–
А Биз ден соолуктун толкунундабыз! Биз өз жайындабыз!
Ыраазычылык билдирем!
Мени жарык дүйнөгө жараткан атам Камчыбекке, апам Тажигүлгө, өзүнүн ар кандай мүнөзү менен жашоону түшүнүүгө тажрыйба берген эжем Жумаянга, бир туугандарыма, жолдошума, уулума, келиниме, небереме, кайын журтума, тууган уругума ыраазычылык билдирем! Ошондой эле, ар кандай шартта бирге окуган, иштеген, турмуш жолумда жолугуп оң жана терс тажрыйба алууга катышкан баардык адамдарга, андагы болуп өткөн ар кандай окуяларга, окурмандарыма, жаратылышка, Ааламга, ата – баба рухтарыма, жер – суу, от ээлерине, Планеталарга, Айга, Жерге, колдоп, коргоп жүргөн Улуу күчтөргө терең ыраазычылык билдирем!
“Өтүп кеткен турмуштук тажрыйбама”, секунда сайын жашап жаткан “учур чагыма”, алдыдагы “келечекте” боло турган жашоомо терең ыраазымын! Учур чакта кантип жашоо үчүн тажрыйба алып жаткандыгыма ыраазымын!
Мен – Аалам бөлүкчөсүмүн, бүткүл Аалам менин денем менен байланышкан. Биз Биргебиз! Биримдиктебиз!Бир бүтүндүкбүз! Кечиргиле! Кечиримдүүмүн! Ырахмат! Баардыгына – Ыраазымын! Биз ынтымактабыз! Дүйнө тынччылыкта! Аалам тең салмактуулукта! Мен тынч!Сен тынч! Ал тынч! Биз тынч! Дүйнө тынч! Аалам тынч! Кудай тынч!
–
[А] Дүйнө ден соолуктун толкунунда! Дүйнө өз жайында!
Түшүнүк берүү
Урматтуу окурман, мен бул китепти жазаардан мурун өзүм менен өзүм иштеп, өзүмдүн жекече тажрыйбамды жүргүзүп келдим. Адамдар менен сүйлөшкөндө, ойлогон оюна көңүл бөлүп, сүйлөгөн сөздөрүнүн айткан адамдын өзүнө кандайча кайтып келип жатканын байкап, өз тагдырын өзү кандайча түзүп, жашап жатканын көрүп, сезип келе жатам. Ошондой эле көрүнүштөр өзүмдө да болуп жатат.
Өзүмдүн ойлогон оюм, сүйлөгөн сөздөрүм менин денемди кандайча жабыркатып, өзүмө өзүм оорууну кандайча жасап алгандыгым мен үчүн күндөн күнгө ачык, даана, так көрүнө баштады.
Өзүмө өзүм суроо бере баштадым:
Айлана чөйрөмдөгү адамдар кимдер? Кандай чөйрөдө жашап жатам?
Кимдер менен мамиле түзөм? Кандай көз караштагы адамдар менен сүйлөшөм?
Эмне иш жасайм? Кандай шартта, кимдер менен жашайм? Денем үчүн кам көрөмүнбү? Эмнени кааларымды ачык, так, даана билеминби?
Кандайча иш аракет жасап жатам? Өзүмдөн өзүм «отчет» сурап, ала аламынбы?
Тагдырымдын өзгөрүшү үчүн кандай аракет жасап жатам? Жашоонун жеңил жана оңой жолун билеминби? Эмоциямды башкара аламынбы? Азыркы психологиялык акыбалым кандай? Жан дүйнөмдүн тазалыгы кандай? Өзумдү өзүм алдаймынбы? Сезимим менен кантип иштегенди билеминби?
Мына ушул суроолордун жардамы менен мен өзүмдөгү кемчиликтерди, жетишпестиктерди жана артыкчылыктарымды күндөн күнгө ачык, так, даана көрө баштадым.
Албеттте, кебетем да ошол шартка ылайык өзгөрүп жатканын өзүмө өзүм байкоо жүргүзүү менен көрүп келе жатам. Аны “аң сезимим менен түшүнгөндөн кийин кана денемдин өзгөргөнүн” сезе баштадым.
Бара – бара ойлогон ойлорум тазаланып, керектүү сөздөрдү сүйлөп, келген ойлорумду талдоочу болдум. Сезимим жакшыра баштады.
“Жан дүйнөмдүн тазалыгы – ден соолугумдун тазалыгы” экендигин түшүндүм.
Канчалык “жан дүйнөм” тазаланган сайын, ошого жараша мамилелеш адамдарымдын да өзгөргөнүн байкадым. Жашоодо чөйрөмдөгү адамдардын кандайча “ойлорду ойлоп, сөздөрдү сүйлөп” жатканына маани берип, ал адамдын ден соолугунун кандай акыбалда экендиги мен үчүн көрүнүктүү болуп калды. Көкүрөгүм ачылып, ички дүйнөмдүн өзгөргөнүн сезе баштадым.
“Жан дүйнөнүн калыптанышы – бул адамдын ички дүйнөсүнүн калыптанышы”. Ал эми “Ички” дүйнөнүн “Сырткы” дүйнө менен барабар болушу – бул ар бир адамдын ден соолукта болуп, тынччылыкта, бай, бакубат, бактылуу жашоосуна шарт түзөт.
