– Кума-аш! – деген Уларкандын үнү угулганда ички бөлмөгө кирди.
– Апа, эмне болду?
– Тузу жок ашың барбы, кызым?
– Ооба, катыгы жок болуп жатат.
– Катыгы жок эле бере берчи.
– Макул.
– Атаң келе элекпи?
– Жок.
– Өмүрбекчи?
– Эшикте жүрөт.
– Чакырчы, Узак менен Кубатчы?
– Алар мектепке кеткен, апа, экөө тең экзамен беришет да.
– Тумаш кайда жүрөт?
– Ал кир жууп жатат, мен тамак жасадым, атам ачка келет чыгаар.
– Турат менен Мурат ойноп жүрөбү?
– Аларыңдын оюндан башка жумушу жок.
– Мейли, ойносо ойной берсин, бүгүнчө катыгы жок эле ичип турам, уй дагы байып баратат окшойт, сүт аз чыгып калдыбы?
– Ооба.
– Садага болоюн сербейген, мени карайм деп кыйналдың го, же ары, же бери болбой мен дагы силерди кыйнадым ээ?
– Апа, анте көрбө, сен сакайып кетесиң, мен кыйналбайм, апке! – деп Уларкандын көкүрөгүнө башын коюп ыйлап ийди. – Антип айтпачы, апа, мен тамак алып келейин.
– Алып келе гой, – деп Уларкан улутуна жатып калды. Кумарбү чоң чыныга тамак алып келип, жупкадан туурап берди.
– Кумаш! – деген сырттан Өмүрбектин үнү угулду, ага улай эле Тумарбү кирди.
– Кумаш эже, сизди бир бала чакырып жатат.
– Колу бошобойт деп койчу.
– Ал ким экен? – Уларкан Тумарбүнү карады.
– Тааныбайм.
– Ким? – деп кайра Кумарбүдөн сурады.
– Көргөн жокмун, классташтарым го…
– Жолуксаң жолугуп кой, кызым.
– Кереги жок, апа.
– Мени багам деп багыңды байлаба, кызым, эптеп жакшы болуп кетээрмин. Өзүңдү дагы ойлон, убакыт деген аркыраган дайра, кантип өтүп кеткенин байкабай кийин өкүнүп каласың. Кудайга шүгүр, баягыдан жылыш бар, табитим жакшы…
– Жакшы болуп кеткениң керек, апа, балдарың эми чоңойгондо жакшылыгын көрсөң, жаманды ойлобочу, макулбу?
– Секет кетейиндерим десе, оорунун азабын үч жылдан бери тартып келе жатам, сен болбосоң балдар эмне болот эле, жаштайыңдан түйшүк тартып калдың, – деп Уларкан оор үшкүрүнүп алды. – Өмүрбекти кир дечи бери.
– Макул, – деп Тумарбү чыгып кетти.
– Таеже, чакырдыңбы?
– Отурчу мындай.
– Угуп жатам.
– Сүйлөшкөн кызың барбы, балам?
– Кайдан, түрмөдөн келген кишини ким карайт, таеже, – деди Өмүрбек башын жерге салып. – Аны эмнеге сурадың? – Уларканды көңүл бура карап, кулак түрүп калды.
– Ылайыктуу кыз тапсаң үйлөнтөлү дедик эле.
– Таеже, ал жөнүндө ойлоно элекмин.
– Мени көрүп турасың, Кумаш болсо мени багып кыйналды, же бир сыртка чыкпаса, багы байланып отурат, күйөөгө чыгып өз бактысын тапса болот эле. Сени үйлөнтсөк анан ага да жол ачылат. Бир жаш кичүү болсоң дагы сен деген эркексиң, ошондуктан Кумарбү сенден кийин деле турмушка чыгат.
– Кабатыр болбо, таеже, баары жакшы болот, таажездеме айтып иш болсо иштеш керек эле…
– Тааныштарына айтып көрсүн анда.
– Ооба, адегенде иштейин.
– Ошент, садага, иштеп эл катары оокатыңды өткөр, апаң байкуш жашында ооруп өлбөгөндө сен дагы бир туугандуу болуп, ата-энеңдин маңдайында болот элең. Эми Узак менен Кубаттарга бир туугандай бол, садага, беркилер го жаш, – деп Уларкан көкүрөк өйүгөн санаасын чыгара оор дем алып алды.
– Балалык кылып, силердин сөзүңөрдү укпай жаман жолго түштүм, эми кеч болсо да силердин эмгегиңерди ойлоп уялып жүрөм. Таеже, өз ата-энем болсо да силердей карамак, – деди Өмүрбек улутуна. Алар сүйлөшүп отурганда Сарыбай кирди, артынан балдарынын баары кирип, чогуу дасторкондо отурушту.
– Өмүрбек, – деди Сарыбай анын ички сырын туюп тургандай, – жакында жер айдоодо малага киши керек экен, иштейсиңби же?..
– Иштейм, таажезде, ага чейин деле жумуш болсо иштеш керек эле.
– Анда мен эртең эле сүйлөшөм, мени менен бар, макулбу?
– Макул, өзүм дагы иш издейин деп турдум эле.
– Бош жүргөнүң болбойт, балам.
– Ата, мектепти бүтөөрүм менен мен дагы иштейинби? – деди Узак.
– Өмүрбек экөөңө бир трактор алып берип койойун анда.
– Макул, иштей беребиз, – деп көпкө кобурашып отуруп, анан жатууга кам урушту.
Кумарбү уйкусу келбей ооналактап көпкө жатты. Анан Өмүрбекти ойлоду: «Менден бир эле жашка кичүү да, эмне болмок эле? Аны өзүм жакшы көрүп баратат окшойм, бөлөгө жол бар деп уккам. Балким башка жигиттер менен сүйлөшпөй, бир эле Өмүрбекти көрүп жүргөнгө ушундай сезилип жаткандыр. Аскат мени башынан эле жакшы көрөт, менчи, мен аны сүйөмбү? Чынында сүйүү дегенди түшүнбөйт дагы болсом керек», – деп ары-бери оонап жатып, кеч уктады. Эртеси Өмүрбекти Сарыбай ээрчитип барып, жумушка киргизди. Совхоздун майда-барат жумуштарына адам керек болуп жаткан, жазгы эгин-тегин айдоого тракторлорду даярдаганга механиктин жардамчысы болуп орношту. Уларкан күндөн-күнгө сакайып, өз алдынча кирип чыга баштады. Кумарбү кубанып жүрдү, балдары менен бабырашып, үй-бүлөгө бакыт жылмайгансыды. Сарыбай дагы жумуштан келгенде көңүлү жайдары:
– Оо, байбиче, ал-акыбал кандай? – деп аялынын акыбалын сурап кирет. Бүгүн дагы ошентти.
– Жакшы, жумуш бүттүбү?
– Бүттү, биздин маңдайыбызга сен аман болсоң эле баары жакшы болот, санаам тына баштады, балдарымдын да көңүлү ачык, – деп бабырай төргө өттү.
– Кудайга шүгүр, мурункудан дурусмун, Кумашты деректирге сүйлөшүп иштетип койсоң боло, үйдөн чыкпай чүнчүп кете турган болду?
– Эчтеке болбойт, кыздын үйдөн чыкпаганы жакшы, андан көрө Кумашты күйөөгө беребиз, – деп атасы бакылдаганда сырттан кирип келаткан Өмүрбек менен Кумарбү бири-бирин карап калышты. Аларды байкабай эле Сарыбай сүйлөй берди. – Менин баягы досум Болсунбек бар го, ошол шаарда жашайт эмеспи. Көп жылдан бери көрүшпөй калдык эле, мурдагүнү агасы Толкунбектикине келиптир, жолугуп калдык. Бала кезден эле дос болчубуз, балалуу болсок дос кылабыз, бирибиздики кыз болсо куда болобуз деген сөзүбүз бар эле, ошону айтып бир топ сүйлөштүк. Эмки айда аялын, баласын ээрчитип келмек болду.
– Койсоңчу, балдар бири-бирин көрбөсө кандай болот?
– Ошондо көрөт да, байкашат бири-бирин. Иши кылса кызым бактылуу болот. – Ошол кезде Өмүрбектин тамагы кычышып, жөтөлүп жибере жаздап эшикти көздөй жөнөдү. Дабышты кулагы чалганбы, – Кумаш, сенсиңби? – деди Сарыбай. – Кел, жаныма отурчу, кызым.
– Ооба, ата, – деп Кумарбү оозгу үйдөн чыга келди.
– Ийи, кызымды кудай буйруса жакшы жерге беремин, баланын бактылуу болушун ата-эне тилейт экен да. Буйруса апаң жакшы болуп калды, туугандарымды чакырып, берген малдарын чогултуп албасам болбойт.
– Ата, эмне деп эле жатасыз?
– Куда түшөбүз дегендер болуп жатат, кызым.
– Коюңузчу, ата, кереги жок, – деп Кумарбү ордунан туруп кетти.
– Сени бактылуу болсо экен дейм да, кызым, сенден кийинкилер да бойго жетип калды, Өмүрбекти үйлөш керек.
– Андан көрө Өмүрбекти үйлөнтө бергиле.
– Эжеси турса иниси кандай үйлөнөт, Өмүрбек үйлөнсө күйөөң менен келип турсаң жакшы эмеспи. Бүгүн бир койдун этин алып келдим, он үч сом дейт, айлыктан кармай турган болду. Өмүрбекке айтчы, бузуп тамак жасагыла.
– Макул, – деп Кумарбү эшикке чыгып кетти.
Өмүрбек кире бериште турган, аны көрүп, атайын чычалатмакка тийише сүйлөдү:
– Күйөө балалуу болот экенбиз да?
– Сага күйөө бала болмок беле? – Кумарбү жактыра бербей карады.
– Ой жезде-жезде, адашып калган турбаймынбы.
– Жинге тийбечи, атам этти бузсун деп жатат.
– Жарайт, бөлөм, кол жууп алайын, – деп шыпылдай колун жууп келди да, оозгу бөлмөдөгү чыпта капта турган этти кленкага салып, бузуп-бузуп бере салып, эшикке чыкты. «Демек, Кумашты күйөөгө бермек болушту, анан мени үйлөнтүшөт. Менин Кумашты жакшы көрөөрүмдү билсе каршы болушат го, бактылуу кыла алаарыма ишенишпейт, ишенген күндө да ал экөөбүздү үйлөнтүүнү ойлоп коюшпайт. Өз жолум менен болгонум эле оң болоор», – деп ойлонуп жатты.
– Ээ, Өмүрбек, быйыл күздө үйлөнбөсөң болбойт, – деди жанына келген Сарыбай.
– Таажезде, мен али ойлоно элекмин…
– Эмнеге, эми сен жигит болдуң, жыйырмага чыгып калдың, үйлөнөөр маалың келди. Таежең да оорукчан болуп калды, жардам берип келин жумшатсаң жакшы болот эле, балам.