– Кудай деп туралычы, кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту…
– Ай, билбейм досум менен таарынышып калам го, – деген Сарыбайдын тынчы кетип, эмне кылаарын билбей жатты. Ошол убакта үйгө кирип келген Кумарбү ыйламсырай:
– Кыз байкуш чоңойгондон кийин үйгө батпай калат тура, деги бардык эле ата-эне кызы чоңойсо ушундай кылат болду бекен? – деди кабак бүркөп, үнү дирилдей.
– Ээ, сары кызым, ата-эне баласына бакыттан башканы кааламак беле, сени жакшы жерден орун-очок алсын деп жатканыбызда эмне жазык? – деди Сарыбай кызын чекесинен өбө. – Ким гана өз баласына жамандык кааласын?
– Ата, шашпасаңар деле акыры болот эле го?
– Ата, эжем күйөөгө кетеби? – деп сурап ийди Мурат сырттан кирип келип.
– Буйруса күйөө балалуу болобуз, силер жезделүү болосуңар, тиги Өмүрбек кайда жүрөт ыя, андан кийин аны үйлөнтөбүз.
– Өмүрбек акем эшикте жүрөт.
– Чакыр бери!
– Азыр, – деп Мурат жүгүрүп чыгып кетти.
– Балдар чоңойгондо ата-эненин мойнуна дагы бир чоң милдет тагылат, ал уул-кызын татыктуу жерге орун-очок алдыруу. Кокус жайсыз жерге барып калсаң, биздин жаныбыз ачып кейип-кепчип, жаман абалда калабыз, – деп Сарыбай жай түшүндүрүп жатканда Өмүрбек кирди. – Балам, эшикте эмне жүрөсүң? Кумаш эжең жакында башка үйдүн босогосун аттап кетсе сени үйлөнтөбүз. Кана, менин айтканымды ойлондуңбу? – деп Кумарбүнү койо берип, Өмүрбекти карады.
– Жезде, мендей жетимге ким тиймек эле?
– Эмне дейт, биз турбайбызбы? – Сарыбай аны ормойо карап калды. – Сени минтип айтууга ким мажбурлады?
– Эч ким, өзүңөр деле Кумашты жакшы жерге барсын деп айтып жатасыңар го, элдин баары эле ошондой ойлойт да?
– Өмүрбек, – деп Уларкан мээримдүү жылмая жанына келди, – сени менин баламсың деп баксам деле болот эле, бирок сиңдимдин арбагын сыйлап, ата-апа дедиртпей өстүрдүм, энесин билип өссүн дедим.
– Баары бир дечи, мендей жетимди эч ким күйөө бала кылгысы келбейт, мен өзүмчө үй-жай күтүп, адам болмоюнча үйлөнбөйм! – деп Өмүрбек ички бөлмөгө кирип баратканда Сарыбай адатынча бак-бак этти:
– Үйлөнөсүң, сени керек болсо Кумаш кете электе үйлөнтөм, өзүм табам сага кызды!
– Макул үйлөнөйүн, эгер Кумашты мага бергиле десем болоор белеңер?! – деди Өмүрбек токтой калып. Сарыбай менен Уларкан дел болгондой бири-бирин карап алды да, Кумарбүнү менен Өмүрбекти алмак-салмак карап, ооздоруна сөз кирбей тура беришти. – Жо-ок, силер ысык чай бере турган, ата-энеси, байлыгы бар адамга бересиңер, ушундан эле түшүнсөңөр, мендейди эч ким тоготпойт!
– Өмүрбек, сен эмне деп жатасың, балам? – Уларкан эки колун алдыга созо аны көздөй басты. –Сен… сен…
– Таеже, бөлөлөргө шариятта жол бар дешет, эмнеге силер кыйбайсыңар? Ооба-а, мен түрмөгө отурдум, силердин тилиңерди албадым, анан дагы томолок жетиммин да, ошондуктан силер мага кызыңарды бербейсиңер. Анан башка бирөө мендей аяксыз немеге кызын берет беле?! – деди да, Өмүрбек кайра артына кайрылып, сыртка чыгып кетти.
– Бул бала соо эмес, – деп аялын караган Сарыбайдын оозуна башка сөз келбей, төргө шалдая отуруп калды.
– Ой, кыз, Өмүрбектин бул эмне дегени? – деп Уларкан эми кызына кайрылды. «Бул балакет баскырлардын ортосунда бир сөз бар болуп жүрбөсүн», – деген ой келе түшкөн эле башына.
– Апа, мен дагы түшүнбөй калдым, ал жөн гана мисал кылып айтты окшойт, – деди Кумарбү апасын карай.
– Кумашта эмне күнөө, байбиче, ал биздин кызыбызга бардар адамдарды тандап жатканга эле айтты, бала неме ар кайсыны ойлонуп жатса керек, – деди Сарыбай ойлуу. Кумарбү атасына ыраазы болуп, өзүнөн күмөн санаган апасына таарына түштү: «Эмнеге апам менден күмөн санап жиберди, же өз кызына ишенбейби, мен кантип эле Өмүрбек менен сүйүү сөзүн сүйлөшөйүн, аны мен токтоттум го».
– Апа, ал өзүнө кыз тийбейт деп эле кыжаалат болуп жүрсө керек, ар ким эле өз баласын бактылуу болсун дешет, мен кимди бактылуу кыла алмак элем деп өзүнчө ойлонот да.
