– Азандан кайда барып келе калдың? – деп калды.
– Кемпир укпасын, баш жазганга бирдеке алып келе калдым, – деп култуңдай досун үйгө ээрчитип кирди. – Кудай уруп, сенин келгениңе кубанып, көп ичип коюптурмун, баштын ооруганын айтпа.
– Баш жазса жазалы, дос, аяш эмне кылмак эле, биздин ысык-суугубузга баары бир ошолор күйөт да. Кыскасы, энесин көрүп кызын ал дегендей аяш бизге жакты, бактың бар экен, досум, Уларканга жолугупсуң.
– Ой, мен Уларканды сүйүп алгамын да, ооруп калганда санаадан өлө жаздадым, – деп экөө кобурашып кирип баратканда дааратканадан келе жаткан эки аял алардын сөзүн угуп, бири-бирин карай жылмайып коюшту. Алар жуунуп үйгө киргенде эрлери бирден алып ийип, билмексен болуп отуруп калышкан эле.
– Ий, кайрандар, баш жазып жатасыңар? – деди Фарида күлө.
– Эми-и, байбиче, силер бар биздин багыбыз бар да, отуз жылдап көрүшпөй кеткен дос болсок, бир жолукканда жакшылап чардап алалы.
– Ошону айтсаң, баары бир экөөңөрсүз биздин күнүбүз жок да, – деп Болсунбек Сарыбайды коштогондо эки аял ого бетер күлүп, ыраазы боло унчукпай калышты. Түшкө чейин бакылдашып отуруп, бир убакта Болсунбек аялына кайрылды:
– Ой, биздин жаштар алиге уктап жатабы, Жакинди тур де, байбиче, жолго чыгалы.
– Ал турган, азыр жуунуп келет, – деди Уларкан.
– Аа-а, мейли анда, кетпесек болбойт биз дагы.
– Кетээрсиңер, ботом, шашпагыла бүгүн, эртең деле кетээрсиңер, – деп Уларкан Болсунбек менен Фариданы карады.
– Кетпейт, бул жайдын толуп турган убагы, өзөнгө барып кечке отуруп келели. Этиңден ал, Улаш, шишкебек бышырып жеп, артынан ак моюндан ичип бир жыргайлы, – деген Сарыбай досун карады. – Сени бүгүн бошото койот деп турасыңбы? Сайраган куштун үнү, суунун шары, ар түрдүү жыпар жытын чачкан кооз гүлдөрдү аралап, жаштык кезди бир эске салып көпөлөк кубалап ойноп келели, балык салабыз.
– Досум, сенин али жаштык менен коштошо албай жүргөн кезиң го, баягы кыз жандап гүл терген кезди кырктан ашканда элестетелиби? – Болсунбек Сарыбайга карап, санын чаап, каткырып калды.
– Ой, аяшыңды мен сүйгөндөй эч ким аялын сүйгөн эместир.
– Акырын эми, бакылдабай, балдар укса уят.
– Укса эмне экен, биз бири-бирибизди сүйгөнбүз, керек болсо сүйүүнү ызааттап-сыйлаганды бизден үйрөнүшсүн, – деп Сарыбай кеп жебейт. – Эчтекени түшүнбөй туруп эле «сүйөм, күйөм» деген менен сүйүү эмне экенин билбейт азыркы жаштар.
– Туура, Саке, чыныгы сүйүү деген уламыштарда, дастандарда гана болот десе, менин досум өзү сүйүүнүн символу тура, – деди Болсунбек.
– Кемпир, тез даярдан, ат-таасынын гөрү, бир ойноп келели.
– Макул эми, биз Уларкан экөөбүз даярдай койолу, – деди Фарида күлө ордунан туруп. Арыдан-бери алчусун алып, Болсунбектин машинасына казан-табагын жүктөштү да, өзөн бойлой кеткен жолго түшүп, төртөө капчыгай жакка жөнөштү. Кумарбү туруп, үйлөрүн жыйнап, инилерине чай берип, кайра жыйнап, колу бошогон жок. Өмүрбек менен Жакин сыртта сүйлөшүп турушкан, бир кезде Өмүрбек жумушуна кетти. Үйүн жыйнаштырып бүткөн Кумарбү инилери ойноп кеткенден кийин Тумарбүгө:
– Сен суу жылытчы, кир жууй койолу, – деди үйгө кирип баратып.
– Макул, – деп Тумарбү элпектене казанга суу куюп, от жагып жатканда Жакин Кумарбүнүн артынан кирди.
– Кумарбү, кандай?
– Жакшы, өзүңүз кандай эс алдыңыз?
– Эң сонун, сени көрүп көңүл жайланып, уктап калыпмын.
– Жомоктогудай сүйлөйсүз.
– Сени көргөнү жомоктогудай жашоону элестете баштадым.
– Кызык экен.
– Мен кызыкты деле сезбедим, чыныгы жашоону гана сезип турам.
– Кайда экен?
– Сенин көздөрүңдө.
– Кантип билдиңиз? – Кыз саал жылмая карады.
– Көрүнүп турат.
– Көздөн окуй турган аппаратыңыз барбы?
– Айрыкча сенин көздөрүң мага көп нерсени айтып турат, бирок сенин оюңду билүүм керек.
– Табышмак… – деп бырс этип күлгөн кыз сыртка карай жүгүрүп кетти.
Жакин сыртка чыкса ал шатыга чыгып, жаагын таянып отуруптур.
– Эмнени ойлонуп калдың? – Жакин кыздын жанына келип, жылмая карады.
– Эчтеке.
– Жо-ок, бир нерсени ойлонуп жатасың.
– Атыңыз Жакинби?
– Ооба, эркелетип Жакин дешет.
