Литмир - Электронная Библиотека

– Байкаштырып көрөйүн, таажезде.

– Ошент, эми сен чоң жигитсиң, атаңа да бир барып койсоң жакшы болмок, оңолбогон адам болбойт, жакшы сөз, жакшы мамиле керек. Тейит Чынарканды жакшы көрчү, кийинки аялдары ошондой болбосо керек, ойго алдырып койгон экен. Бир барып, учурашып кел ээ, айлыгың тийгенде.

– Макул.

– Кандай күндө болсо дагы, кандай адам болбосун ал сенин атаң, сен анын канысың, аны ошол азаптан сууруп чыгып адам катарына кошушуң керек. Ата-энени жээриген ата-бабабыздын салтында жок, орусташып кетип, элдин пейили өзгөрүп, салтты-динди бузуп эле карыларыбыз карылар үйүнө түшүп жатпайбы, – деп Сарыбай бир топко чейин акыл айтты.

– Мейли, атамдын акыбалы тигил экен, бир туугандары кабар алып койбоду. Сиздерге ыраазымын, мени багып чоңойтуп эми үйлөнтөбүз деп жатасыздар, атаңды кара деп акыл-насаат айтасыз.

– Эми алардын да шарты болбой жаткандыр, таарыныч-кекти каапырга бер деп коюшат бизде, сен көтөрүмдүү бол, балам.

– Айтканыңызга ыраазымын, иштейин, анан барып келем.

– Ошондой кыл, быйыл Кумаш экөөңдү өз-өз жайыңарга орундатып койсом, бир-эки жылда Узагым чоңойот. Мектебин бүтүп алса совхозго эле трактирис кылам аны. Кой, тамак бышса ичип алып, эс алалы.

Үйгө киришсе Кумарбү баарын даярдап жаткан экен. Бала-чакасы болуп тамактанып, күнүмдүк оокат-тиричилиги жөнүндө сүйлөшүп жатышты.

– Сен балдарга энчилеген козуну айтасыңбы? – деди Уларкан жаткандан кийин.

– Ооба, мага бергиле деп барганым жок, эми балдар чоңойду, беш кой, бир торпокту алалы доолап, – деп Сарыбай күлүп калды. – Эмдигиче кайнага берген торпок беш торпок тууп койгондур, козулар кой болмоктон болду да.

– Ооба, ошолорду башында неге ойлонбодук экен? Алып алгыла деген былтыр.

– Атасынын гөрү, дегеле жутунбаптырбыз да, байбиче?

– Кудай берет.

Ошентип мамыр-жумур үй-бүлөдө кайрадан күлкү чыгып, бактылуу балалыктын жылмаюусу менен ата-эненин сүйүүсү бири-бирин толуктап, өмүрдүн кызыкчылыгына батып, ар бир күн майрамдай сезиле баштады. Сарыбай айткандай эле кайнагасы Болотбекке барып, андан музоолуу уй алып келди. Туугандарынан улак, кой-козусун алып, Текебай деген койчуга кошуп койду.

Досу Болсунбек жай ортосунда үй-бүлөсү менен келип калды. Аларды козу союп, колунан келишинче коноктошту. Уулун көргөн Кумарбү негедир толкунданып алды. «Ата-энем эмне десе ошомун да, Жакин жакшынакай бала экен, чанып кайда бармак элем. Маңдайыма жазып койсо кайда качмакмын», – деп ойлоп, кайра-кайра күзгүгө каранып, бою-башын түзөндү. Илбериңки кыймылдап, тамак-ашты ирээти менен киргизип берип жатты. Болсунбектин аялы Фарида шакылдаган неме экен, Кумарбүнү карап:

– Кызым, кел отур, биз менен тамактанчы, – деди.

– Жо-ок, отура бериңиздер, – деп кыз ыйбаа кыла сыртка чыгып кетти.

Болсунбек баласына башын ийкей: «Бар, тааныш», – дегендей белги берди эле, Кумарбүнүн артынан ал дагы чыкты. Өмүрбек шорпо куюп, эт туурап отурган, ичинен кызганып араң чыдап отурду.

