– Ооба апа, – Сабира уялгандай жер карады, Сабира Абдраимдин экинчи аялы, Адинадан кийин келген. Гүлпари сүйлөнө короодон чыкты.
– Капырай, азыркы жаштар жаталак дегеле, колу бошунда ишин жасап албайбы, керээлден кечке жата бербей, – Ал үйүнө жеткенде Азимдин келип калганын көрдү, ал атасы экөө сүйлөшүп турган экен: «Каап, айтпа деп койбой, мейли садагаң кетейин, кубанып калсын», – деп ойлонуп жете келди.
– Мурдуңа келгир десе, тим эле дердеңдеп калган тура, – мулуңдай күлүп уулун өзүнө тарта эки бетинен өптү, – Кут кылсын балам, аман-эсен көзгө көрүнгүчө киши-карага айта бербегиле.
– Макул, апа, – Азим апасына жылмая карады, – Угуп алып аябай сүйүнбөдүмбү.
– Кудай кубанчыңды кут кылсын.
– Ошондой эле болсун апа, ал силердин небереңер болот да.
– Айла-анайын, Адина бала менен кыйналбасын, мен үйгө кирейин, – деп Гүлпари ичкериге кирди, – Кызың уктадыбы, балам?
– Ооба апа, Гүкү уктап калды.
– Садагаң болоюн десе, кудайым ушул кызды силерге периште кылып жөнөткөн экен да.
– Ошондой болсо керек апа.
– Тамакты асып койдуң беле?
– Ооба, бышайын деп калды.
– Абдраим менен Сабираны чакырып койдум, алар кийин укса таарынышат, мындай кубанычтуу жаңылыкты аларга айтпай койсок болбойт эмеспи.
– Ооба апа, айтпай кантип коймок элек.
– Тобо де балам, көптөн бери төрөбөй жүрөсүң балам, этият бол, бирөөнүн сөзүндө, бирөөнүн тилинде бар.
– Макул апа, – деп Адина унчукпай калды.
Ошентип көптөн күткөн кубаныч өз койнуна алып эми төрөбөй калдым го деп жүргөн Адинанын кубанычтан жүрөгү элеп-желеп болуп Гүлбахарды кудайындай көрүп жерге-сууга тийгизбей карап-багып жатты. Сабира экинчи кызын төрөп алды, Фатима төрөлгөндөн эле момурап жоош болду, Абдраим да кубанып экөөлөп карап жашоолоруна ыраазы болуп жашап калды. Ошол жылы жазга жуук Адина уул төрөп алды. Кубангандарын айтпа, атын Уланбек коюшту, артынан убай-чубай уул-кыз келе берсин деген тилек кылышты. Көп адам чакырып шаан-шөкөт деле кылган жок, баланын туулганына эмес турганына сүйүн деген эмеспи илгерки ата-бабалар.
Гүлбахар көздөрү жайнаган, татына кыз болуп чоңоюп келе жатты, жетиге чыкканда мектепке барды, ошол жылы Сабира бешинчи кызын төрөгөн, жаш аялмет болуп кыйналганынан ал Гүлбахарды сурай албай шылтоолоп сурап келе берет. Бир жолу жекшемби күнү келип:
– Апа, Гүкүнү жиберип койгулачы, балдар менен кыйналып жатам, кир когумду жууп алайын, – деди.
– Ботом, итирейтип буга бала бактыргың келеби, шылтоону башкага айт, эми Адина менен Азим силерге береби, анан калса экөө тең аны жакшы көрүшөт, – Гүлпари келинин сүйүңкүрөбөй карады.
– Жок апа, анда-санда жиберип турсаңар, жардамдашып турсун, – деди Сабира жер карай.
– Жеңе, – деди Адина, – Гүкүнү сизден талашпайбыз, бизге ак жолтой болуп берди, бала үчүн жаман көрүнүшпөйлү, барса барып келип турсун, мен сизден алыстатпайм, – деди күлүмсүрөй, – Ал үй менен бул үйдүн кандай айрымасы бар, колунан келишинче бөбөктөрүнө каралашсын.
– Өзүңөр билгиле, айланайындар, – деп Гүлпари эки келининин ынтымактуулугуна ыраазы боло карады, – Дегиңкиси баланы ортодо чайналтпай өз-өзүңөрчө мамиле кылгыла, бакма бала кыйын болот.
– Апа, Гүкүнү мен эч нерсе дебейм, эсине киргенде баарын өзү түшүнүп алат, жеңем да андай эмес.
– Мен эмне демек элем апа, бала болуп кетиптирминби же мен сени ыйлаактыгыңдан тажап берип койгом демек белем? – Сабира эшикти карап коюп күлгөн болду, – Мен жөн гана жардам берсин деп жатам, Адинанын өз кызы болсо деле сурап келет элем, анда эмне дейт элеңиз?
– Шум келиндер ай, мейли Гүкүнү чакырып алып кет, кайра кечке калтырбай жибер.
– Жарайт апке, – Сабира ордунан туруп эшикке жөнөдү.
Ал сыртта ойноп жүргөн Гүлбахарды ээрчитип үйүнө кетти, бирок канчалык аны кызым деп айткысы келсе дагы имериле албады: «Деги ушул кызга мээрим түшпөдү, неге мындай болду, өз баламды жээригеним кызык, ушундай да болот экен ээ?», – деп ойлонуп жүрүп дагы да төрөдү, кийинки кезде тукум улаар уулум жок өтөмбү деп көп ойлончу болгон эле. Эки үй, эки бир тууган абдан эле ынтымактуу болчу, ата-энелерин сыйлап, эки келин алдынан кыя өтпөй тамагын даамдап берип турат. Бир жолу эшикте жүргөн Гүлбахардын үнү «чыр» этти эле баары жабыла чыга калды. Ал чөптүн үстүнөн жыгылып кетиптир.
