Мисалы: бут же жүрөк сайгылашып ооруп кетти, ошол дене мүчөңдөн кечирим сура, кечир. Мээңдин тартышкан жерин бош карма. Мээге түшүндүр. Менин мээм эми мага ал сезимдин кереги жок. Мен ал сезим менен кантип жашаганды үйрөндүм. Ракмат сага. Ыраазымын! Мен ден соолукта болууну чечтим! Ден соолукту тандадым! Ден соолуктун толкунуна уландым! – деп төбөңдөн энергия кирип жууп жатат деп элестет.
Кыялыңда көз алдыңда кандай түстөр пайда болду? Кетпей туруп калган түстөр менен сүйлөшө бер. Жашоонун кайсыл өнүгүү этабында болсоң ошол түс көбүрөөк өлчөмдө болот. Эгерде жаның байыркы жандардын катарында болсо аппак түстө же күн нурундай жарык түскө барганад жапжарык болуп көзүң өзү ачылып кетет. Эми көңүлүңдү ички дүйнөңө бур. Көзүңдү жумуп концентрация кыл. Түсү кандай? Ал түскө ыраазы бол, Миаслы: кызыл түс бутуңда турат, ошол түс менен сүйлөш -“Мен сени менен ушунча жыл бирге өмүр сүрдүм, сени кабыл алдым!Сени менен бирге кантип жашаганды үйрөндүм. Сага ыраазымын! – деп туруп көгүлтүр түстү элестет да жуулуп, тазаланып кетти деп ойлон. Кызыл түстөр эки буттуңдан жылып денеңден чыгып, Жерге сиңип кетти. Аны менен кошо жаман ойлор кетти. Денеңди бош карма, эки буттту кыймылдатып, “Ооруунун” денеден чыгып кетишине уруксаат бер. Себеби, ооруу– бул энергия, кыймылсыз уюп, туруп калган энергия. Ал эми энергия кыймылдайт, жылат. Аны массаж кылыш керек, же кыймылда. Көздү ачпай тур. Жаман ойду жакшыга өзгөртүп ойлоп, коюп жибериш керек. Оорууңду мээриңди төгүп узат. Ыраазылык билдир. Денени бош карма, дем ал, дем чыгар. Дем алуу менен денедеги туруп калган “энергия” жылат, коюуланган кан суюла баштайт. Денеде талыкшып, жүрөк сыгылган акыбал да байкалышы мүмкүн. Өзүңдү бош кармоого, чыдамкайлык менен ооруунун денеден чыгып кетүүсүнө жол бер. Ар кандай ооруу дене аркылуу акырын жылып – жылып таркай баштайт. Суусасаң жылуу суу коюп, ууртап ичип тур. Жүрөк, кан тамыр ооруулары менен ооругандар этияттык менен, акырындык менен аз аздан жасоосу керек, шашуунун кереги жок. Себеби, ал ооруу бир күндө пайда болгон жок да, аны өзүң жакшы түшүнөсүң. Бул нерсени баштап алгандан кийин күнү-түнү энергиялар жыла баштайт. Ошон үчүн, бул китеп адабий китеп эмес деп эскертип жатам. Денедеги дың жерлер өздөштүрүлүп, муздар эрий баштайт. Чыдап, улантуу керек. Ден соолукту бузуу оңой, калыптандыруу үчүн эскини денеден бошотуп коюп жиберүү керек. Эски энергия кетпесе, жаңысы кантип кирет? Эч ким эч кимге жооп бербейт, себеби өзүң бузгансың, өзүң аны оңдой аласың. Ал үчүн денеңди ук. Оюңдун тазалыгын сакта. Позитивдүү ойлон.
Булчуңдарды бошотуу, денени бош коюу, ар кандай ооруулардан бошонууга чоң жардам берет.
Бүгүнкү күндө канчага чыксаң, оорууну да ошончо жыл бапестеп бактың, эми аны менен коштошуу да акырындык менен болуусу керек. Коркуунун ордуна, ойдун оң жагын алуу керек. Бул сөздөр ойду оңдоого жардам берүүчү сөздөр. Ошон үчүн китептеги сөздөрдөн пайдаланууга болот. Эми, ден соолугу чың денени, мүчөнү элестет. Өзүңдүн сезимиң менен бекемде. Менин ден соолугум чың! – деп, өзүңдү өзүң күндө, ден соолугуң чың болгондой сез.
Күнүгө аз аздан жасап олтуруп, денени бош кармоого, ар кандай ооруулардан бошонууга үйрөнөбүз. “Көңүлдүн борбору “-ден соолукта болсун! Өзүңдүн ден соолукта баскан – турганыңды сез!”. Бул деген нерсе “өзүң менен өзүң иштеп, өзүңдү өзүң сүйүүгө үйрөнүү” болуп эсептелет. Сүйүүнүн нуру-жашоонун нуру. Жашоону сүй, ырахаттанып, ар бир көз ирмемде кубанып жаша!
Ойдун оңолушу – бул ден соолуктун оңолушу! Жашоонун өсүп өнүү нугуна бурулушу. Жаңы жашоону «куруу» болуп эсептелет.
