Литмир - Электронная Библиотека

– Жок-жок, андай эмес… – деп Гүлбахар кайнисин карап калп жылмайды, ичинен: «Эмне экен, кудайдын парманы менен төрөп алсам жаманбы, өз убалы өзүнө, ошондой эле текшертип баратса көрөөрмүн», – деген ойго алдыра дасторконун жыйнап коюп отуруп калды. Карим ошол күнү келбеди, анын өзү жактырган бой келини бар эле, жан дүйнөсү эңшерилгенде ошого кетип калмай адаты. Бекзат эл жатканча аны-муну айтып акесин күтүп отурду, Гүлбахар жатууга орун даярдап жатканда эшикке чыгып кетти, жарыкты өчүрүп жатып алган Гүлбахардын койнуна бир убакта кирип келди.

– Жеңе, жок дебечи, өзүңө көптөн бери ашыкмын, – шыбырай ычкырына колун сойлотту, – Тез эле бүтүп кетип калам.

– Жарыбагыр десе, мени ким деп ойлоп жатасың? – Гүлбахар аны түрткөн болду, бирок күчкө толуп турган жигит ой-боюна койбой эле арыдан бери ишин бүтүрө салып шашыла кийинди да түн катып жолуна түштү.

Гүлбахардын дене-бою бир башкача жыбырап ал кеткенден кийин да эңсеп туруп алса болобу. Деги күйөөгө тийгени эркектин койнунун мынчалык кумарлуу да ырахаттуу экенин сезбептир, анткени Карим анын үстүнө чыгып да эрип-элжиреп өпкүлөгөн эмес экен. Жаш жигиттин жанталаша өпкүлөп, мойну-башына чейин аймалаганы жанын көзүнө көрсөтүп ырахатка эми батып баратканда кетип калбадыбы? «Чунак бала, мынча болгондон кийин биротоло ырахаттын даамын таттырбайт белең, акеңди келип калат деп корктуң го», – деп улутунуп алып жанында жаткан наристени шор эттире жыттап алып улутунуп ийди.

Эртеси кечинде келди Карим, үндөгөн жок, эшигинде бирдемени кармалагансып жүрүп кеч кирди үйгө.

– Тамак барбы?

– Бар.

– Алып келчи.

– Азыр, – Гүлбахар колундагы баланы жаткырып коюп анан дасторкон жайды, – Кечинде кайда бардың?

– Сага эмне кереги бар? – Күңк эте карады.

– Сурадым да.

– Жумуш бүтүрдүм, – деди үңкүйө.

Гүлбахар да унчукпай калды, ал түндөгү ырахаттуу мүнөттү кайра-кайра эстеп өзүнчө кыйнала берди, ошол бир түн анын көз жашын кургатып түбөлүк эне болуу бактысынан кур калам деген Гүлбахардын жүрөгүнө бакыт нурун чачыратып, наристе жытын жыттатаарын анда эч кимиси билген жок. Болгону сезимдин назиктиги, аялдын назик көңүлү кайрадан кайнисин эңсетип туруп алган эле.

– Ишиң бүттүбү анан?

– Эмнеге эле такып калгансың? – Ачууланып акырайып карады.

– Эрим болсоң сурабайынбы.

– Сурабай жүр, кайда барам өзүм билем.

– Мени аялдыкка алдың беле же күңдүккө алдың беле ыя?!

– Кандай ойлосоң ошондой ойло!

– Сени кудай кыйнасын, түбөлүк ушинтип кыйнагандай айбым кайсы?

– Болду, андан көрө төрөп бер, ошондо менден сый көрөсүң.

– Желден төрөймбү, жыйырма жылдап жашасак да эркектей болуп сылап-сыйпап жылуу сөз айтпайсың, топтой тоголото тээп кумардан чыгып басып кетесиң, тажадым деги ушул жашоодон, азыр бала менен алек болуп калдым, аны алып кетсе тиземди гана кучактап, көз жашымды төгүп жападан жалгыз калам го? – Буркурап ыйлап ийди.

Ошол кезде Бекзат кирди.

– Аке, силерге эмне болду?

– Жеңеңдин кыялы кармап жатат. Кел, эмне жумуш?

– Сизде жумушум бар эле.

– Айта бер.

– Өзүбүзчө сүйлөшсөк дедим эле.

– Тамак ич, анан сүйлөшөбүз, – Гүлбахарды карады, – Жиниң таркаса тамак алып кел Бекзатка.

– Ичпейм аке, тим эле коюңуз, – дегенине карабай Гүлбахар куюп келип алдына койду да баланы көтөрүп ички бөлмөгө кирип кетти.

Карим менен Бекзат бир аздан кийин эшикке чыгып кетишти, Гүлбахар күйөөсүн көргүсү келбей баратты. Карим киргенде төшөгүн салып, Азатты кучактап жатып алган эле.

Ошондон бир жума өтпөй июндун ондорунда өзбектер менен кыргыздардын ортосунда кагылышуу чыгып кетти. Токсонунчу жылдын июнунда….

Ошондогу мемиреп турган кеч кимдин эсинен кетсин, заматта тарс-турс этип, кыйкырык, ызы-чуу түшүп, өрттөнгөн үйлөр, айрыкча кыргыздардын кыздарын кыйнап өлтүрүп, боюнда бар аялдарды ичин жарып ыргытып, кырк биринчи жылкы фашисттердин аеосуз согушунан да өтүп кетти. Бирок Каримдин үйүнө бир өзбек басып келбеди, жан-жака белиндеги коңшуларынын үйү өрттөнүп, адамдары өлүп, кызыл кыргын болуп жатты.

