– Айтмакчы эртең эжең сумкасына сак болсун.
– Качан?
– Эртең дедми го. Аңгыча ичкери жактан эжемдин үнү угулду.
– Эй Тоби ким менен сүйлөшүп жатасың? Анын бөлмөсүн ачып: – кабатыр болбо өзүммүн дедим.
– Көпкө сүйлөшүп жатканыңдан сыягы бирөө келген го дедим. Мен эшикти жаап Эберге карадым.
– Эми кетишиң керек. Ал адатынча көздөн кайым болду.
Эбер эртеси кечинде келди. Биз үйдө маектешип отурганда эжем менин бөлмөмө баш бакты.
– Тоби ким менен сүйлөшүп жатасың?
– Эч ким менен көрүп турасың го өзүм олтурам.
– Өзүңө окшобой турасың ким менен эмнени сүйлөштүң?
– Сени мага ким сот кылып койду? дедим бурк этип. Ортодо Эбер сөзгө аралашып калды.
– Эжеңе айт акчасын эртең уурдатат.
– Сен андан көрө эртең сумкаңа сак бол.
– Ии эмне болду?
– Сак бол деп алдын ала эскертип коймокчумун.
– Кайдан билесиң? Эжем бөлмөгө кирип алып, такып сурай баштады.
– Мээни айлантпай сабакты оку да, мектепке кечикпей бар. Анын үстүнө быйыл бүтөсүң. Эжем ашканага чыгып кетти. Айттым го адамдар оңой менен сөзгө ишенбейт. Аларга калп сүйлөсөң ишенишет. А сен алардын тагдырын алдын ала айтуучу болбо. Жалпы адамзаттын тагдырынын өзгөрөөрү жөнүндө билгизем ошону гана аларга айтасың. Эртең эмне болорун жалгыз Теңир билет.
– Сенчи? Эжеме азыр эмне болорун айттың го.
– Мен сенин арыгыңды чаптым. Анткени менин Кудайдан келгенимди ал билиши үчүн айттым. Мен сага келечекте жаңы заман жөнүндө билдирүү үчүн келгем.
– Теңирдин кабарын жеткирүү үчүн келдиңби?
– Ооба.
– Айтсаң эмнеге келечектеги жаңы заманды мага айтып жатасың? Бул тууралуу ыйык китепте жазылган эмеспи.
– Ооба баары алдын ала жазылган. Көпчүлүгү болуп өттү. Айрым пайгамбарчылыктар эми аткарылат. Жер шарындагы бардык адамдар ага ишеним артпайт. Бул кабар бүткүл адамзатына арналат. Аны угууну каалагандар угушат. Көрүүүнү каалагандар көрүшөт.
– Эбер эмнеге мени тандадың?
– Теңир бардык жандын чаңкоосун, тилегин билет. А сенин жүрөгүңдө издөө, чаңкоо күчтүү. Ар бир адамдын чаңкоосу ушундай болсо кана. Асмандагы жашоо үчүн сендейлер саналуу. Жашап жаткан чөйрөң сени кабыл албайт. Бул дүйнө сага орой мамиле жасайт. Ал үчүн сен өгөй баласың.
– Мен көп азап чегемби?
– Азаптуу күндөрдү башыңан кечиресиң. Бирок акырында баарын жеңесиң. Жарык сени таштабайт. Ал сенин шамшарың көтөрүп алдыга жетелейт. Ал ушул сөздөрдү сүйлөп үбүткөн соң, үйдөн кетти. Ал мага олуттуу маселенин учугун баштагандай сезилди. Бир убакта эжем ашкана тараптан кыйкырып калды: – мендей жесирдин акчасын уурдаган адам жарыбайт. Өмүр бою андан жакырчылык кетпесин. Эжем Наарынын күйөөсү оорудан каза тапкан. Ал жети жашар уулу менен ата энемдин үйүндө жашайт. Карындашым Алия биологияны жакшы көрөт. Ал өзүнүн сабагы менен убара. Атам геолог болуп иштеген. Азыр ал арабызда жок . Эжем Наары ашканада ары бери басып жүрдү. Оюма Эбердин сөзү шак дей түштү.
– Эмне эле күңкүлдөйсүң?
– Эки күн мурун акчаң жоголот деген элең. Балким сен пландаштырган болсоңчу?
– Акчаңды мени алды дегени турасың го? Мен ашканадан чыгып кеттим. Бөлмөмө кирип эшикти ичинен илип алдым. Наары эшикти тыкылдатты.
– Тоби кечир мени. Акчаң жоголот деп өзүң айтпадың беле? Аны сен кайдан билдиң? Же көзүң ачылдыбы? Эжем эшиктин сыртында кетпей сөйлөй бергендиктен, аны бөлмөгө киргиздим.
Мен акырында эжемден эч нерсе жашыра албай калдым. Ал мага эмне болуп жаткандыгын, өзгөчө жакында өзгөрүлүп калганымды байкагандыктан ал мени аңдый баштаган болчу. Ал мага көп суроо берчү болду.
– Тоби мен сенин жалгыз эжеңмин. Менден эч нерсе жашырба.
Мен Наарыга Эбер жөнүндө айтып бердим. Ал мага ишенбегендей түр менен карады.
– Эмнеге мени минтип карайсың?
– Мен сени өзү менен өзү сүйлөшүп жаткан го деп ойлодум. Көрсө ошол беле? Чын элеби? ал дагы кайра мага карады.
– Ишенгиң келбесе өзүң бил.
