Литмир - Электронная Библиотека

– Койсоңчу, – Карим дале кабагын бүркөй карап кол шилтеди, – Бирдеме жасай койчу, кардым ачты.

– Азыр, баланы уктатып коеюн.

– Аныңдын атасы келет жакында.

– Эмне, кайдан билдиң? – Гүлбахардын көздөрү алайып кетти.

– Атасы бар экен, – деп укканын айтып баштады.

Шухрат өзбек экен, аялы Зейнеп экөө эки жыл мурун эле үйлөнүп ушу баланы көрүшүптүр. Атасы өлгөндө бир агасы үйүн талашып жүргөн экен. Ага карындашы кошулуп:

– Сен кичүүсүң, жашсыңар, үй салып аласыңар, бошотуп бергиле, – деди, – Апа, балаңа айт бошотуп берсин.

– Ботом, бул үйдө Шухрат калат, андан көрө алар чоң эмеспи, үй салып алышсын, – деди апасы.

– Жаш аялмет болсо, кайдан үй салат, калыс эле болбойсуңбу, жаш немелер үйдү салып да, сатып алса болот.

– Жаш болсо да эң кичүүсүндө болот, сен эмнеге эле минтесиң, экөөнө тең калыс бол, бирин ашык, бирин кем көрбөй, – Энеси кызына ачуулуу карады.

Шухраттын атасы үйлөнгөндө Сарвиназ менен Шарип кичинекей болчу, алардын апасы ооруп каза болгондон эки жыл өткөндөн кийин үйлөнгөн. Сарвиназ өгөй энесине атайын эле жинденип жүргөн болчу.

– Ооба, Шухрат да менин бир тууганым, бирок сен экөөнү бөлүп жатасың, энеси бөлөк экенибизди далилдедиң, Шарипти бул үйгө киргизбесеңер силерге күн көрсөтпөйм, – деп албууттанып чыгып кетти.

Ошентип уруш көбөйүп отуруп акыры бир күнү түн жамынып келген Шарип менен Сарвиназ эки жакты карап эч ким көрбөгөндөй кылып жылып келе жатканда үйүндө коноктун бар экенин көрүп кайра кетишти. Зейнептин төркүндөрү бар эле, эртеси алар кеткенден кийин Зейнем күйөөсүнө:

– Шухрат, талашпай эле берип койсоңчу, түшүм жаман, бир балээге кабылып жүрбөйлү, – деди маанайы пас.

– Коркпо, Юсуп менин дагы атам, анын да атасы, кичүү деп мага жол койбосо өздөрү билсин, – деп Шухрат моюн бербей ишине кетип калды, келин бечара ойлонгон бойдон кала берди, анткени анын түшү өтө коркунучтуу болгон экен, өзүнүн чоң атасы аны ачууланып колунан алып жетелеп баратыптыр: «Балам калды, мен баламды алып алайынчы», – дегенине болбой: «Ал атасы менен калсын, сени тигилер мага жөнөтүп жатпайбы, кайненеңди күйөөсү алып кетет, сени мен алып кетем», – деп болбой эле караңгылыкты көздөй сүңгүп баратканда чоочуп ойгонуп кетти. Шухрат ошол күнү жумушунан кеч чыгып бирге иштеген шериктери менен сүйлөшүп чайлашып отуруп калган. Кеч күүгүмдө Шарип менен Сарвиназ келди да энесин урчудай болуп жатты:

– Жерди, үйдү бересиңби жокпу? – Сарвиназ мойнунан быкындаганда Зейнеп жетип чырылдап ийди:

– Эже, алгылачы баарын, апама тийбеңиз!

– Ыя де, кайненеңди жакшы көрөсүңбү, Шухрат менин тилимди албай сени алган, сүймөнчүк келинсиң да, – деп аны Сарвиназ түртүп ийди.

– Сарвиназ, анда эмне күнөө, сени эже дегенден башка эмне жамандыгы бар? – деп кайненеси тура калганда аны дагы түртүп ийди эле катуу жыгылып жыгач сандыктын кырына башы тийип кан жайылып кеткенде Шарип менен Сарвиназ бири-бирин карап делдейе калышты, алар жөн гана коркутмакчы болуп келген эле, Зейнеп чырылдап кайненесинин башын жөлөп бакырып жатканда Сарвиназ Шарипке башын ийкеп койду эле ал жүгүрүп эшикке чыгып барып балта көтөрүп келди да жетип ай-буйга келтирбей келинди башка бир чапты, кемпир эбак сулк жатып калган, аны кучактап отурган бойдон Зейнеп шылк этти.

– Ким кылганы билинбей калсын, кеттик эмесе, – деп Сарвиназ агасына караганда ички бөлмөдөн баланын үнү угулганда селдейе түштү:

– Эми эмне кылабыз, жата берсинби?

– Жок, аны да өлтүрөлү.

– Кантип, ал эчтекени билбейт, ансыз деле ыйлай берип боору катат, качтык бол эрте, – деп Шарип эшикти көздөй басканда Сарвиназ баланы көтөрүп жөнөдү, алар баланы алып үйдөн караандары эми гана узаганда Шухрат дарбазадан кирип келе жатып бир жамандыкты сезгендей жүрөгү опкоолжуй түштү да бөлмөгө жүгүрүп кирди, оозгу бөлмөдө бири-бирине оролушуп канжалап жаткан апасы менен аялын көргөндө эсин жоготуп койду. Дендароо болуп бир саамга туруп анан эсине келип өкүрүп-бакырып бир апасын, бир аялынын башын көтөрө калып кучактап ыйлап жатканда ар жак бери жактан коңшу-колоңдору келип заматта эл жыйналып калды. Ал убакта бала эсине келбеди, милиция чакырышып өлтүргөндөрдү иликтеп жатты, Шухрат аларга күнөөкөр ким экенин билип турса да айтпады. Үчүнчү күнү өлүктөрдү өз жайына коюп, ыйлап-сыктап отуруп анан оюна уулу келип жанында отурган атасынын иниси Музафарга кайрылды:

– Аке, менин уулум эмне болду, аны кайда алып кетишти?