– Азатым, сен бизди сактап калдың, – деди бир күнү Гүлбахар бооруна кысып отурган наристени өөп, наристе дагы бир нерсени сезгендей көздөрүн алайта башын төшүнө катып култуң эте күлүп койгонун кантесиң.

– Шухрат дайындаган го дейм? – деди үрпөйүп сыртка чыга албай жашынып отурган Карим.

– Ким билет, андай болбосо бизге да келмек, кудай ай, деги тынчып калса экен, элге кыйын болду го?

– Айтпа, кадимки согуш, кан жыттанып, далайы ар кайсы жакка түндөп качып жатыптыр.

– Өкмөттүн да алы келбей баш аламан болуп жатат.

– Эл тынчып калса экен, – деп оозун жыя электе эшиги тарсылдап калды, экөө бири-бирин карап нестейип калды, заматта көз алдыларына өлүм элестеп ачаар-ачпасын билбей турганда кыздын үнү угулду, Карим чыга калса тестиер он-он эки жаштардагы кыз экен. Чачтары саксайып, кийими тытылган.

Үйгө киргизип эшигин бекитип коркуп калган кызды төргө өткөрдү.

– Кайдан качып келдиң, артыңдан эч ким акмалаган жокпу? – деди Карим корккондой.

– Жок, мени өлдү деп ыргытып ийишти, атамдарды өлтүрүп кетти, – Кыз калчылдап жатып зорго сүйлөдү.

– Чай ичип алчы, же суу берейинби? – деп Гүлбахар кыздын маңдайына келди, – Коркпо, эч ким көрбөсө болду.

– Биякка келбейби?

– Келбейт. Кел, мындан ичип алчы, – Суудан жуткуруп, ичкериден халат алып чыгып кызга кийгизди, – Атың ким?

– Мукарам.

– Коркпо кызым, эч ким келбейт.

– Корком, атам менен апамды… – Кыз колдору калчылдай ыйлап жатты.

– Эмне кылабыз кызым, ушундай болот деп ким ойлоптур, бейкут жаткан элге кандай ниети бузуктар чагым кылганын ким билет, – Карим оор күрсүнө отуруп калды. Көрсө ата-энесин, агасы менен жеңесин өлтүрүп бир зөөкүрү Мукарамды зордуктап анын эси ооп калганда өлдү деп ойлоп ыргытып ийип кетип калган экен. Ата-энесинин өлгөнүн өз көзү менен көргөн кыз түнү менен жөөлүп, эти ысып таң атканча Гүлбахар карап жатты. Эртеси кечке эчтеке ичкен жок, эси чыгып калыптыр, үч-төрт күн өткөндөн кийин:

– Иним бар эле, эжем экөө кайда кеткенин билбейм, – деди.

– Чогуу белеңер?

– Ооба, коркуп тоого качып кетмек болгонбуз, күндүзү эле келишти.

– Кыргыздар келдиби?

– Жо-ок, өзбектер экен.

– Силер кыргызсыңарбы?

– Атам кыргыз, апам өзбек болчу.

– Шүмшүктөр десе…

– Эжемдерди да өлтүрүп коюшту го, эже?

– Ким билет кызым, алар да бир жерде жашынып калгандыр.

– Тирүү болсо экен, мен жападан жалгыз каламбы, үйүбүздү болсо өрттөп жиберишти, согуш качан бүтөт? – Көздөрүн жалжылдата Гүлбахарды карады.

– Бүтөт кызым, тынчтык болот, сен дагы чоңоесуң, – Мукарамды сооротуп башынан сылады, – Эжең менен иниңди табасың, өкмөт кам көрөт.

– Атамдар өлүп калбадыбы, мени зордуктап коюшту, эми кантем?

– Баары унутулат, эч кабатыр болбо.

– Унуталбайм го, атам менен апамды көзүмчө кордоп өлтүрүштү.

– Тагдыр ушундай экен да кызым, бул жакты кантип таптың?

– Мен алар кеткенден кийин туруп апамдарды карадым, аларды өрттөп ийишиптир, анан башым оогон жакка баса бердим, өрттөнгөн үйлөрдүн ичине жашындым, кеч киргенде сиздердин жарыкты көрүп келдим.

– Жакшы кылгансың, эми эртеңден баштап сени подвалга бекитейин ээ, дүкөндөр өрттөнүп, эшикке чыга албай тамак ашыбыз да түгөндү, кокус бирөө жарым келсе сени көрбөсүн.

– Макул, – Мукарам улутуна отуруп калды.

Айткандай эле эртеси алардын үйүнө беш-алты өзбек келди, Карим менен сүйлөшүп түн ичинде кайра кетти. Бирок эч нерсе дебеди. Ошентип Ош шаары будуң-чаң түшүп, өрт жыттанып турду, согуш басылып чоңдор келип элди ынтымакка чакырып, бузулганды түзөмөк болуп, качкан элди чогулта баштады. Жетим балдарды, кароосуз калгандарды убактылуу жайларга жайгаштырып кайрадан куруу иши башталып тынчтык өкүм сүрө баштаганда Азатты Шухрат туугандарын ээрчитип келип алып кетмек болду. Карим менен Гүлбахарга кийим-кече алып келиптир, эшигине аш басып ыраазылык алып анан жөнөмөк болгондо Гүлбахар аябай ыйлады:

– Каттап тургула, Азат менин дагы балам болуп калды.

6
{"b":"665357","o":1}