– Байбиче, келинди болсо алдык, азыр мал семиз убакта той берели.
– Той-пой бербейбиз, – деди Турдукан ачуулу.
– Дагы баштадыңбы, маңдайы жарык өңдүү-түстүү эле келин болду, анын күнөөсү кайсы байбиче?
– Күнөөсү жок, жактырбаган жерге баса көктөп кирген неме жакшылык кылмак беле, кандай келсе бир күнү ошондой кетет!
– Кой байбиче, мындай сөзүңдү менден башка бирөө укпасын, уулуңдун кандай бактылуу болуп жүргөнүн байкадыңбы, жалгызыбыздын шаабайын суутпай тоюн өткөрөлү, – деп Сагынбек акырын аялын көндүрмөк болду. Бирок Турдукандын угаар түрү жок, алар ошентип сүйлөшүп жатканда төркү бөлмөдөн чыгып келе жаткан Жамийла баарын укту, бирок бир дагы сөзүн Туратка айтпады.
– Жамиш, бактылуусуңбу жаным? – деди Турат он беш күндөй өтүп калганда.
– Ооба, абдан бактылуумун, – Ойлуу сүйлөдү.
– Сен чын дилиң менен айткан жоксуң, капасыңбы мага? – Үйрүлө өзүнө тартты.
– Жо-ок Турат, мен аябай капалуудай көрүнүп жатамбы?
– Ооба, жүзүңдө капа турат.
– Кабатыр болбо, балким үйдөгүлөрүмдү сагынып жаткандырмын.
– Андай болсо барып кел.
– Ошол болчу беле?
– Эмне болмок эле?
– Күйөөгө тийген кыз жөн эле барса уят.
– Анда кантиш керек?
– Төркүлөткөндө барат да, – Жамийла анын эчтекени билбегенине күлкүсү келди, – Сен такыр билбейсиңби?
– Жо-ок, түшүнбөйт экенмин.
– Мейли, акыры баарын билгенге дагы жетишесиң.
– Алтыным, мен сенин жүзүңдөн күлкү гана көргүм келет алтыным.
– Кой эми жаталы, мен өзүмдү бактылуу гана сезип жатамын, кабатыр болбо, – деп Жамийла күйөөсүн жубатып коюп жатып калды, бактылуу жаш жубайлар бири-бирине жеткенине жетине албай бактынын кучагында мемиреп уктап кетишти. Таң эртең менен Турат сыртка чыгып кеткенде аңдып тургансып Турдукан кирип келди:
– Сен биерге уктаганы келдиң беле? – деп үстүңдөгү төшөктү сыйрып алды, – Жыландай болуп баламды арбап кирип келдиң, эми менин ыдыгыма чыдай алсаң жашайсың, чыдабасаң кетесиң! – деди да кайра шарт эле чыгып кетти, – Ич кийимчен бүрүшүп отуруп калган Жамийланын өңү боппоз болуп нестейип туруп калды, көзүнөн жаш чыкпады, башына ой келбеди, же төшөктү кайра жамынып алуу эсине келбеди, Турат сыртка чыгып ажатканадан келе жатса классташы келиптир, ал таң атпай өзүн чакырып келген, анткени ал дагы үйлөнмөк болуп жаткан эле, аны менен сүйлөшүп ичке кирсе Жамийланын тырышкан бойдон отурганын көрүп чоочуп кетти.
– Жамиш, сага эмне болду, Жамиш дейм?! – деп жаагына жумшак ургулаганда гана зорго эсине келди, – Ө-өч, коркутуп жибердиңби, эмне болду жаным?
– Эчтеке, ооруп турат окшойм, – деп али денесинин калтырагы кетпей жооп берди.
– Бирдемеден чоочудуңбу?
– Жок, – Жамийла кийинип туруп сыртка чыгып бара жатып кайненесин көрүнүп калабы деп коркуп ажатканага кирип эки жагын каранып зорго кайра чыгып ашканага кирди, негедир жүрөгүнүн түккүлдөгөнү токтобой туруп алды, муздак суу ичип чай коеюн десе ал коюлуптур, эмне кылып жагынаарын билбей турганда Турат кирди, экөө турганда Турдукан кирди:
– Катын жандуу болдуң да балам, жаман эркек катын кул болот дегендей эркектей болсоң боло? – деди каарый.
– Апа, жаңы эле турдум, кардым ачканынан эле…
– Аны аялыңа айт, хан менен бектин аялындай түшкө чейин жата бербей эрте турсун, минтип жүрсө сени курутат го? – деди силкине.
– Апа, жаңы эле таң атты го?
– Катыныңа болушпай ишиңди кыл, мен буга билбегенин билдирип үйрөтөйүн, – Турдукан келинин акшыя караганда жүрөгү болк этти Жамийланын, муундары кайрадан калтырай баштады.
– Жамийла, сага эмне болду? – Турат аны кармай калды.
– Кое бер, өлмөк беле, эмнеге мынча үйрүлөсүң? – Апасынын заардуу карашы Тураттын ачуусун келтирди:
– Мени деги өзүң төрөдүң беле же багып алдың беле, эмнеге мынчалык өгөй энедей кыласың апа?
– Сага жакшылык каалаганымдан ушинтип жатам, – деди да Турдукан чыгып кетти.
– Жамиш, жүрү үйгө кирип эс алчы.
– Жок Турат, мен иш кылайын, – Жамийла эс ала суу жутуп анан жүрөк тушун басты, – Жүрөгүм бир кызыктай болуп жатат.
– Эс ал дедим го? – Турат келинчегин үйдү көздөй жетеледи.
– Апам урушат.