– Кокуй карангүн, чөпкө эмне чыктың эле?
– Этияттап көтөр эми, – дешип Азим үйгө көтөрүп кирди, анда врачтар анча көп эмес, сынык билген адамды алып келишип омурткасын салдырышты. Бир айдай төшөктө жатты. Ошондон жакшы сакая электе Абдраим келип:
– Гүкүнү бизге бергиле эми, балдарга каралашсын, – деди.
– Азыр жакшы боло элек, бели жакшы болуп калганда барсын, аке, – деди Азим, – Бала көтөрө албайт.
– Болуптур анда, – Абдраим башын жерге салып үйдөн чыкты, анткени Сабира: «Кыз бала болсо бүкүр болуп калбагай эле, үйгө эле алып кел, жакшылап карайлы», – деп жиберген эле.
Убакыт билинбей өтүп Гүлбахар бой тартып баратты, сегизинчи класста окуп жатканда кокусунан катуу жыгылып дагы белин оорутуп алды. Ооруканага алып барышты эле андан борборго жөнөттү. Гүлбахар жылдап ооруканада жатып калды, өзүнөн кийинки сиңдиси Фатима да бой жетип көзгө көрүнүп калган. Гүлбахарды медучилищага окутуп коюшкан. Ал окуп жүргөндө ага Каримдин ата-энеси куда түшмөк болуп чакыртып алышты, ошентип ал сүйлөшпөй этпей эле турмушка чыкты. Карим үйлөнгөндө муздак болуп ошол бойдон муздак, салкын мамиле жасап Гүлбахарды бир жылмайып карабады. Экөө жаш жубайлардай күлүп-жайнап ойноп күлбөдү… Ушуларды ойлонуп отуруп кеч жатты. Көңүлү уйгу-туйгу, бала эсинен кетпей улам эле болпойгон наристе көз алдына тартыла берди. Эртеси отпускага чыкканына карабай жумушуна келди, ал башкы дарыгерге кирээри менен эле:
– Гуля, келгениң жакшы болду, баланы алып кете бер, эгерде ата-энеси табылса көрөбүз, – деди.
– Макул агай, менин дарегимди милицияларга берип коесуз да.
– Албетте, аз күн болсо дагы баланы жакшы кароо керек, камкордук керек балага, баарын текшердик, денсоолугу жакшы.
– Түшүнөм агай, анда мен бара берейин.
– Бара гой, жакшы эс ал.
– Рахмат, – деди да башкы дарыгердин кабинетинен чыгып түз эле бала жаткан палатага кирди.
– Эмне болду, алып кете турган болдуңбу? – Назира суроолуу карады.
– Ооба, – деп Гүлбахар кубанычтуу жылмайды.
– Эч кимиси келбесе кандай болот, бага бересиңби?
– Эмнеге бакпайм, бала кылып алам, – деп Гүлбахар наристени колуна алып бооруна кысты, – Мага бала болосуң ээ балам?
– Күйөөңө айттыңбы?
– Ооба.
– Эмне дейт?
– Эчтеке, өзүң бил дейт.
– Жакшы болуптур, жолуң болсун эми, отпусканы бала менен өткөрө турган болдуң, – Назира күлүп аны кабинеттен узата чыгып кала берди. Үйүнө келе жатып эле наристеге бир сыйра кийим-кече алды, сүт менен упчу алып анан келди. Сүйкүмдүү наристе чоочуркап жатып көнө түштү. Күнү-түнү койнуна алып жатып, үнү чыкса эле уйкусунан ойгонуп карай калат. Эки жума дегенде ал өзү иштеген жерге барды, башкы дарыгер жакшы кабыл алып:
– Баланын абалы кандай? – деди туруп келип наристени карап жылмая.
– Жакшы.
– Ыйлаак эмес бекен?
– Жоош эле…
– Азамат, сен бир адамды асырап калдың.
– Агай, ата-энесинен дайын жокпу?
– Жок, болсо сөзсүз айтабыз.
– Эмне кылам, аты жөнү жок жүрө береби?
– Жок-жок, эки жумага чейин табылбаса өзүңө энчиктеп алууңа болот, керектүү кагаздарды толтуруп беребиз, күбөлүк алганыңа, – деди башкы дарыгер.
– Макул агай, – Гүлбахар баланы көтөрө кабинеттен чыгып бирге иштеген медсестраларга кирип көпкө отурду, ар кимиси ала коюп баланы эркелетип Гүлбахарды тамашалап жатышты, көптөн кийин үйүнө келди, келсе Карим үйдө экен.
– Бала деп мага көңүл бурбай да калдың, деги сага ошол талаадан табылган неме керекпи же менби? – Үңүрөйө карады.
Өзү да врач, башка клиникада иштечү, болгон окуяны угуп келген экен.
– Сен качантан бери менин көңүлүмдү карап калдың эле, жыйырма жылдан бери муз үстүндө калтырап келе жатам го, жок дегенде баланын ырахатына батып бактылуу болгонумду ыраа көрбөйсүңбү? – Гүлбахар ызалуу жооп кылды, – Өмүр бою башка бирөөнү ойлонуп, мен эмес ошонун элеси менен жашап келе жатасың го?