеңмин, сени бактылуу болсун дейм, мугалиммин балдарга тарбия берем.
– Сиз тарбия бергенде адамды жаман жакшы деп бөлгөнгө үйрөтөсүзбү? – деди Турат апасын тикирээ карап.
– Жок, мен балдарды тартиптүү болсун, ата-энесин сыйласын, билимге умтулсун дейм, бирок өз баламды тарбиялай алган жокмун.
– Мен кылымда бир кайталанчу сүйүүгө кабылдым мама, мени силер түшүнбөсөңөр ким түшүнөт, анда мен өз сүйүүм үчүн календер болуп жеп кезүүм керекпи? – деди Турат жаны кашая, – Эгерде макул болсоңор мен Жамийлага үйлөнүп анан окууга тапшырам, болбосо менден үмүт үзгүлө? – деди да үйдөн чыгып кетти. Сагынбек менен Турдукан тиктешкен бойдон кала беришти. Турат ошол күнү Жамийлага жолукту, ал экөө сүйлөшүп көпкө чейин отурушту:
– Эмне болду, ата-энеңе сүйлөштүңбү? – деди Жамийла.
– Сүйлөштүм, кайда бармак эле акыры макул болушат да.
– Сен ошондой деп ойлойсуңбу?
– Анан кандай ойломок элем, алардын жападан жалгыз баласымын Жамиш айтканымды аткарбаска аргалары да жок, – деп Турат кызды белинен имере кармап өзүнө тартты, – Кел өбүшөбүз.
– Уят го?
– Эмнеси уят, биз бири-бирибизди сүйөбүз да, же сен мени сүйбөйсүңбү?
– Сүйөм, сени сүйбөсөм жаныңда отурат белем? – Кыз наздуу жылмайды, – Корком Турат.
– Коркпо, атамдар билимдүү адамдар, баары бир бизди түшүнүшөт, – деп кызды ой боюна койбой кучактап өөп койнуна колун салды, өмүрү эркектин колу тийе элек тырсыйган эки алмасына колу тийгенде кыз ичиркенип алды:
– Турат болдучу…
– Койчу жаным, өзүңдү менден ала качпасаң.
– Качкан жокмун, – Кыз онтолоп ийди, анткени ага жигитинин назик кармалаганы жага түшкөн эле, балакатка жетип жигит кыздарды самап калган учурда кыздарда дагы бир туюк сезим пайда болуп эңсөө жаралат эмеспи, андан ары экөө тең эмне кылганын сезбей калышты, бул ыйык сезимге төбөдөгү гана жылдыздар күбө болуп, каалгыган ай кара булут астына жүзүн жашырды, анткени эчендеген адам тагдырын сиңирип дүйнө жүзүн түнкүсүн кыдырып чыккан ай дагы бул сүйүүнүн күбөсү болуп турганына өкүндүбү же кайгырдыбы ким билет? Бул дүйнөдө жылдыздар толгон айдын жарыгында миллиондогон пенделер ашыгы менен аймалашып канчалаган бей күнөө наристелердин жаралышына күбө болуп келе жатпайбы. Бирок пенделер эч качан анысын күнөө деп эсептешпейт, ортодо бир наристе жабыр тартат…
– Жамиш.
– Оов.
– Эми сен меникисиң, буйруса күркүрөгөн күздө тоюбуз болот.
– Чынбы?
– Сөз берем.
– Ишенем.
– Магабы?
– Сүйүүгө, анткени биз бири-бирибизди сүйөбүз да.
– Алтыным десе, мындан ары биз бир гана денебиз.
– Түшүндүм, – деди кыз үлдүрөй жигитин мойнуна колун орой, ага азыр эмелеги лаззат керек эле, канчалык ооруксунуп турса дагы жүрөгүнөн, чын дилинен сүйгөн адамы менен кошулуу бакыт экен деп түшүндү, бир топко чейин белден келген тулаң үстүндө оонап бири-бирине рахат тартуулап жатып араң бөлүнүштү. Жамийла мынча кеч калчы эмес, Тоту тынчсызданып конторго барып аердегилерден сурагандан тартынып кайра келип үйүндө күтүп жатты.
– Кайда жүрдүң? – деди ал кирээри менен эле.
– Кыздар жолугуп калды апа, – Жамийланын жүзү албыра жооп берди.
– Кайсы кыз, ушул убакка чейин эмне кылып жүрдүңөр?
