Литмир - Электронная Библиотека

– Катын, болду көп сүйлөбө, дагы баланы багып ийчүлүгүн кара, төрөбөгөн катынга баланы ким берет, кудай бербегенди эмне кыласың? – деп сыртка чыгып кетти.

Ботодой боздогон Гүлбахар тизесин кучактап солкулдап жатты. Өзүнө көңүл салбаганы аз келгенсип кордогону өтүп кетти, врачтарга көрүнсө төрөйсүң дешет, бирок таптакыр боюна болбоду, күйөөң көрүнсүн дегенди айтса аны угуп да койбоду. Анткени ал өзү врач болгондуктан өзүнүн тукумсуз экенин билчү, аны айткысы келбей түнөрүп күнөөнү Гүлбахарга койчу. Ушундай жаны ачыганда атасыныкына кетип калды, ал антип ыйлап-сыктап жатса Сабира кызына жылуу сөз айтуунун ордуна:

– Төрөбөсөң айтат де, билимдүү акыл-эстүү эриң бар, ошону күтө албасаң эмне кылайын? – деди жүзүн үйрүй.

– Боюма болбогону үчүн мен күнөөлүүмүнбү, апа?

– Төрөбөгөн аял күнөөлүү, – Ошол убакта үч-төрт балалуу болуп калган сиңдиси Фатима ыйлап кирип келип Гүлбахарды көрүп бир аз турду да ички бөлмөгө өтүп кетти эле Сабира артынан кирди. Гүлбахардан жашыруун бирдемелерди сүйлөшүп жатышты. Эчтекеге түшүнбөй бозоруп отурду ал: «Эмнеге менден жашырышат, мен өгөймүнбү буларга, ушуларга келгенче Адина апамдарга барсам болмок экен», – деген ойдо туруп кетип калды. Бул сырдын түйүнүн Гүлбахар кийин күйөө баласынан укту. Самарбек бир күнү атайын келиптир, астына дасторкон жайып чай койду, Карим жок болчу, Гүлбахарды улам карап чайын ууртап отурганда:

– Самарбек, келген жөнүңдү айт, бала-чака чоңоюп жатабы? – деди Гүлбахар.

– Жатышат эже…

– Фатима экөөң урушуп-талашып калат экенсиңер, балдарыңар чоңоюп калды, мунуңар болбойт.

– Эже, ошону өзүм да билбей калам.

– Эмнеге, экөөңөр эч кимдин зордугусуз өзүңөр эле үйлөндүңөр эле, сыйлашып өткөнгө жетеби, мен бир баланын үнүнө зар болуп отурам, уул үйлөп, кыз бере турган болуп калдыңар.

– Мен Фатиманы сүйгөн эмесмин эже, Абдраимдин кызы десе сиз экен дегемин, чынын айтсам сизди жакшы көрчүмүн.

– Самарбек, сен эмне деп жатасың? – Гүлбахар таңгалганынан көздөрүн алайта карады, – Мунуңду эч ким укпасын.

– Уккан, Фатима апама айтыптыр, ал мени аябай урушту, мен эми эмне кылам, сизди унута албай жашоодо өзүмдү бактысыз жандай сезип келе жатам.

– Самарбек…

– Чынымды айтып жок дегенде бугумду чыгарып алганы келдим эже, ошондогу узун чачтуу кып-кызыл көйнөкчөн кыз алиге көз алдымда, аскерге кетип калып кайда кеткениңизди билбей калдым, аскерден келсем апам айтып калды, Абдраимдин кызына сүйлөшүп койдум деп, кудуңдап жетип барсам, сиз эмес Фатима экен, сизди сурасам эки жыл мурун турмушка чыгып кеткен деди, анан мен Фатиманы албайм деп чыктым, апам ыйлап-сыктап болбой койду…

– Сен ушунча жылдан кийин болбогонду айтып менин үйүмдү бузгуң келеби Самарбек, мындай жеңил сөздү айта турган убак өткөн, бар үйүңө, экинчи мага мындай сөздү айтчу болбо! – Гүлбахар жини келе ордунан тура калды.

– Кетем эже, мен бир кезде айталбаганды бир айтып, өкүнүчүмдү билдирейин деп келгемин, көкүрөгүмдөгү арманымды айтып бугумду жазып алайын дегемин, – деп Самарбек ордунан туруп эшикти көздөй башын жерге салып кетип баратты.

– Баланын иши чала дегендей же жаш эмессиң, Фатима менин бир тууганым, кантип оозуң барды ушуга, мага душман кылган сен экенсиң да, – Гүлбахар күңкүлдөп кала берди, бир чети ызаланды: «Апам ошону үчүн мени жаман көрөт тура, Фатима дагы көргүсү келбейт», – деп ыйлап отуруп көптөн кийин бир күч ага дем бере баштады. Карим өзүнө келип-кеткен ойношундай гана мамиле жасап бир жолу да күйөө катары эркелеп койнунда жатса дагы өзүн имерип өөп койбогондо: «Неге мени сүйгөн адам болбоду, эгерде сүйлөшкөнүм болгондо Каримге чыкмак эмесмин», – деп ойлоп калчу. Эми анын башына бир башкача кубанычтуу сезим пайда болду: «Көрсө мени дагы унутулгус болуп сүйгөн адам бар тура, неге убагында жолукпадык, балким дагы башкалар мени эстеп азап тартып жүргөндүр, демек мен сүйдүрүүгө татыктуумун», – деп көз жашын аарчып кубанычтуу сыртка чыкса Карим дарбазадан кирип келе жатыптыр.