– Билбейм, кара көзүмдү каратып туруп, элге шерменде кылбасаңар болду, чырымталынан өз баламдай көрүп баккан бала мага ушул кепти кантип айтты десең…
– Кабатыр болбо, биз адегенде Өмүрбекке кыз издейли, ал жактырган кыздын ата-энесине астыртан сөз салалы.
– Ошентпесек Өмүрбектин арманы күч окшойт.
– Боло берет, али токтоло элек, жаш да.
Ошону менен эч кимиси үндөбөй калышты. Өмүрбек жана чыгып кеткен бойдон кайра кирбеди, кечки тамакка дагы келген жок. Сарыбайлар кабарын билбей кабатыр болуп, ойлонуп жатышты. Өмүрбек үйдөгүлөр уктагандан кийин келип, түн бир оокумда кирип жатып алды да, таң ата электе кийимин алып чыгып кетти. Эки-үч күндөн кийин Сарыбай Тейитбектин үйүнө барса, ал эшигинин алдында отуруптур.
– Ас-салоому алейкум, Тейит, ал-акыбал кандай?
– Келиңиз, жезде, отурам ушинтип, – деп Тейитбек тура калып, Сарыбай менен учурашты. – Келипсиз да акыры…
– Келдим, Өмүрбек келген жокпу?
– Келген, кечээ шаарга кетти.
– Эмнеге?
– Кайдан билдим, иштейм деди го.
– Айтып кетсе болмок экен, макул эми, аман болсо болду, анда мен кайтайын.
– Үйгө кириңиз дейин десем жашоом ушул, жезде, жалгыздык менен өмүр өтүп жатат, – деди башын жерге салган Тейитбек. – Чынаркан менен кошо менин бактым качкан окшойт.
– Ээ, бажа, сен өлгөндүн артынан өлгөн адамды көрдүң беле, өлгөндүн өзүнүн шору деп койот, тирүү адам жашоосун өзү улантууга тийиш. А сен жеңил экенсиң, андан көрө кеч болуп кала электе өзүңдү колго ал да, адам бол. Балаң болсо бой жетти, үмүтүңдү улаарың бар, ылайыктуу келин-кесек болсо үйлөнүп, Өмүрбекке арка-бел бол!
– Сиздерге чо-оң ыраазымын, баланы чоңойтуп койдуңар, арбак билет дегени чын болсо апасы дагы ыраазы болуп жаткандыр.
– Кой эми, менин айтканымды эсиңе ал, акыл үйрөтө тургандай жаш эмессиң, өзүңдүн эс-акылың деле кудайга шүгүр. Мен Өмүрбектин айтпай кетип калганынан улам келгемин. Баса, аны үйлөнтүп койсомбу дегем, ошону айтсам эле үндөбөй койгон, анан эрте туруп кетип калыптыр, – деп атка минди да, жөнөп кетти. Тейитбек аны узата карап туруп, уулунун айткандарын эстеди…
Өмүрбек мурунку келгенинде Тейитбек ичип алып мас болуп уктап жаткан, ал соолукканча күтүп отурду. Баш көтөрөөрү менен маңдайына келди.
– Бул эмне деген жатыш, менин атам тирүү туруп, жетимдей бирөөнүн колунда өсүп жатканымды ойлоп койбой жүргөнү бул болсо, мен эмнеге жашап жүрөм?
– Өмүш, сен… сен келип калдыңбы?
– Ооба, мени өз баласындай асырап, жетимдин кийимин кийгизбей багып жаткан адамдардын акылын укпай түрмө көрүп келдим, эмнеме эсирдим экен, кимге ишендим? – деп башын мыкчый жанына отуруп алып, көпкө ыйлады.
– Кечирип кой, уулум, мен мындан ары ичпейм, сен чоңойдуң эми, экөөбүз оокат кылабыз.
– Ата, сенин туугандарың барбы деги?
– Эмнеге?
– Эмнеге-эмнеге деп койосуң, сенин ушул абалыңды алар эч бир көрбөйбү, оңогонго аракет кылып, жардам бербейби? Менден болсо бириң кабар албадыңар, же менин тууганым жокпу? – деди Өмүрбек кыжырлана.
– Уулум, тууганың бар, менин апам деле бар, атам жок, алар көп эле аракет кылышты. Мен сенин апаңды унута албай ушул абалга түштүм, өлөйүн деп өлө албадым, сени барып көрүп келчү элем, аракка берилгенден кийин өзүмдү кармай албай калдым, – деп күңгүрөнө Тейитбек өйдө болду. – Уулум, мен мындан ары ичпейм, эми сен барсың, жашоону кайра баштайм, ишен мага.
– Ишенейин, дагы бир келгенимде ушундай акыбалда боло турган болсоң, анда дайнымды таптырбай кетем! – деп туруп, үйдөн чыгып кетип калды.
Тейитбек ушуларды ойлоно үйүнө кирди, көптөн бери жуулбаган кийимдерин жууп, идиштерин жууп, үйүн жыйнады. Андан кийин өзү жуунду, таза кийим кийип алайын десе бир да көйнөгү калбаптыр, жуулгандары кургаганча кечке күтүп, анан кийинип алып апасына барды. Көрүнүшү оңолуп калган уулун көргөн Жумабү кубанып кетти.
– Кел, балам, келгениң жакшы болбодубу.
– Эмне, менден түңүлүп калдыңар беле? Менин өз каалаганымды алып, адамча жашашымды каалаган эмес элеңер, тигине жетимчем таежесинин колунда өсүп бой жетти. Мени балам деп ойлосоңор, аясаңар барып, бир көрүп койот элеңер го? – деп бир тийди Тейитбек.