– Ким билет, өчөшкөн немелер баланы алып кеткен го?

– Эмнеге, эмнеге баланы алып кетишет, азыр аларды өз колум менен өлтүрөм! – деп атып туруп эшикке жөнөгөндө аны Музафар кармап калды:

– Эсиңе кел, өлгөндөрдү ойло, кечээ көмүлгөн өлүктү кайрадан казып суракка алышат, баланы мен иликтейм, сен ачууңду басып үйдө отур.

Ошентип алар баланын дайынын угушуптур, – деди Карим, – Атасы аябай жинденип, – Кантип, Шарипти өз колум менен элдин көзүнчө мууздайм! – деп жулунганда достору, тагалары аны кое беришпеди, бул кезде Шарип үйбүлөсү менен Сарвиназ эки баласын алып айылдан чыгып кетишкен эле, анын күйөөсү жок болчу… Ошентип аларды үйүнөн таппай калып милицияга кабарлашты, алар дароо эле ооруканага алып барган наристе жөнүндө айтып тактамак болуп жетип барышты. Башкы дарыгер менен сүйлөшкөн соң Каримдин үйүнө келишти. Гүлбахар үйдө болчу, дарбазанын такылдаганынан чыга калса төрт беш сомодой болгон өзбек адамдары турган экен:

– Ассалоому Алейкум, апажан, – деди бири колун бооруна ала, жанында милиция кызматкери жүргөн.

– Эже, балага келишти, тааныса булардыкы, тааныбаса башка жактан издейбиз.

– Макул, – Гүлбахар дарбазаны кең ачты, – Кириңиздер. – Баары ичке киришкенде Азат уктап жаткан, Гүлбахар аны жүгүрүп жүрүп өзүнө каттатып күбөлүк алып, атын Азат деп коюп алышкан эле, аз убакыт бакканга боор эти менен тең болуп калган экен, ичи ачышып ыйлагысы келип турду, бирок чыдап баланы өйдө көтөрө берди, – Мына тааныдыңарбы, силердин балаңар бекен?

– Уулум! – деп Шухрат кулачын жая бергенде жаңыдан ойгонуп, уйкусураган наристе атасын көрүп талпына бой таштап жиберди, – Уулум, биз жалгыз калдык, биз ушу күнгө туш болдук, – деп бооруна кысып алып солкулдап жатты.

Азат бул үйбүлөгө келгенине бир айдан ашса дагы Каримден чоочуркап, аны көргөндө бакырып ыйлап жиберчү, эми Шухрат канчалык бекем кучактап алса да төшүнө башын катып жылтырап кайгыны түшүнгөндөй момурап тура берди.

– Апажан, – деди Шухрат көптөн кийин, – Сизге рахмат, уулума экинчи эне болуп калдыңыз, баламды алып кетейин, – деди.

– Шухрат аке, сиз эми ала албайсыз, – деди участковый ага.

– Неге өз баламды…

– Мыйзам ченемдүү табылган баланын ата-энеси эки жумага чейин табылбаса баккан киши менчиктеп алууга акылуу, ошондуктан балаңызды кайра өзүңүзгө өткөрүп алганча бул жерде болот.

– Үйдө күбөлүгү бар го?

– Туура, бирок булардыкын жокко чыгарыш үчүн убакыт керек.

– Жарайт, – Шухрат жер карап ойлонуп калды, Гүлбахар аларга чай берип жатканда Карим келип калды. Баш ийкеп учурашып, үйбүлөсүнүн өлгөнүнө көңүл айтты, чай ичип-ичпей алар үйдөн чыгышты.

Гүлбахар баланы кучактаган бойдон телмире отуруп калды: «Ушинтип менин кубанычым көпкө узабады, кайрадан жалгыз каламбы, көнүп калдым эле, эми эмне кылам, Карим табалайт го», – деп ойлонуп отурганда аларды узатып чыккан Карим кирди.

– Мына, элеп-желеп болуп алдың эле, эми эмне кыласың?

– Эмне кылмак элем, өзүм менен өзүм кеңешип жүрө берем.

– Эн-неңди, андан көрө туубайсыңбы! – деп Карим жини келип сөгүнүп кыйкырып жибергенде анын жүрөгү түшүп калды:

– Эмне кыл дейсиң, төрөй албасам кантейин, андан көрө сен төрөй турган аял болсо ала берчи кудай жалгагыр! – деп Гүлбахар дагы тилин тартпай көз жашын куюлта бөлмөдөн чыгып кетмек болгондо Карим аны кармап калды.

– Эмне, менден кеткиң келдиби, же башка бирөөнү таап алдыңбы, же алдагы баланын атасына тийгиң келип калдыбы?

– Кудай жалгагыр Карим, мени өлтүрсөң өлтүрчү деги, менин жүрөгүмдүн ооруганын сен кайдан сезмек элең?!

4
{"b":"665357","o":1}