– Назинин үйүнө бардым, анан кеч болуп калды деп…
– Экинчи кечикпей жүр, эгерде кыздарың менен кетсең айтып коюп кет, – деп Тоту жатчу бөлмөсүнө кирип кетти. Жамийла азыр абдан бактылуу эле, биринчи жолу эркек менен болгонго жаштыгы денесине сыйбай толуп ташып турган кыз эртеңи эмне болоорун аңдаган жок, тек өзү каалаган адамга этек ачтырып анын жыргалына батуу бакыт экенин сезди: “Турат экөөбүз үйлөнүп калсак бактылуу жашасак апам эмне демек эле, Турат деле ата-энем көнөт дебедиби, сүйүү бизди алдабайт, бактылуу болобуз”, – деп өз ордуна жатып ойлонуп жатып кеч уктады, эртеси бүткөн бою ооруксунуп тура албай жатканда апасынын кирип келе жатканын билип башын көтөрдү:
– Ойгондум апа.
– Тур кызым, конторду жууп шыпыруу керек.
– Мына азыр, – деп эптеп туруп жумушуна жөнөдү. Турат ата-энесине таарынып баягы бойдон сүйлөбөй кечке үйгө келбей кечинде кеч келип жатып алат. Турдукан ага ого бетер жини келип сүйлөгүсү келбей көрсө да унчукпайт, анысына ого бетер өчөшкөн Турат алар жокто тамак ичип алып кетип калат.
– Мен уулумду кантип тарбиялаганымды билбейм, – деп Турдукан курбусу менен сырдашып отурду.
– Эми жалгыз балаң болсо эмне кылмак элең? – деди Салкын жай гана.
– Жалгыз балама ошол ичкичтин кызын алып беремби анан?
– Өзүң билесиң курбум, балдарды тарбиялаган, билип берген аялсың, ар бир баланын ар башка кыял-жоругунун болоорун түшүнгөн кезиң, мен андай да мындай да айта албайм.
– Эч качан андай пас жерден келин албаймын.
– Ал өз каалооң.
– Сүйөм-күйөм дегени өтүп кетти, ушул дүнүйөнү, тапкан ташыганымды, бир канча мал бар, баарын бир жуксуздун кызына ушунча дүнүйөнү бергим келбей турганын билесиң да.
– Сен экөөбүз эчтекени чече албайбыз, бир алланын колундагы пендебиз, баарын алла чечет курбум.
– Мен кудай жок деп балдарга сабак берем, кызык экенсиң, баары адамдын колунда, жасайм дегенин жасаса болот, – Турдукан өз билгенин кое бербей жүрөгүндөгү нерсеге баш ийбей турду.
– Кой Турдукан, сени да, башканы да, жаныбарлар менен курт-кумурскаларды да жасаган жалгыз кудай экенин билип жүргөнүң жакшы, бул дүйнөдө улук кудай гана, жалгыз алла, менин атам жалаң намаз окуп жүрүп өттү дүйнөдөн, себеби мына бул замандын келиши ага өтө эле оор болду окшойт.
– Эмнеге?
– Себеби кудай дегендер жоголуп кетти.
– Кызык экенсиң, кудай барбы өзү? – Турдукан ага жаман көзү менен карады, – Кудайдын бар экенин мен дегеле көргөн жокмун.
– Турдукан, ошондо дагы кудай деп сүйлө, баарыбызды жараткан жыргаткан дагы кудай, ушул ааламды жалгыз гана кудай өзү тейлейт, жан-жаныбарларды дагы жашатып керек болсо алган ошо кудай, кээ адамдар кудай берген ырыскысын көтөрө албай ар кандай кадамдарга барат, бирок ушул жашоонун баркын билген ким бар экен? – деди салкын, анткени анын ата-энеси ошол кудай жок деген атеисттик заманда дагы балдарына ыйманды, экинчи дүйнө бар экенин үйрөтүп бир күнү жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө көчкөндө бул дүйнөдө кылган кылмышыңдын азабын чын дүйнөдө тартаарын айтып кетишкен адамдар эле. Салкын ичинен Турдукандын сөздөрүнө капа болгону менен баары бир курбусунун сөзүн кыя алмак эмес.
– Кызыксың Салкын, сен эскиче жашап жаткансың го?
– Жо-ок, кудайдын жолу менен жашаганым анык.
– Сен экөөбүз бир пикирге келе албайт экенбиз, – деп сөзүн бүтүрдү Турдукан, Салкын дагы унчукпай үйүнө кетти, Турдукан курбусуна жини келди, өзүн түшүнбөгөнгө ызаланды, акыры эмне менен бүтөөрү белгисиз дүйнөнүн табышмагын ким билиптир. Көпкө ойлонуп бир пикирге келе албай турганда Сагынбек келип калды:
– Турат үйдөбү? – деди ал келип эле.
– Жок, аны бүгүн көрбөдүм.
– Кайда жүрөт болду экен?
– Ким билсин, жанагы аракечтин кызы менен жүргөндүр?
– Көп эле ошенте бербесеңчи.
– Анда эмне кылайын, ошол кыздын алдына жыгылып кечирим сурайынбы? – деп айкырды Турдукан, аялынын бул кейпин көрбөгөн Сагынбек таңгала карады.