Бүгүнкү күндө бул сөздөрдү кээ бирине ачык айтсам, кээ бири түшүнбөстөн тескери кабыл алат. Себеби динге болгон көз карашы күчтүү болгондуктан “башка динге чакырып жатабы?” деген коркунучу менен күмөнсүрөөсү күчтүү болуп, шектүү көз караш менен карашат. Андай адамдар менен мамилени бузбоо үчүн унчукпай, байкоочу болдум.
Ошентип күндөн күнгө денемдеги оорууларым азайып, ден соолугум чыңдала баштады. Денеме болгон ишенимим күчөдү, сезимим жакшыра баштады. Тамак-ашты пайдалануу күндөн күнгө сапаттуу болуп өз нугуна түшүп баратат. Организимге кандай керектүү витаминдер пайда берээри жөнүндө көп түшүнүк, билим алып, аларды күнүмдүк турмушта пайдаланууга өттүм.
Мүмкүн болушунча куурулган тамак ашты азайтып, кайнатма, бууга бышкан тамак ашты көп пайдаланчу болдум. Албетте мөм-жемиштерди көп пайдалануу зарылдыгы, шириндиктерди аз пайдаланып, ачуу тамактардын пайдалуулугу түшүнүктүү болду. Ошондой эле өттү кургатып албаш үчүн тамакка өсүмдүк майын пайдалануу керектигин түшүндүм.
Бир күндө 2-3 литрге чейин организм сууну талап кылаарын билсем дагы, турмушта пайдаланчу эмесмин. Бирок аны сөзсүз ичиш керек деп организимди кыйноонун кереги жок. Организм талап кылганда кана ичүү керектигин түшүндүм. Суу ичкиң келбесе дарбыз менен жүзүм дагы суусундукту канааттандыраары көпчүлүккө белгилүү. Дене 80-90% суудан турат деген маалыматтар бар, Чындыгында суунун өлчөмү денеде өз нормасында болбосо, тери сөөккө жармашып тез картаймакбыз.
Жыйынтыгында сууну аз-аздан уурттап ичүү зарылдыгы мага түшүнүктүү болду. Айрыкча таштан ташка урулуп бышылган суулардын пайдасы бар экендигине көзүм жетти. Себеби, суу аркылуу денеге эң керектүү кремний элементин алабыз. Ал ден соолуктун бирден бир сактоочусу. Ал эми сууда кремнийдин составы болуш үчүн майда тоонун талкаланган таштарын иче турган суу куюлган идишке салып мезгил– мезгили менен тазалап жууп пайдаланса болоору да мага белгилүү болду.Бүгүнкү күндө, майда таштарды талкалап, ыңгайлуу пакеттерге салып, ден соолукка пайдалуу экендигин түшүндүрүп, бизнес кылып сатып акча тапкан ишканалар да бар.
Сууну өтө муздак ичпестен дененин нормалдуу 36,4 градус температурасында ичүү зарыл. Муздак же өтө ыссыкты ашказан нормалдуу температурага алып келип андан кийин аш кылат. Ал үчүн энергия керек. Эгерде, тамакты аш кылууга ашказандын өзүнүн күчү жетпесе анда энергияны көк боордон алышы мүмкүн. Ошон үчүн дененин башка жагын жабыркатпайын десең ашказанга өтө ыссык же өтө муздак нерсени салбаганды үйрөнүү керек. Ар кандай рак орууларынан алдын ала өзүңдү сактайсың. Көк боор тарап жылуулукту сүйсө, боор муздакты талап кылат. Бекеринен индиялыктар көйнөгүнүн оң тарабын ачык кармап, сол тарабын материал менен жабып алышбайт. Себеби, аларда илгертен денени кантип сактоо жөнүндөгү инстинкти сакталган. Ал эми, температураны түшүрүү үчүн боорго муздак нерсени коюшкан.
Албетте, ар кандай салаттар, мөмө – жемиштер ден соолукка эн чоң пайда келтирээри түшүнүктүү, бирок майонезди өтө аз пайдалануу керек. Ал эми, тамак ашка жаныбар майына караганда, өсүмдүк майын көбүрөөк пайдалуу. Эртең менен “жаныбар майын” тамак аш үчүн пайдалануу, түштөн кийин “өсүмдүк майы” ден соолукка пайда алып келээри далилденген. Себеби, дененин оң тарабы жаныбар күчүнө ээ болсо сол тарабы өсүмдүктөр күчүнө ээ.
Эртең менен адам денесине жаныбар майы сиңимдүү болуп, ал эми түштөн кийин , айрыкча кечки тамакка өсүмдүк майы көп пайда келтирип, ден соолукту чыңдаарына ишендим. Кечки тамакта жеңил тамактануу ден соолукка өтө пайда экендигин көпчүлүк эл түшүнсө да, турмушта аны пайдаланууга көп этибар бере беришпейт. Айран ичеги карындардын иштешин жакшыртып, сөөктү бекемдейт.
Эртең мененки тамактын курамы “углеводдор” менен коштолсо, ал эми кечки тамактардын курамы “белоктуу” тамактар менен коштолуп жасалса, “дене” өзүн жакшы сезээри белгилүү. Эми ал тартипти кээ бирибиз билсек да жасабайбыз, кээ бирибизде ал жөнүндө такыр түшүнүк жок. Учурунда мен да “түшүнүгү жок” адамдар катарында болуп, ден соолукта жүрө бере тургандай ойлогом. Ден соолук үчүн кам көрүү керектигин кийинчерээк түшүндүм. Албетте ооруп көрбөсөң, ден соолук керектигин кеч түшүнөсүң. Туура тамактануу боюнча профессор Неумывакиндин видеолорунан маалымат алсаңар болот.