– Чыныгы атыңыз ким?
– Жакыпбек.
– Мен Жаныбек болсо керек деп ойлогомун.
– Эмнеге?
– Билбейм, негизи Жакин деп кыздарды айтышат го?
– Балким, мени атамдар ошентишет.
– Кайсыл окууда окуйсуз?
– Тарыхчы болот го.
– Жакшы экен.
– Сенин окугуң келбедиби?
– Менин шартым болбой калды, бирок эми деле убакыт бар деп ойлойм.
– Албетте.
– Жакшы эс алыңыз, мен жумушумду жасайын, – деп Кумарбү жылмая туруп кетти.
Жакин да аны жылмая карап калды. Күнү кечке жумуш менен алышып, жаңы гана бүтүп калганда Өмүрбек жумуштан келип калды. Жанын койоорго жер таппай, жан дүйнөсүн эзген санаадан жабыркап, үйгө келсе Кумарбү менен Жакин дасторкондо чай ичип отурган экен. Кабак бүркөй отуруп калды, Кумарбү ага чай сунду.
– Кел, Өмүрбек, иш кандай? – деди Жакин.
– Жакшы.
– Эмнеге кабагың бүркөө? – Кумарбү сурап койду.
– Жайынча эле, – деп чыныны кармап, жооп берди Өмүрбек.
– Ишиңде бирдеме болдубу?
– Жо-ок, өзүмдүн көңүлүм жок.
– Сүйгөн кызың менен таарынышып калган жоксуңбу? – деди Жакин күлө карап.
– Сүйгөн кызга сүйөм деп айтуу оор болуп жатпайбы?
– Эмне, мококсуңбу?
– Андай эмес, бирок мүмкүн да эмес.
– Кандайча?
– Ошондойчо, аны ата-энеси күйөөгө бергени жатат!
– Эмнеге? – Кумарбү аны жалт карады. – Эбак эле атамдарга айтпайт белең?
– Эмне деп айтам? – Өмүрбек ага кыжырлуу жылмайды.
– Сүйгөн кызым бар деп, атам сага айтты эле го?
– Болбойт, болбойт, такыр болбойт! – деп тура калган Өмүрбек ичип аткан чайын таштап, эшикти көздөй чыгып кетти.
Жакин менен Кумарбү бири-бирин карап отуруп калышты.
– Жинди, атам алда качан эле үйлөн деп жүргөн, ошондо эле айтса болмок экен.
– Айталбаса керек да.
– Эмнеге айталбайт, атамдар муну тырмактайынан багып келе жатат, Узактан кем көрүшпөйт, кызынын ата-энеси менен атамдар сүйлөшөт эле го.
– Тартынса керек, аа-а, баса, ал өз иниң эмеспи?
– Мен чыгайынчы, – деп Кумарбү дагы тура жөнөдү, ал сыртка чыкканда Өмүрбек дарбазанын жанындагы жүзүмдүн түбүндө турган. Жакиндин суроосу жоопсуз калды, Өмүрбектин айтканынан улам Кумарбүнүн жүрөгү бир нерсени сезгендей болк этип кеткен эле. – Өмүрбек, ал кайсы кыз эле, мен тааныймбы? – деди жанына келип.
– Эмне, табалагың келип турабы, эжекеси? – Өмүрбек ызалуу бурк этти.
– Сени табалачу мен белем?
– Күлкүң келээр, табалаарсың, Кумаш, бирок мен бала кезден бир гана кызды сүйөм. Ал мени сүйөбү же сүйбөйбү билбейм, уктуңбу, билбейм!.. – деп жакшы эле оюндагыны айтып келатып, Өмүрбек Жакинди көргөндө кыжырлана ары басып кетти.
Жакин Кумарбүнүн артынан чыгып келаткан.
– Эмне болду?
– Эчтеке, – деп машина келип токтогондо Кумарбү жол жакка басты.
Сарыбайлар бакылдаша түшүп жаткан. Өмүрбек аларды карап коюп, короодон чыгып кетти. Уларкан менен Фарида орто кызуу, бири-бирин колтукташып, көңүлдөрү куунак. Кумарбү менен Жакин аларды утурлай чыкканда ата-энелер кубанып кетишти. Турат менен Мурат аларга чуркап жетип, машинадагы жүктөрдү тыпылдап үйгө ташып жатышкан эле.
– Окшошкон садагаң кетейиндер, сүйлөшүштү бекен ыя? – деп акырын Уларканды нукуп койду Фарида.
– Ким билет, шартты болсо түзүп бердик, – деп Уларкан дагы шыбырай күлүп калды.
– Уулум, кандай эс алдың? – деди Фарида Жакинге карап.
– Жакшы, апа, өзүңөр жакшы эс алып келдиңерби?
– Айтпа, укмуш эс алдык, суунун жээги, арча-кайыңдын арасында жайкалган көпкөк шибер, өзүнчө эле ажайып. Атаң ушундай сулуу жерди көрсөтпөй, бизди түтүнгө ышталган шаарда камап жүргөнүн карасаң, уулум, – деп жадырай күлүп, ээрчише үйгө киришти. Алар киргенде дасторкон даяр эле, кайрадан бака-шака түшүп, отуруп калышты. Ал күнү дагы түн ортосунан оогончо эстен кеткистей конок болушуп, эртеси эрте коштошуп, жолго чыгышты. Конокту узатып коюп, Сарыбай менен Уларкан эс алганы жаңы гана кыңкайганда Болотбектин тойго чакырып жатканын айтып, бир жигит келип калды. Аргасыз колдорунан келгенин айтып, тойго кетишти. Дал ошол күнү Өмүрбек сырттан кирип келе жаткан Кумарбүнү колунан кармап калды.