– Сенин жамандыкка дуушар болушуңду эжең каалабайт. Ал келип мени жеңил кучактады. Түн бою уктай албай кыйнала бердим. Бир убакта апам бөлмөгө баш бакты: – уулум дагеле уктабай жатасыңбы?
– Менден кам санаба. Зергер буюмдарды карап жаткам дедим. Апама «Караван» аттуу журналды көрсөттүм.
– Тоби уулум эс, ал эртең мектепке барышын керек деди апам эшикти жаап жатып. А мен апамды аяйм. Тогуз жашымда денемдин ысыгы кайтпай, ооруканага жеткиргенде алигиче көз жаш төккөнү эсимден кетпейт. Ооруканадан чыгарыбызда дарыгердин апама шыбырай сүйлөгөнү эсимде.
– Уулуңузду психологко көрсөтүп көрбөйсүзбү? Апам селт эте түштү.
– Ойлоп көрүшүбүз керек деди да апам мени жетелеп чыгып кетти. Апамдан кийин сурасам ал мага жооп бергиси келбеди. Ал жөн ган “уулум дени сак адамдар деле психологко кайрылышат”деп койду.
Түн бир оокүм болду. Сыртта дагеле жамгыр дыбырап жаап жатты. Чагылган чарт этип, бөлмөнү жарык кылып кайра өчтү. Заматта Эбер бөлмөдө пайда болуп калды.
– Салам. Эмнеге уктабай жатасың?
– Уйкум келген жок.
– Тоби сени башка дүйнөгө алып кетем деди.
– Эгер ал дүйнөдө ооруу, өлүм, кыйынчылык болбосо кетемин деп жибердим.
– Тоби мен сага жаңы дүйнөнү көрсөтөм. Анткени бүткүл адамзатты мына ушундай жашоо күтүп турат. Ал дүйнөдө эң картаң киши отуз жаштагыдай көрүнөт. Ал жерде өлүм, ооруу жок. Бирок бир миң жылдык жашоо сабагы бүткөн соң, чыныгы Жараткан тарабынан адамдарды чоң сыноо күтүп турат. Адамдар эмгектенсе да, ырахаттуу жашоо үчүн эмгектенишет. Уктаса да тынч укташат. Алтын идиштерден суу ичишет. Жер өз күчү менен даамдуу мөмөлөрдүн дарактарын өстүрөт. Ал жерде түйшүк болбойт. Жырткычтар жашабаган кооз дүйнөнү көрөсүңөр. Адамдар бирин бири чындап сүйгөн заман келе жатат. Адамдардын даражасы биринен бири жогору болбойт.
– Өзүм менен кошо апамды да алып кетким келет.
– Түшүнөм апаңды жакшы көрөсүң. Ал жер бетинде узак өмүр сүрөт. Келечекте орной турган заманды болорун бул өрөөндө сага гана көргөзөм. Анткени сен асмандагы жашоого тандалгансың. Ал эми сенин боорукер апакең жаңы дүйнөнү көрөт. Сегиз жылдан кийин сага келем.
– Сени такыр түшүнгөн жокмун дедим.
– Убагы менен баарын түшүнүп каласың деди да ал буу сыяктуу абага сиңип кетти. Көргөнүмдүн баарын апама айтып бердим.
– Жалган айтасың! апам кыйкырып жиберди. Анан басыңкы үн менен сени ооруканга алып барам деди. Эжем уулу менен сейилдеп келүү үчүн бакка чыккан болчу.
Көптүн бири катарында мектепти аяктадым. Жакындарым мени рухий оорулуу деп эсептегендиктен ооруканалардын эшигин көп жолу кактык. Мен аларга өзүмду кадимки акылы тетик алардан айырмам жок экендигин такыр далилдей албадым. Бир гана жакындарым үчүн мен
акылсыз, жин даарыган адам бойдон калдым. Башка адамдар үчүн мен өзгөчө элем. Алар менен мен абдан кенен сүйлөшүп,көп нерсени тартынбай талкуулай алчумун. Байыркы философ Сократтын сөзү эсиме түшүп кетти «адам өз үйүндө баркталбайт» деген эле.
Мен өз далаалатым менен жогорку медициналык окуу жайын ийгиликтүү аяктадым. Рухий оорулуу болосуң деген дарыгерлерге кошулуп, психолог дарыгер болуп эмгектене баштадым. Эжем уулун алып Дубайга эмгек тажрыйбасын арттыруу үчүн кетти. Карындашым Амалия мектепте окуп жатты. Эжем тамак аш өндүрүү тармагы боюнча технолог болуп ири компанияда эмгектенип жүрдү. Атамдын орду мага абдан билинди. Мен аны унуталбай койдум. Көкүрөгүмдө ага болгон кусалыгым өчпөй тура берди.
Эбер өзү убада кылган убакта келди. Сегиз жыл көз ачып жумгуча өтүп кетиптир.
– Сени жаңы дүйнө сапарына алып жөнөө үчүн келдим деди.
– Ооба билем.
– Сен жакындарыңды сүйөсүң. Бирок Кудайды көбүрөөк сүй. Анткени сен мындан ары Аны менен болосуң.
– Эмне өлөмүнбү?
– Жок кайрадан төрөлөсүң!
– Анда апам менен коштошуп алайын.
– Сен кайра келесиң. Жерде аткарчу жумуштарың бар деди.
– Демек апам менден кабатыр албайт экен да?
– Тоби сен дагеле мени түшүнгөн жоксуң. Бирок эки күн өткөн соң, жүрөгүң тынчтанат деди.
– Эки күн үйдө апаң менен бол. Ал адаттагыдай көздөн кайым болду.