Литмир - Электронная Библиотека

Мен бул дүйнөнү төрөлгөндөн тартып, өзүмө жат ынңгайсыз чөйрө катарында кабыл алдым. Анткени мага бейтааныш адаттар, көңүлкош мамиле, дүйнөдөгү сүйүүнүн аздыгы түйшүккө салат. Кала берсе жакыным деп эсептеген киши да, күндөрдүн биринде жырткычка айланышы мүмкүн. Ооба адамдар эки буттуу жырткычка айланышты. Алардын арасында саналуу гана абийирлүү  адамдар бар.

Менин жүрөгүм эңсеп күткөн абийирлүү адамды таап алып маектешким келет. Андай адамды кайдан табамын? Жер шарынын кай бир жерлеринде ушундай адамдар жашап жатышат. Аларды өз көзүм менен көрбөсөм да, жүрөгүм менен сезем.

Өмүр кыйырында, анын катаал жолдорунда бара жаткан мен жашоонун маңызын жоготтум. Көп жыл азап тарткан адамга окшоп калдым. Ошол азаптын айынан өңдөн аздым.

Мага кымбат деп эсептеген кишимди жоготтум. Ал менин атам. Ал мен кыйналганда кам көрчү. Ыйласам мени сооротчу. Мына эми батыштан суук шамал айдап келип ,менин чатырымды силкилдетти. Менин эмнем болсо ошонун баарынын   чаң  тозоңун сапырып асманга чачты. Талаада жалгыз сокойгон даракка   окшодум. Жашоом супс ак көнүлсүз нукка бурулду.

Тынч бурч издеп өзүм менен өзүм алектенип, делбеге окшодум. Айланамда жашоо уланып жатты. Күн батып, таң агарып, күн артынан күн өтүүдө. Кимдир бирөөлөр түйшүккө терең батып , акчанын артынан кууп кетти. Аны адамдар абдан кадырлап калышты. Бул менин акылыма түк сыйбайт. Мен үчүн бул жат нерсе.

Жок мен бул дүйнөдөн эмесмин дедим ичимден. Жок деп кыйкыргым келди. Бирок менин үнүмдү ким угат? Адамдар бирин бири өлтүрүп жатышат, тоноп жатышат. Муну айрым ыпылас ойго азгырылгандар кадыресе көрүнүш катарында кубатташат. Зөөкүрлөрдүн изи менен бара жаткандардын саны арбып баратат. Алар акча үчүн өз жакындарын сатышат. Амалкөй түлкү кейпин кийип алып, бирин бири азгырышат. Жок бул дүйнө мен үчүн эмес. Бул дүйнөдөгү ар бир адилетсиздик үчүн  жан дүйнөм эңшерилет. Калпычы жашоонун арабасы баарын жүктөп алып өлүмгө карай алып баратат. Анын ичинде карысы да, жашы да, бөбөктөр да бар. Алар жашоо кызыктуу, бул дүйнөнүн оош кыйышын жеңип өтөбүз дешет. Өздүрүн өздөрү  мына ушинтип алдашат. Амалкөйдүн анткор экенин алар унутуп калгандай.

Жаш чагым эсиме түштү. Мен жүгөрү талааны аралап жүгүрдүм. Ал анчейин бийик өсө  элек болгондуктан, мен жөөктөн  жөөкө өтүп чуркап жүрдүм. Эмнеликтен ошенткенимди азыр кылдат эстеп жатам.Мен ошондо бейпилдикти, сүйүүнү, чындыкты издедим. Атам дүйнөдөн өткөн соң, жашоом кескин өзгөрдү. Жалын жалп этип өчкөнсүп, караңгы дүйнөгө кирдим. Көлөкө болуп жоголуп бараттым.

Өз ичимден мен адаммын , менде сүйүү болушу керек дедим. Ал бийиктеп өсүп  бутак жайып кипарис  дарагындай болуп гүлдөшү керек. Мен бул жарыкта сүйүүсүз жашай алмак эмесмин. Бул дүйнө  канчалык боёгу менен мени мас кылбасын мен сүйүүсүз  мүрзөгө айланмакмын. Сүйүү тартуу эткен Жаратканга алкыш айтып турдум. Ага менин ыраазычылыгым чексиз эле….

Башкалар өңдөнүп иштеп көр оокаттын айынан алек болуп жүрсөм да, мени кызыктырган нерсе денелик муктаждыктарымдан жогору турду. Кызыктырган бир гана нерсе чексиз сүйүүнү таап аны башкаларга тартуу кылуу. Бул рак оорусун айыктырууга тете дабаа  эмеспи. Жарык дүйнөдө  азына да, көбүнө да топук кылып жашадым. Көп адамдар айыпсыз өлүмгө  дуушар болушат. Кээ бирөөлөр тегирмен ташындай оор күнөөсү болсо да аман жүрүшөт. Бул оомал төкмөл дүйнөнүн телегейи  кайда? О дүйнө эмнеге былк этпей турасың? Жакынына тузак жайгандарды телмирип карап турасың. Менимче сен мага караганда сабырлуусуң. Адилетсиздикти сүйүү аркылуу жеңгенге үндөп жатасың. Мыйзамсыз иш кылгандарды жазалаганга шашпай турасың. Алардын убактысын белгилеп мөөр басып койгонсуң. А менчи? Мен деле ошолордун биримин. Бир гана айырмам мени ар убак абийирим ашкерелеп турат. Мыйзамсыз иш жасаганга бөгөт коёсуң. Мына мага көрсөткөн сенин улуу сүйүүң. Ушунун өзү мага чоң дем берет.

