Айгүл ШАРШЕН
Өч алуунун аягы
Ош шаарынын бир айылында болуп өткөн бул окуя токсонунчу жылдын май айлары эле. Анда союздун гүлдөп турган маалынын акыркы жылдары, жаңы коомду көпчүлүк кабыл ала албай турган кез. Гүлбахар өзү медсестра болуп иштечү, отпускага чыкмак болуп арыз жазып эми үйүнө кеткени жаткан, чогуу иштеген Назира беш айлык наристени керебетке жаткырып жатканын көрүп:
– Бул кимдин баласы? – деди.
– Сенин балаң, – Нази күлүп койду, анткени Гүлбахар көп жылдан бери төрөбөй жүргөн эле, күйөөсү Карим экөө бала үчүн көп урушчу.
– Кандайча? – Гүлбахар ишенип-ишенбей тамашалап жаткандай карады, бүткөн бою билинээр билинбес калтырак басып курбусун тиктеп калды.
– Чын айтам Гуля, карасаң кандай татынакай бала, жактыбы сага?
– Ооба, уулбу же кызбы? – деди да керебетке эңкейип уктап жаткан наристеге үңүлдү, – Сулуу экен.
– Уул бала экен, – деди да Нази ага болгон ишти айтып берди, – Бул баланы азыр гана алып келишти, поезддин жолуна таштап кеткен экен, азырынча эч кандай негиз жок, бирок баары бир туугандары чыгат болуш керек.
– Ананайын ай десе, карасаң тим эле каштары капкара болуп жүзүнүн аппактыгын, кандайча таштап салышты экен? – Гүлбахар наристени колуна алып жүзүнөн сүйдү, – Денсоолугу кандай экен?
– Текшерип жатышат, анализдерин алды, төрт-беш айлык го, ыраспы?
– Ошондой го? – Гүлбахар баланы ойлуу бооруна кысты, – Бөйтөйгөн садагам десе, ушундай бир наристени кудайым мага дагы берип коеор бекен Нази? – Көздөрүнө жаш кылгыра түштү.
– Кабатыр болбо курбум, кудай деген куруу калбайт дешет эмеспи.
– Туура, кудайым куруу койбос…
– Бала кандай ыйлаган жокпу? – деп башкы врач кирип келип Гүлбахар көтөрүп турганын көрүп, – Оо Гуля, бала жактыбы? – деди күлө карап.
– Жакты агай.
– Эмесе ата-энеси же туугандары табылганча сен карап тур.
– Кантип? – Гүлбахар башкы дарыгерди таңгала карады, бала багып көрбөгөнгө жүрөксүдү, күйөөсүнөн тартынды, – Эмчек эмген баланы багуу оңой эмес го?
– Көнүп кетет.
– Макул, – деп Гүлбахар ойлонуп калды, башкы дарыгер чыгып кетти. Нази экөө көпкө сүйлөшүп отуруп анан үйүнө жөнөдү: «Каримге айтайын, макул болсо бага берейин, ушунча таштаган неме келе коймок беле», – деп ойлонуп келсе Карим келе элек экен. Күндөгүдөй эле өз ишин жасап кыбырап жүрүп дагы баланы ойлой берди, ата-энесине дагы кеңешмек болду, Карим эшиктен киргенде кубанычтуу каршы алып жайдарылана карады эле жактырбагандай:
– Энең эркек төрөгөнсүп эмне кубанып алгансың?
– Жакшы кабарым бар, сен макул болсоң эле болду.
– Эмне деген кабар?
– Бала багып алсак дедим эле…
– Кандай бала?
– Уул бала экен, бирөөлөр таштап кетиптир.
– Кереги жок, өзүң төрөй албай бирөөнүн баласына жалдыраткың келип жатабы? – Ачуулана бурк этти Карим.
– Анда өзүм багам.
– Эмне?
– Бала баксак ошонун арты менен балалуу болуп кетээрбиз.
– Жомогуңду кой, эмне кылсаң ошо кыл, – Карим дилинде макул болгонсуганы менен сыртына чыгарбады, – Кардым ачты, бирдеме берчи.
– Жуунуп келбейсиңби, тамак даяр.
– Ооба, – Керим сыртка чыгып кетти.
Гүлбахар өзүнчө ойго батып: «Мен балалуу болууну каалайм, өмүр бою Каримдин суз, муздак көз карашына тоңуп жүрө албайм, эне болуп, наристенин ырахатын, тун күлкүсүн угуп бактымды баладан табам, ал өз сүйгөнү үчүн өзүн түбөлүк туюкка камап алып, өзүнүн муз каптаган аралында жашай берсин», – деген чечимге келди. Карим кирип абалкысындай эле суздукка капталган муздак көз карашы менен Гүлбахарды бир карап алды да дасторконго отурду.
– Уул бала, татынакай, сүйкүмдүү экен, – деп койду Гүлбахар күйөөсүнө тамак куюп сунуп жатып.
– Деги аның кыргыз баласы бекен?
– Ооба-ооба, кыргыз эле, – Гүлбахар шаша жооп берди.
– Ата-энеси чыгып калсачы?
– Чыкпайт, – Гүлбахар ишенимдүү айтты.
– Кайдан билесиң, бир күнү чыга калса өзүңө жаман.