Эми, жаман ойду жакшы ойго алмаштырып ойлоп көрчү, денеңде кандай өзгөрүү болот? Сезимиңде сез! Өзгөрткөндө энергиянын агымы жогорулайт, сезим жакшыра баштайт. Азыр ошол айырманы сезиш үчүн көнүгүү жасайбыз. Ар бирин айтып, дене менен сезип көргүлө. Кайсынысы жакты ошол ойду, сезимди көбөйтүп, эстеп калуу менен ден соолукту чыңдоого болот. Бул аң сезимди чектеген жакын ададмдардан, кошуналардан,элдин, мамлекеттин чектөөсүнө ишенеген ишенимдердин тоскоолдугу. Адам баласы ошол чектөөдөн чыга албай кыйналат. Бир убакта өзүң ошол нерсеге ишенип алгансың эми кайра өзүң ал ишенимден түшүнүү менен чыга аласың. Ишеним менен түшүнүү сенин жолуңду тосуучу дагы ачуучу дагы.Туура түшүнсөң өзүңө өзүң өтө чоң жардам бересиң.
Жаман ойлордун программасы – өчтү
Жакшы ойлордун программасы ишке кирди
1
Акчам жок, акчалуу болуш мага буйрубаган! Элде акча, мамлекетте акча жок. Мамлекет кедей – программасы өчтү
Менде дайыма акча бар! Элде дайыма акча бар! Менин мамлекетим өтө бай! – программасы ишке кирди
2
Ар жерим ооруйт – программасы өчтү
Мен ден соолукта төрөлгөм, себеби өзүмдү деним сак сеземин! Себеби денемдин өзүн өзү калыптандырып кетээрине ишенемин! Аалам менен Жердин ортосундагы байланышым калыптанды!– программасы ишке кирди
3
Карызым көп – программасы өчтү
Керектүү убакта, керектүү өлчөмдө мага да ага да ыңгайлуу шартта оңой төлөп жатамын! Мен кантип өз убагында алганды жана бергенди билемин! -программалары ишке кирди
4
Чындык жок – программасы өчтү
Мен өзүмө өзүм чынчылмын. Чындык бар! Мен өэүмө өзүм чынчыл болууга уруксаат бердим! – программасы ишке кирди
5
Теңчилик, акыкатчылык жок– программасы өчтү
Теңчилик, акыйкатчылык бар. Менин дүйнөмдө теңчилик, акыйкатчылык орноду, тең салмактуулук өзүнүн калыбына келди! Аял-эркек тең укута!-программасы ишке кирди
6
Мага жакшы жашоо буйрубаган– программасы өчтү
Мен жакшы жашоого өзүмө өзүм уруксаат бердим. Жакшы жашоонун ээсимин. Жашоомо ыраазымын! – программасы ишке кирди
7
Кудайдан корком – программасы өчтү
Кудай эч кимди жазалабайт, адамдын «намысы» өзүн өзү жазалайт.Себеби, коркунучу күчтүү. Менин коркунучум өз нормасына келди! Кудай мени сүйөт жана колдойт, себеби кудай менин денем аркылуу өзүн сездирет, себеби, ал энергия, нур, жылуулук– программасы ишке кирди
8
Өлгөндөн корком – программасы өчтү
Мен жашоону тандадым, өлүмдүн бар экендигин түшүнөм жана кабыл алдым. Менин жашагым келет. Мен азыр жашоону тандадым! Ыраазы болуп жашап жатамын! – программасы ишке кирди
9
Уурдап кетпесин -өчтү
Туулгандан жараткандын коргоосундамын. Менин дүйнөмдө уурулук жок, адамдар жетишкен жашоодо жашайт, себеби мен аларга ишенемин! -ишке кирди
10
Алым, күчүм жок -өчтү
Мен күчтүүмүн. Кудайдын күчү ичимде – ишке кирди
11
Жашоо кызыксыз – өчтү
Ар бир көз ирмемде жашоодон ырахат алып жашап жатам. Бул жашоого укмуштарды жаратуу үчүн келгенмин -ишке кирди
12
Аялдар алдайт -өчтү
Аял заты жаратуучу, дүйнөгө сүйүү нурун таркатуучу. Мен аялдарга ишенем, себеби, ал менин ден соолугум – ишке кирди
13
Эркектер алсыз, сөзүндө турбайт – өчтү
Эркектер эң күчтүү коргоочу, жашоого кам көрүүчү. Айтканын өз убагында аткарат. Эркекке ишенүү, өзүмө өзүм ишенүүм -ишке кирди
14
Сүйүү жок – өчтү
Сүйүү– бул көзгө көрүнбөгөн нур, ал нур ар бир адамдын өзүндө, ички дүйнөсүндө, денесинде. Сүйүү дайыма мени менен бирге! Сүйүктүүмүн,сүйкүмдүүмүн! Тирүүлүктүн өзү сүйүү! Жүрөгүмдөн, көкүрөгүмдөн сүйүү, жарык нуру дайыма чачырап турат! – ишке кирди
15
Үй-бүлөм жок -өчтү
Ар бир адам денеси эң чоң үй, үй – бүлө, төрөлгөндөн түгөйлүү болуп жаралган. Мен өзүмө үй– бүлөлүү болууга уруксаат бердим! Сүйгөн жарымдын мага жолугуусуна уруксаат бердим -ишке кирди