– Самарбек эмнеге келиптир? – деди ал дароо эле.

– Фатима экөө таарыныша кеткен тура, – деди уурусу кармалгандай көзүн ала качып.

– Кандайча сенден акыл сурап калды, кабак-кашына да алчу эмес эле го?

– Апам жибербей жатыптыр.

– Анан сен аны кайрадан качырмаксыңбы?

– Апамды көндүр деп келиптир.

– Өздөрү билет, сен аралашпа.

– Айттым.

– Жакшы болот, – Экөө андан ары сүйлөшпөдү, Карим тамак ичип алып жатып алып телевизор көрүп жатты.

– Карим, ажырашалы.

– Эмнеге?

– Сен балалуу болушуң керек го?

– Өзүң болосуң, – Үңкүйө жер карады.

– Мен сени уул же кыз төрөп бактылуу кыла албайм.

– Кереги не, дүйнөнүн өзү жалган.

– Баардык адамдардын тагдырын окшош кылып койбойт экен да, мен сени алдагансып жашоодо кыйналып кеттим. Карим, адамдай жүрөгүң болсо менин ал-абалымды түшүнчү?! – деп ыйлап отуруп айтты Гүлбахар, бирок Карим үндөбөдү, анын ыйлап жатканына табасы кандыбы, айтор башын жерге салып көпкө отуруп көптөн кийин:

– Болду эми, кечке ыйлай бербей, балалуулар жыргап биз эле калыптырбызбы, кудайдын пешенеге жазганын көрөөрбүз, – деди.

– Сенин апаң деле айтат экен, агаң бала чакалуу, биз минтип соксоюп бири-бирибизди тиктеп отурабыз, мен деле баланын жытын жыттагым келет, врачтар төрөйсүң дегенден башка сөз айтпайт, сен деле текшерилсең боло?

– Токтот сөзүңдү, төрөсөң төрөбөйт белең, мага тийишпе!

– Анда ажырашалы.

– Кетсең кете бер, кармаганым жок, өзүңдөн көрбөй мени текшерткиси бар! – деп Карим Гүлбахарды колунан сүйрөп эшикке жетелеп жөнөдү, тартынып болбой жатканда кайрылып чаап-чаап жиберди, – Экинчи мени текшерил дегениңди коесуңбу? – Жиндене тээп жиберди, башын калкалаган Гүлбахар ийриле жатып калды:

– Айтпайм болду, болду тийбе!

– Мага бала-салаңдын кереги жок, экинчи бала жөнүндө сөз кылбагын!

– Болуптур.

Карим ачуусун баса албай сыртка чыгып кетти, ошол кезде Азат чукуранып ойгонуп калды, ага каралап тамагын берип, жалаягын которуп анан ойлуу бооруна кысты: «Садагам, кичинекейим десе, сен эрте энеден калсаң, мен бала көрө албай азаптамын, сен кетип калсаң кантээр экенмин, ансыз дагы менин бар жогумду ойлогон эч кимим жок, тирүүлөй өлүктүн өзүмүн, тагдырым ушул адамга байланып калып жаштыктын кандай экенин да сезбедим, өмүрүм ортолоп бара жатат, кырктын кырын ашканда кайдан төрөмөк элем», – деп көзүнүн жашы төгүлүп жүзүн жууп жатканын сезбеди. Бир кезде бала жаткан төшөктүн алдынан акча таап алды: «Муну Шухрат таштаган окшойт, ал эмнеси экен, каап жана билбегенимди кара, берсем албайт деген экен», – деп ары алып бекитип койду. Азат бу-булап ойноп, күлүп жатты, Гүлбахар ан сайын ага жалынып жалбарып жан-алы калбайт. Каримдин кайда кеткени белгисиз, ошол кезде Каримдин бир жакын иниси Бекзат келип калды, ал үйлөнө элек, жыйырма бештердеги күчкө толуп турган жигит эле.

– Жеңе, акем жокпу?

– Эшикте жүргөн.

– Көрүнбөйт го?

– Жумушуң бар беле?

– Ооба, – деп телевизор тиктеп отуруп калды, дасторкон жайып чай куюп отурган Гүлбахардын оюна бир нерсе кылт дей түштү: «Карим өзү тукумсуз болуп жүрбөсүн, уккусу келбегени ошондондур, өзү врач эмеспи, неге ушул ой башыма келбеди экен», – деп телмире отуруп калганда Бекзат тийише кетти, анткени Карим менен Бекзаттын атасы бир тууган, аскерден келгени тийишип калчу.

– Жеңе, балаңардын ата-энеси табылдыбы?

– Ооба, атасы бар экен.

– Энесичи?

– Аны өлтүрүп кетиптир.

– Жаман болгон экен, качан алып кетишет экен?

– Билбейм, баш аягын жыйнаганда алып кетет го.

– Аа-а, акем экөөңөр качан балалуу болосуңар? – деди күлгөн болуп, – Ушу акемде мандем бар окшойт го?

– Койсоңчу, укса эмне дейт? – Гүлбахар сыртты элеңдей карап калды, – Экөөбүздү тең өлтүрөт.

– Жеңе, – деди Бекзат эңкейе акырын, – Акемдики болбосо мен турбайынбы, уругубуз бир эмеспи, – деди көзүн кыса.

– Кой антпе, бар үйүңө, акең келгенде кел.

– Кубалабаңыз эми, өзүм деле кетем, – Бекзат таарынгандай тултуңдады, – Мен келгенде акем күмөн санабас чыгаар.

5
{"b":"665357","o":1}