– Көрөбүз да, чыкса чыгаар, башкы дарыгер өзү бага бер деди, ал менин балалуу боло албай жүргөнүмдү укса керек, баланын артынан бала келет дешет го, балким кудайым бизди дагы кубантып коеор…
– Өзүң бил, издеп жатышыптырбы?
– Милицияга айтып дайындады.
– Аа-а, – деп койду Карим.
Бул үйбүлөнүн бирге жашаганына жыйырма жылдан ашып калса да бири-бирине муздак бойдон эле… Каримдин өзү жактырып жүргөн кызы бар эле, бирок аны агасы бербей койгон, акын агасынын көңүлүн калтыргысы келбей ал кыз Каримге болбой койгон. Гүлбахар бир үйдүн тун кызы, бирок төрөлгөндөн ыйлаак болгондуктан апасы ага энелик мээримин бере албады, бир күнү апасы каргап-шилеп жаткан:
– Жаагы сынып эле ыйлай берет, дегеле баладан башкача болду, өлүп кеткир ээ!
– Төрөбөй эле койбойт белең? – деди атасы күңк эте.
– Мен кайдан билейин, мунун мындай ыйлаак болоорун.
– Чоңойсо ыйлаагы калаар.
– Эк, тажап кеттим, – Силкине үч айлык кызын түртүп койду, бакыраңдаган наристе ушул учурда жарк этип күлүп койду, – Күлүп койгонун кара.
– Күлсө күлөт да, ыйлаактыгы ошол мунун, бала ыйлабай чоңойчу беле? – деп атасы кызын алып көтөрмөк болду, – Иштебесем өзүм багат элем, – Абдраим үй ичинде ары басты.
– Бага бер.
– Эмне болду? – Эшиктен Абдраимдин апасы Гүлпари келди, – Кызыңды көтөрүп алгансың го?
– Ооба, энеси муну жактырбай ыргытканы жатат.
– Ок, эмнеге ыргытат? – Гүлпари чоочуй келинин карады.
– Ыйлаак…
– Капырай де, бала ыйлайт да, ыйлабай чоңойгон бала болобу?
– Апа, күн-түн дебей ыйлайт, же уйку бербейт, же иш жасатпайт.
– Сабира, андай эле баладан тажап жатсаң мага бер, абысыныңдын согончогу канабай жүрөт, кандай гана багып алаар экен.
– Алып кетиңиз, багып алышсын, – деди Абдраим Сабирадан мурун эле, – Бала тапкандыкы эмес баккандыкы.
– Ой ала бергиле апа, дегеле тойдум, – деди Сабира дагы, Гүлпари келининин мерездигине таңгала баланы ороп, чулгап алды да көтөрүп алып өз үйүнө кетти, кичүү баласы үйлөнгөнүнө төрт-беш жыл болсо да балалуу болбой жүргөн, кубана Гүлбахарды көтөрүп кирген Гүлпари уул-келинине:
– Алып кел балам, агаңдын аялы баланы сүйбөйт экен, кудайдын буйругу менен балалуу болуп калсаңар ажеп эмес, чын пейилиң менен наристеге мээримиңди сал, балам, – деди кудуңдай.
– Жеңем өзү бердиби? – Уулу Азим апасын ишенкиребей карады.
– Бербегенде эмне, сенин балаңбы, аныкыбы баары биздин тукум.
– Апа, жеңем кайра алып алсачы? – деди Азимдин аялы Адина.
– Албайт, мен турам го? – деп Гүлпари наристени сунганда Адина кубана колуна алып мемиреп уктап калган наристени өпкүлөп ийди:
– Алтыным ий, дегеле көзгө сүйкүмдүү болуп калган го?
– Болду эми, уктап жаткан баланы ойготосуң, – деп келинчегинин колунан Азим алды, – Орун салчы.
– Азыр, – Адина шашкалактап балага орун салып жатты.
– Дегеле мемиреп калганын, үйүндө какылыктап ыйлап жаткан, – Гүлпари эч нерседен капарсыз бөйпөйүп уктап жаткан наристени мээримге толгон көз менен жылмая карап койду.
– Ошончо эле ыйлаак бекен?
– Айтпа, күнү-түнү ыйлайт дейт.
– Ыйласа деле мейли, уктабай эле багып алам, – Адина кызды колуна алып төргө жаткырды, – Садагам ий, ойгоноор түрү деле жок го?
– Баланын периштеси бар сенде балам, буйруса сен дагы төрөп аласың, ушу кыз ак жолтой болсун.
– Ошондой эле болсо экен, апа, – Адина бөйпөйүп уктап жаткан наристени ойлуу карап калды, – Кудайым ушундай эле бир кыз берсе болду, – Улутунуп жиберди.
– Жараткан пендесин өзү жалгайт балам, кудай десеңер куруу калбайсыңар, – Гүлпари сыртка чыгып кетти.
– Адина, сен муну бага аласыңбы? – деди апасы чыгып кеткенде Азим аялына.
– Эмнеге бага албайт экенмин, багам эле, – Адина күйөөсүнө бултуң эте таарынып калды.
– Деги да, өзү ыйлаак болсо, анын үстүнө бала багып көрө элексиң.
– Багам эле, керек болсо кандай багаар экенмин, – Адина эңкейе кызды ууртунан секин өөп алды.
– Чоочутасың, – деген Азим анын жанына отура калып өзү дагы наристени өөп алды, – Бала кандай жакшы көрүнөт ээ?