Акыркы убакта менин жашагым келбей ,денемди муздак тер баса баштады. Адамзатынын шумдуктуу жашоосу көңүлүмдү кирдетип, өзүмдү  өзүм басынта баштадым. Негедир улам тереңдикке чөгө бердим. Көөдөнүм ыйга толуп кетти. Өзүмдү өзүм токтото албай ыйлап жаттым. Өпкөмдү  баса албай эчкирип ыйлачу болдум. Апам эшикти тыкылдатты.

– Боорум балам эмне мынча ыйлайсын? Сени мынчалык ким капа кылды? деди маңдайыма келип.

– Апа баары жакшы. Мен үчүн кам санаба. Апам мени төшөк менен кымтылап жаап чыгып кетти. Чындыкты айтайын дүйнөдө энелер аман болсун.  Алар ар дайым перзенти үчүн кам көрүшөт. Жаман болсо да, балдарын жакшы дешет. Өз балдары үчүн жанын бергенге да даяр байкуш энелер. Менин энем да ошондой энелерден.

Ошентип бул дүйнөнүн кубулма түсүнө көнө албай, өзүмдү  өгөй  уулдай сездим. Денемдин бүт жери жаракат алды. Соо жерим калган жок. Көзгө көрүнбөгөн жегичтер мени жеп жатышты. Түнкү үйкум качты. Кулагыма бир үн келип жаңырат.

– Сен кимсиң? Эмнеге уктабай жатасың? деген үндөр кулагыма шак дей түштү. Кулагымды бекем жаап алып аркы терки басып жүрдүм. Баары түнкү үйкуда сулк жатат. Жалгыз мен ушул коңулда белгисиздик менен алпурушуп жаткансыйм.

Кирпик какпай таңаттырдым. Таңга жуук ак көйнөүмдү  үтүктөп кийип, күзгүнүн жанына келдим. Арыктай түштүм көрүнөт, көйнөгүм бошоң тартып калыптыр. Жаагымды акырын сылап, күзгүдөн өзүмдү карап түнжурап кеттим. Ой күлүк эмеспи бүт ааламды канат жайып кыдырып чыктым. Күзгүнүн жанында көпкө кыймылсыз өзүмө өзүм тигилип карап турдум. Болор болбос бырыш көзүмдүн тегерегинде пайда болүптур. Бул сызыктар жашоодо көп азап тартканымдан кабар берип турду. Азаптуу дегеним кандай? Өлгөнгө  дейре ач калып көрө элекмин, түрмөгө отуруп көрө элекмин. Мени көзгө көрүнбөгөн душмандар кыйнап жатты. Бетиме түкүрүп, жаагыма чабышты. Кара чачымды бирден агартышты. Муну менин жакындарым түшүнгөн жок. Алар мени жинди болду деп ойлошту. Мени түшүнгөн бир да жан жок.

Мен бир нече жыл мурун  болгон окуяларды эсиме келтирдим. Ал мындайча болгон эле. Колунда шам чырагы бар ак сакалдуу киши түнкү саат үчтөр чамасында эшикти тыкылдатты.

– Билем мени келет деп күткөн жоксуң. Сага маанилүү иш менен келдим. Сен бул тапшырмага тандалган адамсың. Мен эшикти ачкан бойдон айран болуп карап турдум.

– Эмне силерде үйгө кир деп айтпайбы? Конокту босогодо кармап тура береби? деди.

– Кир. Мен эшикти ичинен жаптым. Ал мен жаткан жерге келип турду. Ал акырын мурутун сылады. Анын өңү адамдыкындай болгону менен сүйлөгөнү башкача эле. Анын көз карашы адамдыкындай эмес. Андан чыккан сөз жүрөгүмдү өрттөп жаткансыды. Мен абдан толкундандым. Ал мен жаткан жерди карап: – ушул жерде жатасыңбы? Эртең сага үч жылдыз келет. Маанилүү кабар алып келишет.

– Кандай кабар? мен чоочуп кеттим.

– Кадимки адамдар күткөн кабар. Ал көзүн жуумп кайра ачты да, мага карап жылмайды.

– Каралдым сен жаңыдан там туң баса баштаганда сага көз салгам. Он беш жыл өттү. Азыр сен чоңоюп калдың. Сага үчүнчү ирет келишим. Колумда кылыч бар мунун күчү   чындык  деди ал.

– Сен кимсиң?

– Убакыт келет баарын билип аласың. Биздин падышачылыгыбыз бул жерде эмес. Ал терезенин алдына келди.

– Эшик  бул жакта дедим.

– Мен үчүн эшик да, терезе да болбойт. Жараткан кайда  жиберсе, мен ошол жердемин деди да көздөн кайым болду.

Сакалдуу кишини үч ай көргөн жокмун. Уктасам да, ойгонсом да ошол жөнүндө ойлондум. Коркуу сезими жоголуп, сыйкырланган кишидей жаным ага кезигүүнү эңсей берди. Күндөрдн биринде мен жаткан бөлмөнүн терезесине шамал сокту. Барып карасам ошол киши туруптур.

– Мен келдим деди.

– Кир. Ал мен жаткан бөлмөгө кирди. Керебетке келип отурду. Негедир ал мага жакын кишидей сезилип кетти. Андан жакын киши жок өңдөндү. Менин ысымым Эбер.

–Айтсаң эмнеге мени аңдып жүрөсүң? Менден сага эмне керек?

– Сенин башкалардан өзгөчө касиетиң бар. Чаңкооң жер алдынан атырылып чыккан булактай.

– Азыр сен мага эмнени айтканы келдиң?

– Айта турган сөздөрүм абдан көп. Сен анын баарын сиңире албайсың. Анын баарын акырындык менен угасың.

– Арткы бөлмөдө эжем олтурат. Биздин сүйлөшкөнүбүздү угуп калышы ыктымал.

1
{"b":"666690","o":1}