– Кудай буйруса, балдардын насиптери биригип, мамилеси жакшы болуп кетсе бат эле үйлөнтөлү, убакытты созгондо эмне, – деди Болсунбек бапылдап.

– Адегенде эки бала бири-бирин жакшылап таанып, жактырышып калса калганы биздин колдо эмеспи, досум, бала кездеги кыялдарыбыз ишке ашса кандай кубаныч.

– Ашыкпагыла эми, балдар бири-бирин жактырабы-жокпу, убакыт көрсөтөт. Андан көрө тамактан алгыла, канча жылдан бери бири-бириңерди көрбөй сагынышып калгандырсыңар? – деп Уларкан күлүп калды.

– Ай, ошону айтсаң, биз кыз экенбиз да, кандай гана ынак курбуларыбыз менен көрүшпөй да калдык, силер болсо досум бар, катышпасам болбойт деп эле айдап жөнөйсүңөр, – деп Фарида аны сүрөп калды.

– Ооба десең, эгерде сен экөөбүз бир кездеги курбума кудалашалы десек, ушулар макул болмок беле?

– Кайдан, бизди уккусу да келмек эмес.

– Эркекти кудай бир сүйүп жаратып койгон тура, – деди Уларкан каткырып.

– Эркектер чынында бала жаратып, бак-бак сүйлөгөндөн башка дегеле эмнеге жарайт ыя? – Фарида Уларканды коштоп каткырганда Болсунбек аларды карап ормойду.

– Ой-оой, бу катындар эмне дейт ыя, атаңдын көрү-ү ай!

– Булар сүйлөй берет, ырасында биздин сөз булар үчүн закон да, эми кээде өз ойлорун айтып алышсын, – деп Сарыбай карс-карс күлдү.

Ошол убакта сыртта Кумарбү менен Жакин сүйлөшүп турушту.

– Кумарбү, сени менен таанышканыма абдан кубанычтуумун, – деп Жакин кызды жылмая карады.

– Мен дагы, – деди Кумарбү уялыңкы жер карап.

– Жигитиң барбы, Кумарбү?

– Болушу мүмкүн, өзүңүздүкүчү?

– Мен ата-энемдин каалаганына үйлөнөм го.

– Эмнеге?

– Анткени мен ата-энемдин сөзүн кайтаргым келбейт, алар да мага жакшылыктан башка каалабасын билем.

– Жүрөктү кантесиз?

– Жүрөктө бир кезде бирөө жашаган, – деп Жакин ойлуу аны карады.

Ушул кезде анын көздөрүнөн кыз жалтанып кетти.

– Эмне болду эле?

– Анын өмүрү кыска экен…

– Жаман болуптур.

– Айла жок, башка салганды көтөрбөскө бир арга барбы.

– Андан кийин башканы сүйгөн жоксузбу?

– Жүрөгүм бош, мүмкүн болсо сүйлөшүп туралы.

– Убакыт болсо.

– Ата-энелерибиз биз үчүн кам көрүп жатышат, алардын үмүтүн акташыбыз керек го дейм…

– Ким билет, балким тагдырыбыз таптакыр башкачадыр…

– Билбейм.

– Кыскасы, жүрөгүң бош болсо болду, эртең биз кетебиз, сен биз менен шаарга барып келбейсиңби? Шаарды көрсөтөм, кең-кесири сүйлөшөбүз.

– Жо-ок, мен баралбайм, үйгө кириңиз, мен чай алып киришим керек, – деп Кумарбү үйдү карай кирип кеткенде Жакин өзүнчө көкүрөк кере жылмайып алды.

«Демек, сен меники болосуң, мен сени сүйүп өтүүгө сөз берем. Арууке менин жүрөгүмдө жашай берет, а сен анын көчүрмөсү болуп, өмүрүмдү аруулукка бөлөйсүң. Мен сени бактылуу кылууга аракет кылам, Кумарбү», – деп өзүнчө таттуу кыялдарга бериле көпкө басып жүрүп, анан кирди. Бул кезде ата-энелери орто кызуу болуп, ырдай башташкан эле.