– Урушпайт, мен сага чайды киргизип берем, – деп бөлмөсүнө киргизип жаткырып кайра чыкты, Сагынбек эбак жумушуна кетип калган, күзгү мал-жан каттоо жүрүп жатканда тыным алышчу эмес, Турат чай менен нан көтөрүп өз бөлмөсүнө кирип кеткенде Турдукан ого бетер жини келип артынан барып каалганын сыртынан тыңшап калды.
– Турат, сен эч жакка кетпейсиңби?
– Сейит үйлөнгөнү жатыптыр, эрте келип чакырып кетти.
– Сен кетсең корком Турат.
– Коркпо, барып кайра эле келем.
– Мен үйүмө кете берейинчи…
– Эмнеге?
– Сен мен үчүн кыйналдың го?
– Антип ойлобо, мен сени менен баш кошконума бактылуу болуп жүрөм билсең, апам акыры баш ийет, ага таарынбай эле кой, – деп Турат көпкө жанында отурду, Жамийла уктап кетти, ал көзү илинсе эле чоочуп ыргып кетип жатты, Турат ал тынч уктап калганда акырын сыртка чыгып баратып: “Эмне кылсам экен, Жамийланы апам батырбайт го, эптеп эле бөлүнүп кетсем окшойт, атамдар али жаш, өздөрү жашай беришет”, – деп ойлонуп атасына кеңешмек болуп Сейиттин үйүн көздөй жөнөдү. Анын кеткенин көргөн Турдукан: “Сени бул үйдөн качып кеткидей кылайын”, – деп адам эмес эле жырткыч сымал түргө келип дагы келин-уулунун бөлмөсүнө кирип барды:
– Тур, кандай тоготпогон немесиң, бул кейпиң менен жакшылык деле кылбайсың го? – деп мемиреп уктап кеткен келиндин төшөгүн катуу булкуп тартып алды, – Эмнени кыйратып койдуң ыя?
– Апа!
– Апа дебей кал, мен сага апа эмесмин!
– Кечириңизчи апа, азыр турам.
– Тур, иш кыл кирлерди чогултуп койдум, эртерээк жууп жай! – деп чыгып бара жатып кайра кайрылды, – Эсиңде болсун, бул үйдө калам деп ойлобо!
– Макул, азыр эле кете берейин…
– Эмне, сен мени ушинтип коркуткуң келеби? – Акшыя караганда андан корккон келин жер карап колдорун ушалап калды, – Турганын кара шүмүрөйүп, дегеле адам жийиркенерлик, ушу сага арбалган баламдын баш-шы жок да, тур эшикке чык! – деди да чыгып кетип бара жатканда курбусу Салкын кирип келе жаткан.
– Эмнеге ачууланып жатасың?
– Тексиз жерден келин алсаң көрөт элем.
– Эмне болду, келиниңе ачууланып алгансыңбы?
– Келин эмес эле кетпес кезик болду го, жанагы баланын гана көңүлү да, – Турдукан кабк кашын тырыштыра карады, – Кир үйгө.
– Кирдим ай, өзүң ачууланып жатсаң кете берейин.
– Отур эми, чай-пай ич.
– Макул, өзүм дагы зериккенимден сага келдим эле, – Салкын веранданын секисине чыгып отура кетти, ошол убакта жүйүртө басып бүрүшкөн Жамийла чыкты:
– Келиңиз.
– Келдим айланайын, келин келген жерине көнгөнчө көп бар, кайненелердин кеп-сөзүн бир кулагыңдан чыгарып кой садага, силерге ата-эне жамандык кааламак беле.
– Ий-и, – деп ашканага чыгып бара жатканда:
– Сөлдүрөбөй чай алып кел! – деди Турдукан, – Дегеле ушуга ичим чыкпай койду, – САлкынга карады, – Пешенебизди карабайсыңбы жалгыз балама өзүм каалаган кызды алып берем деп жүрүп тилегиме жетпедим, жанагы апасы менен кантип бир дасторконго отурам ай?
– Ээ курбум, баары өтүп кетет, төрөп-түшүп берсе небере ширин болуп калат, ошондо көрөм, Жамийлага төрөгөн жериңден айланайын деп калбасаң эле болду, – деп Салкын күлүп калды.
– Төрөсө баласын энесине бактырсын!
– Кой Турдукан, анчалык кетпе, ооздон жаңылган турбайт деген, буттан жаңылсаң дагы оозуңдан жаңылба, – деп курбусунун сөзүн жактырбады Салкын.
– Койчу ай, ушунун тууган баласын итке салып берем, – деп айтып озун жыйгыча Жамийла чай көтөрүп кирди, ал укса дагы укмаксан болуп унчукпай үстөл үстүнө баарын жайгаштырып чыгып кетти.
– Кудайды карасаң боло, көз карегиңдей жалгыз балаң өзү каалап алган колуктусун көп эле анте бербе, – деди Салкын Жамийла чыгып кеткенден кийин.
– Жалгыз балама өзүм алып берет болчумун.
– Ошентсе дагы балдарды түшүнүшүң керек, – деп Салкын бир чыны чай ичип ордунан турду, – Мен кетейин.
– Отурбайсыңбы?
– Жо-ок барайынчы, – Салкын чыгып келе жатканда Жамийла кир жууп жатып көңүлү айнып, көзү караңгылап, кулагы тунуп отурган, алар ээрчише чыгып келе жатып анын отурган жеринен чалкасынын жыгылганын көрүп жетип барды Салкын, – Ой келин, сага эмне болду айланайын? – Башын көтөргөндө анын оозунан көбүк агып калыптыр, ал ачка турган бойдон болчу: