– Сага эмне болду?
– Сен Жакинге күйөөгө чыгасыңбы?
– Бешенеге буйруганын көрөм, а сен жинди болдуңбу?
– Ооба, жинди болуп баратам!
– Эсиңе келчи, түшүндүрүп айтчы деги.
– Сен мен айтканда түшүнөөр белең? – Өмүрбек Кумарбүнү карыдан кармаган бойдон койо бербей каректерине тигилди. – Түшүнөсүңбү, ыя?!
– Өмүрбек, эмне деп жатканыңды түшүнсөм өлөйүн…
– Түшүнбөсөң түшүн, билбегениңди бил, угуп ал жакшылап, мен сени сүйөм! – деди силкилдетип.
– Эмне-е?! – Кыз көздөрүн бакырайта оозунан сөзү түшүп туруп калды.
– Ооба! – Өмүрбек айласы кеткендей эки колдоп башын мыкчый тегеренип барып, кайра маңдайына келди. – Мен сени башынан сүйөм, сен мени түрмөчүк деп чанаарсың, теңиңе албайт чыгарсың, мени сүйүү көңүлүңө келбейт дагы, туурабы?
– Өмүрбек, биз деген бир туугандай болуп калдык, атамдар сени өз баласындай көрөт, биз бири-бирибизди сүйүүгө акыбыз жок экенин сен билип кой! – деп Кумарбү үйгө кирип кетти.
Өмүрбек үнсүз туруп калды. Ал күнү өзүнөн-өзү кыжаалат болгон Кумарбү майда-барат ишти Тумарбүгө түртө салып, эч нерсеге көңүлү келбей төркү бөлмөгө кирип отуруп алды. «Кызык, мен эле жакшы көрөм десем, Өмүрбек дагы мени сүйөт тура. Бирок биз эч качан бири-бирибизге жете албайбыз, атамдар бул жөнүндө эч качан билбеши керек. Эртелеп Жакинге тийип кетем, ошондо унутат, мен дагы унутам, менин эрким күчтүү, унутуп коюуга алым жетет», – деп өзүн-өзү кайраттандыра ордунан турду. Кеч кире баштаган экен, инилерин көчөдө ойноп жүргөн жеринен чакырып келип, кечки тамагын берди.
– Узак, трактор айдаганды үйрөндүңбү? – деп сурады Кумарбү Узак сырттан кирип, дасторконго отурганда.
– Ооба, буйруса жакында өз алдымча айдап калам.
– Азамат, эң чоңу сен болгондон кийин атамдарга сен карашың керек, окугандар кыйратып жатышыптырбы?
– Окууну окуйм десем атам кой дебейт, эже, бирок мен өзүм таптакыр окугум келбейт, иштесем да жашайм.
– Тракторист дагы кесип да, ар бир нерсенин эле акырына чейин ардактап алып жүрсөң берекесин берет, акыл менен иш кыл, иним.
– Макул, эже, иш буйруса жакшы, азыр жаштарды жумушка тарталбай жатышкан тура, атама баары рахмат айтып жатышат, – деп Узак кудуңдап койду. – Өмүрбек акем дагы мактоого алынып калды, буйруса ага дагы жакында өз алдынча трактор бергени жатат ээ, аке? – деп Узак баятан бери унчукпай отурган Өмүрбекти карады.
– Ооба, беребиз деп жатышат, – деди ал үңкүйгөн калыбында.
– Экөөлөп иштеп, атама жеңилдик кылгыла, – деп Кумарбү да жер карай унчукту.
– Биз дагы чоңойсок иштейбиз да, – деп Кубат эдиреңдеп калды.
– Сөзсүз иштейсиңер, атамдарды чогуу багабыз.
– Мен окуйм, колхозчу болбойм, – деди Мурат мурдун шуу тарта.
– Мейли, бир үйдөн бирөө окумуштуу болсо ажеп эмес, – деп Кумарбү күлүп койду. Андан кийин орун салып баарын жаткырышкан соң Тумарбү экөө өз бөлмөлөрүнө кирди.
– Эже.
– Ийи.
– Сизге Жакин аке жактыбы?
– Аны эмнеге сурадың?
– Атам аны күйөө бала кылам деди го?
– Айта берет, бир көргөн немени жакты же жакпады деп айтыш кыйын, анын сага эмне кереги бар, жатып укта.
– Атамдар эртең келеби?
– Той бүткөндө келет да.
– Тайкем аябай бай го, тойду бир жума береби?
– Бир жума той берген илгери болчу экен, азыр андай чоң той бергенди өкмөт жактырбайт, тайкем партия болгон соң ишинен алып коюшу да мүмкүн, – деп Кумарбү уккан-билгенин божурап берди. Бир убакта Тумарбү ары карап жаткан бойдон унчукпай калды, уктаса керек. Кумарбү көпкө ойлуу жатты, «Өмүрбек кызык, эми эмне болот? Атамдар укпаса экен, эси жок десе, биздин бири-бирибизге өмүрү кошула албасыбызды кандай түшүнбөйт? Эгерде таежем тирүү болуп, мени келин кылып алам десе, анда иш башкача болмок. Экөөбүз бир туугандай урушуп-талашып өссөк, атамдар өз баласындай карап багып отурса, анан кантип сүйүүнү кеп кылууга болсун. Эгер сүйүү ошондой эле ыйык болсо бизди кечирсин, чынында мен өзүм дагы Өмүрбекти жакшы көрчү эмес белем, бирок мен ал сырды өмүрүм өткөнчө жүрөгүмдө гана сактоого тийишмин. Сүйүү жөнүндө сурагандарга сүйүүнүн ыйыктыгын, назиктигин айта алам, жүрөк түбүндө аздектеген адамым бар экенин айтам», – деп, жаны жай албай түйшөлүп жата берди. Эртеси түшкө жуук Сарыбай менен Уларкан келишти. Балдары алар алып келген тойдун кешигин жеп, бапырап жатышканда:
– Ата, той кандай өттү? – деп Кумарбү атасына кайрылды.
– Сонун өттү, тайкең өзү сельсовет, партийный киши да, ашыкча каада-салтты жасатпай тынч өткөрдү.
– Антпесе дароо үстүнөн чагым түшөт, элдикин жеп жатат, кызматынан пайдаланып жатат деп эмеле чыгышар, – деп Уларкан сөзгө аралашты.
– Ии, иши кылса баары жакшы болсо болду, – деп койду Кумарбү.
– Сени сурады тагаң, ала келбейт белеңер, чоңоюп калды, жакшы жерге бербесек болбойт, кыздын эртеңкисин ойлогула деп катуу дайындады. Кыязы тагаң дагы сага күйөө таап койгон го? – деп Уларкан күлдү.
– Эмне эле мени күйөөгө бере албай жатасыңар, убактысы келсе көрөөрмүн, пешенеме жазганын, – деди Кумарбү тултуңдай.
– Сенин убактың келди, кызым, жакшы жерден куда күтүп, маңдай жарыла кубанып, сенин бактылуу болгонуңду көргүбүз келет да. Барган жериң жакшы болсо биздин дагы коңшу-колоңго сөзүбүз өйдө болуп, жүзүбүз жарык болбойбу, садагаң кетейин.
– Ии-ий, апа, жакшы же-ер, жакшы жер дейсиңер, жакшы жер казаныңарга аш салып бермек беле? – деп Кумарбү жинденип таарына кетти. – Экинчи антип айта бербегилечи!
– Кызым, – деди Сарыбай, – төбөсү көрүнгөн адамдар менен куда болсок бизге да жакшы эмеспи, үйүбүзгө андай адамдар келсе, кандай гана ырахат. Атаң абройлуу болуп калат, кимдин арты менен, сендей кызымдын арты менен, – деп ал бакылдап жатканда Өмүрбек чыгып кетти. Анын жан дүйнөсүндө бороондуу аяз уулуп, ыйлагысы келип: «Демек, буларга бай, колунда бар, кадыр-барктуу адамдар керек экен да. Андай болгон соң мага кызынын кылын карматпайт. Жүрөгүмдө арманым толуп-ташыса да, эчтеке дей албай кала беремби? Мендей жетимге ким кызын бермек эле. Жок, мен өз сүйүүм үчүн күрөшүүм керек, Кумашты эч кимге бербейм, өлсөм да аны ажыратып алам», – деп сыртта басып жүрдү. Кумарбү анын чыгып кеткенинен улам эле кандай акыбалда экенин сезди, ички дүйнөсү будуң-чаң түшүп жатканын айттырбай билди. Өзү дагы ичинен азаптанып: «Жакин тез эле келсин, сүйбөсөм дагы сүйөм деп жооп айтып, кетип калбасам, бул бирдин ичинен чыгат», – деп ойлонуп жатты. Ошонун эртеси эле Болотбек келиптир. Сарыбай жетине албай калды:
– Кел, байке, оо сиздей кадырлуу кишинин үйүбүзгө келгени кандай кубаныч, кир үйгө, байке.
– Келип калдык, мен контордо чоңмун, мындайда силердин гана агаңармын, – деп Болотбек үйгө кирип орун алды. – Силер менен сүйлөшчү сөз бар.
– Айта бериңиз аке, кандай сөз экен? – деп Сарыбай кулак түрүп калды. Аңгыча Кумарбү тайкеси менен учураша дасторкон салып, чай алып келди.
– Кумаш бойго жетти, сөздүн негизгиси ошол. Менин райондо парторг досум бар, анын Фрунзедеги политехте окуган баласы бар, ошол уулуна кыз издештирип жатыптыр, – деди Болотбек түз эле.
– Шаарда окуса айылдык кызды…
– Доорон аялы экөө айылдык эле кыз алып беребиз деп жатышат, эки күндөн кийин келишет, мен ээрчитип келем, кызды көрөлү дейт.
– Эмне кылабыз, байбиче? – Сарыбай Уларканды карады.
Бул убакта Кумарбү чыгып кеткен.
– Келсе келсин, кыз буйругандыкы да.
– Негизгиси кыздын багын ойлогула, мен аларга өзүмдүн карындашымдын кызы дедим. Кыскасы эртең келише турган конокторду тосууга даярдык көрө бергиле, Кумашты жакшыраак кийинтип койгула, мен барайын, – деп Болотбек турмак болгондо Сарыбай:
– Байке, отуруп тамак ичип кеткиле, – деди ыңгайсыздана.
– Жок, убара болбогула, коноктор менен бирге келем, – деп Болотбек болбой кетип калды.
– Байбиче, эми таза кызык болду го, алар келсе эмне деп жооп айтабыз? – деди кайнагасын узатып кирген Сарыбай.
– Кыз буйругандыкы, насибинен көрөөрбүз.
– Кызык, Болсунбектерге эмне дейбиз? Кайнагага айталбай койдум, сыйлаганымдан каяша айтууга оозум барбады, анын үстүнө ал деле биздин кыздын келечек бактысын ойлоп жатпайбы.