– Оо, кел, уулум, кандай, аяш атаңдын жери жактыбы? – деп бакылдаган Болсунбек уулуна колун созду.

– Ата, бул жер менин дагы жерим эмеспи.

– Туура, сен акылдуу баласың да, менин айтканымды түзүк түшүнө албай калдыңбы? – деп аялына көз кысып койду.

– Обуң менен болсоң боло, баланы уялтпай, – деп Фарида күйөөсүн тыя сүйлөдү. – Кел, балам, отур мындай.

– Силер отура бергиле, мен тиги бөлмөгө эс ала берейинчи.

– Эмне болду? – Болсунбек баласын делдейе карады. «Кудай уу-ур, буга кыз жакпай калган го», – деп да ойлоп ийди.

– Эчтеке болгон жок, – деп Жакин эшикти көздөй басканда:

– Уулум, бул бөлмөгө кирип, эс ала бер, Кумаш азыр орун салып берсин, – деп Уларкан төркү бөлмөнү көрсөттү, анан кирип келе жаткан Кумарбүнү көрүп, – Кумаш, Жакинге орун салып берип койчу, – деди ага.

– Макул, – деп Кумарбү Жакин кирген бөлмөгө кирип, төшөктөн калыңдап салып, кайра чыкты.

– Чарчаса керек, жаштар да, – деп койду Сарыбай. Андан кийин отуруш түн бир оокумга чейин уланып, бака-шака болуп отуруп, анан жатып калышты. Эне деген эне эмеспи, түнү бою кызынын камын ойлоп чыкты. «Кумаш жактырабы же жактырбай койоор бекен, жыйырма бирге чыгып калды, мен мындайымда эки балалуу болуп калдым эле. Бактылуу эле болсо экен, каралдым, өз каалаганына барса кандай жакшы. Өзү дагы ички сырын жан адамга айтпаган бир сырдуу кыз болду, садага, кудай багын ачса экен, жаратканым, тилегимди берип, кызымды бактылуу кыла гөр», – деп улутуна ары карап кеткенде Сарыбай:

– Сага эмне болду, байбиче? – деди акырын.

– Эчтеке.

– Кабатыр болбо, кызыбыз аларга жакты.

– Аларга го жакты дейли, Кумашты ойлодуңбу? Кызым бир мүнөз кыз, жакса-жакпаса да билдирбейт, негизгиси ал биздин өзүнө жамандык каалабасыбызды билет.

– Аның туура, эми көрө жатаарбыз, күмөнсүбөй уктап эс ал, байбиче.

– Макул, үйдө конок бар, эрте турабыз, уктайлы анда.

– Ооба, уктайлы, байбиче.

Экөө эки жакты карап унчукпай калышты.

Адам канчалык өткөн өмүрүндөгү жаман-жакшы окуяны жокко чыгарып, жашырып өткүсү келгени менен тагдыр дегениң сууга салсаң чөкпөй жээкке чыгып калган дөңгөч сымал бир күнү ачыкка чыгарып койоору чындык эмеспи. Өмүрбектин андан бетер уйкусу качып: «Кумашты эч кимге бербейм, мен аны сүйөөрүмдү таежеме ачык айтам», – деп ойлонуп жатты. Кумарбү болсо: «Менин Өмүрбекти сүйүшүм туура эмес, аны атамдар өз балдарынан кем көрбөйт. Ал эми Өмүрбек менин сүйүүмдү билбеген бойдон калсынчы, айтор кудайым бакыт берсинчи, ата-энем аман болсо болду», – деп ооналактап жатып, кеч уктады. Эртеси уктап калган экен, Уларкан аны тим койду. Болсунбектер тургуча кызыл шорпо жасап, дасторконун даярдап күтүп калды. Сарыбай болсо баш жазганга русский арагынан экини көтөрүп келатканда эшиктин алдында турган Болсунбек аны көрүп күлө:

3
{"b":"665592","o":1}